https://sputnik.kg/20260907/1103510036.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун "Ынтымак ордо"... 07.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-07T13:00+0600
2026-09-07T13:00+0600
2026-09-07T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/07/1103509870_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_316d056759f2b01a365c10811ea3c663.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун "Ынтымак ордо" билдирди.Маалымдалгандай, анын ордуна Алмаз Имангазиев министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.Имангазиевдин талапкерлиги министрлик кызматка дайындоо үчүн Жогорку Кеңештин макулдугуна киргизилет.46 жаштагы Сагынбаев аталган кызматка туура бир жыл мурун дайындалган. Ал эми Имангазиев буга чейин Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментин жетектеп, 2022-жылдын ноябрынан тарта тышкы иштер министринин орун басары кызматын аркалап келген.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда жеринде 1 577 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, медициналык камсыздоого 340тан ашуун медицина кызматкери тартылган. Мындан тышкары, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн алкагында негизги беш жайдан сырткары спортчулар жана оюндардын катышуучулары жайгашкан 20дан ашык объект текшерүүгө алынды. Аталган объектилерде 3 684 лабораториялык изилдөө жүргүзүлдү. "VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын коопсуз жана ийгиликтүү өтүшүнө салым кошкон медицина кызматкерлеринин эмгеги анын тарыхынын бир бөлүгү болуп калды", - деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда жумуртка өндүрүшү биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы менен 28,6 пайызга жогорулаганын Евразиялык экономикалык комиссия билдирди. Маалыматта бул ЕАЭБдеги мыкты көрсөткүч экени айтылат.Экинчи орунда 7,9 пайыздык өсүш менен Казакстан келе жатат. Россияда өндүрүш 1,4 пайызга, Беларуста 0,1 пайызга жогорулаган.Жалпысынан ЕАЭБде жумуртка өндүрүшү 2,1 пайызга көбөйдү. Өсүш биримдиктин Армениядан башка мүчөлөрүнүн баарында катталган.
олпон-Ата шаарындагы жаңыланган "Чолпон" кинотеатры ачылды. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан билдиришти. Маалыматка ылайык, имаратты реконструкциялоого 1,5 млн доллар бөлүнүп, 5 заманбап кинозал түзүлүп, орундардын саны 310го жеткирилди. Ошондой эле 4K жабдуулары жана жаңы жылытуу системасы орнотулду. Эске салсак, бул фонддун каржылык колдоосу менен аймактарда жаңыланган төртүнчү кинотеатр. Буга чейин Баткен, Токмок жана Кербен шаарларындагы объекттер ишке берилген.
АКШ президентинин чабармандары Стив Уиткофф менен Жаред Кушнер Владимир Зеленский менен жүргөн сүйлөшүүгө Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча документтерди жаңылап алып келишти. Бул тууралуу жолугушуудан кабардар тараптарга таянуу менен Financial Times билдирди."Америкалыктар буга чейин жарыяланган документтердин жаңыланган версиясын алып келишти. Анда февралдагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн үзгүлтүккө учураганынан кийинки абал эске алынган. Трамптын өкүлдөрү Киевге Россия менен Украинанын диалогун жандантуу үчүн бир катар сунуштарды беришти", — деп айтылат маалыматта.Гезитте сүйлөшүүгө катышкан украиналыктар Трамптын өкүлдөрүнөн айырмаланып жаңжал кышка чейин бүтөрүнөн күмөн санап жатканы белгиленген.Владимир Зеленский менен болгон жолугушуудан кийин маалымат жыйын өткөргөн Уиткофф Москвадан абалды жөнгө салуу боюнча жаңы сунуштарды укканына, сүйлөшүүлөрдө олуттуу жылыш бар экенине токтолгон. Ал акыркы эки күн ичиндеги иш Москва менен Киевди жакындатууга өбөлгө болоруна ишеним артты. Ал эми АКШ делегациясынын экинчи өкүлү Жаред Кушнер Вашингтон тынчтык келишимин түзүү боюнча иштеп жатканын эске салган.