00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
18:51
8 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Экономикалык панорама
Нарын экономикасын тоо-кен эмес, айыл чарбасы сүйрөй алабы: эт корпорациясы эмне үчүн керек?
19:07
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как правильно использовать брачный договор — советы юриста
20:06
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда ымыркайлардын чарчап калуусунун себептери жана перинаталдык жардамдын сапаты
21:05
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-сентябрда, акыйкатчы Жамиля Жаманбаеваны кабыл алып, адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо багытындагы маселелерди талкуулады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Жолугушууда Акыйкатчы институтунун соңку жылдардагы ишмердигинин жыйынтыктары жана мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди. Президент адам укуктарын сактоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, кыйноо фактылары же жарандардын укуктары тебеленген учурларга өзгөчө көңүл бурду. “Кыйноолорду колдонуу же укук бузуулар боюнча кайрылуулар келип түшкөн учурда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери ар тараптуу иликтөө жүргүзүшү керек. Мыйзам тарабынан кепилденген жарандардын укуктарын коргоодо укук коргоо органдарынын басымынан же мыйзамсыз аракеттеринен коркпостон, алардын кызыкчылыгын коргоо зарыл”, — деди Жапаров. Ал ошондой эле өлкөдө мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылууга жана жарандардын укуктарын бекем коргоого багытталган Акыйкатчы институтунун ишине мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрүн кошумчалады.
Кыргызстан менен Индиянын ортосунда соода-экономикалык жана өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Бүгүн министринин орун басары Медербек Туманов Кыргызстандын Ченнай шаарындагы ардактуу консулу Пракаш Рао менен жолугушту. Тараптар соода, инвестиция, өнөр жай, билим берүү жана фармацевтика тармактарындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Жолугушууда өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө, өндүрүштүк потенциалды кеңейтүүгө жана Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого өзгөчө көңүл бурулду.
*Кыргызстанда электр энергетика тармагын модернизациялоо долбоорунун алкагында 90 комплект өлчөөчү трансформаторлорду жеткирүү аяктады. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоордун алкагында алынган жабдуулар электр энергиясын так эсепке алууга жана бөлүштүрүүчү тармактардагы релейлик коргоо жана автоматика системаларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Жаңы трансформаторлорду өлкөнүн бардык аймактарындагы "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААКтын филиалдарына орнотуу иштерин 2026-жылдын октябрь айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда. Жабдууларды жеткирүү боюнча келишимдин жалпы суммасы 41 млн 640 миң сомду түздү.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги объекттерин электр энергиясы менен ишенимдүү камсыз кылууга энергетика тармагынан 600дөн ашуун адис тартылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Энергетиктер иш-чаралар өтүп жаткан күндөрү күнү-түнү нөөмөттө туруп, электр тармактарынын жана жабдуулардын абалын көзөмөлдөп, мүмкүн болуучу авариялык кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө даяр болушту. "Электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн негизги объекттердин энергетикалык инфраструктурасы алдын ала даярдалып, резервдик электр булактарынын даярдыгы камсыздалды", - деп айтылат маалыматта.Белгиленгендей, аткарылган иштердин натыйжасында Көчмөндөр оюндарынын спорттук жана маданий иш-чаралары өткөн негизги аянтчалар үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздалды.
Жаңылыктар түрмөгү
0