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун "Ынтымак ордо" билдирди.Маалымдалгандай, анын ордуна Алмаз Имангазиев министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.Имангазиевдин талапкерлиги министрлик кызматка дайындоо үчүн Жогорку Кеңештин макулдугуна киргизилет.46 жаштагы Сагынбаев аталган кызматка туура бир жыл мурун дайындалган. Ал эми Имангазиев буга чейин Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментин жетектеп, 2022-жылдын ноябрынан тарта тышкы иштер министринин орун басары кызматын аркалап келген.VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда жеринде 1 577 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, медициналык камсыздоого 340тан ашуун медицина кызматкери тартылган. Мындан тышкары, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн алкагында негизги беш жайдан сырткары спортчулар жана оюндардын катышуучулары жайгашкан 20дан ашык объект текшерүүгө алынды. Аталган объектилерде 3 684 лабораториялык изилдөө жүргүзүлдү. "VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын коопсуз жана ийгиликтүү өтүшүнө салым кошкон медицина кызматкерлеринин эмгеги анын тарыхынын бир бөлүгү болуп калды", - деп айтылат маалыматта.Кыргызстанда жумуртка өндүрүшү биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы менен 28,6 пайызга жогорулаганын Евразиялык экономикалык комиссия билдирди. Маалыматта бул ЕАЭБдеги мыкты көрсөткүч экени айтылат.Экинчи орунда 7,9 пайыздык өсүш менен Казакстан келе жатат. Россияда өндүрүш 1,4 пайызга, Беларуста 0,1 пайызга жогорулаган.Жалпысынан ЕАЭБде жумуртка өндүрүшү 2,1 пайызга көбөйдү. Өсүш биримдиктин Армениядан башка мүчөлөрүнүн баарында катталган.олпон-Ата шаарындагы жаңыланган "Чолпон" кинотеатры ачылды. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан билдиришти. Маалыматка ылайык, имаратты реконструкциялоого 1,5 млн доллар бөлүнүп, 5 заманбап кинозал түзүлүп, орундардын саны 310го жеткирилди. Ошондой эле 4K жабдуулары жана жаңы жылытуу системасы орнотулду. Эске салсак, бул фонддун каржылык колдоосу менен аймактарда жаңыланган төртүнчү кинотеатр. Буга чейин Баткен, Токмок жана Кербен шаарларындагы объекттер ишке берилген.АКШ президентинин чабармандары Стив Уиткофф менен Жаред Кушнер Владимир Зеленский менен жүргөн сүйлөшүүгө Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча документтерди жаңылап алып келишти. Бул тууралуу жолугушуудан кабардар тараптарга таянуу менен Financial Times билдирди."Америкалыктар буга чейин жарыяланган документтердин жаңыланган версиясын алып келишти. Анда февралдагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн үзгүлтүккө учураганынан кийинки абал эске алынган. Трамптын өкүлдөрү Киевге Россия менен Украинанын диалогун жандантуу үчүн бир катар сунуштарды беришти", — деп айтылат маалыматта.Гезитте сүйлөшүүгө катышкан украиналыктар Трамптын өкүлдөрүнөн айырмаланып жаңжал кышка чейин бүтөрүнөн күмөн санап жатканы белгиленген.Владимир Зеленский менен болгон жолугушуудан кийин маалымат жыйын өткөргөн Уиткофф Москвадан абалды жөнгө салуу боюнча жаңы сунуштарды укканына, сүйлөшүүлөрдө олуттуу жылыш бар экенине токтолгон. Ал акыркы эки күн ичиндеги иш Москва менен Киевди жакындатууга өбөлгө болоруна ишеним артты. Ал эми АКШ делегациясынын экинчи өкүлү Жаред Кушнер Вашингтон тынчтык келишимин түзүү боюнча иштеп жатканын эске салган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/07/1103509870_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_70f8663b2eb961a3a316f6d9b24a1aeb.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио