Көкөтөйдүн ашында Кошойго кандагай издөө. Каныкейге бата. Улуу баяндан 5 факт

© Sputnik / Табылды КадырбековСахнадагы артист. Архив
Сахнадагы артист. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2023
Жазылуу
Баяндын бул үзүндүсүндө аялзаттын паашасы атыккан Каныкейдин Кошойго арнап тиккен кандагайынын тарыхы жана касиеттүү аксакалдан алган батасы баяндалат.
Кошойдун кандагай издеши. Кошой майданды ээлеп жаткан Жолой деген коржойгон кулга барганда өзү киер, бүт тарабы өзүнө ылайык, тигиши сөгүлүп кетпес кандагай шым сураштыра баштады. Анысы чоюлса токтоп айрылбас, бош турганда жайылбас, тартып көрсө чоюлган, коё берсе жыйылган бир башкача кийим болушу ылаазым эле. Ушундай шым керек деп Эр Кошой жанындагыларга карады. Манас өзү баш болуп Кошойго батар шым издеп кирди. Кокондон келген Санжыбектин сары жаргак шымын кийип көрдү эле согончок өтпөй калды. Айдаркандын Көкчөсүнүн зайыбы Акеркеч иштүү киши деп угуп жүргөн экен, "Көкчө күйөө келгин деп, шымыңды чечип бергин" деп Эр Кошой сурап калды эле, анысы кандагайын калдайтып, керип-чоюп далдайтып шымын бере салды эле, оң жаккы балтыры батпай калса болобу, сол жаккы бутун салса – согончок өтпөй калбайбы. Ачуусу келип Кошой абаңдын жаны чыгып шымды колуна алып, "муну кылган катынды, мууну кеткен каапырды, оң бетинен тилбейби, тирсегинен илбейби, оң чачынан кыркпайбы, ордого уруп жыкпайбы, кер байталга мингизип, кементайды кийгизип, атасынын колуна апарып берип салбайбы, алы келген азамат жаңыртып зайып албайбы" деп сүйлөнүп-сүйлөнүп алды. Аны менен токтобой чучуктай шым кийгенде жоо менен беттешип, жыгылып кетсең капталып каларын, ал муну кийгендей куу шыйрак эместигин айтат да, "шымың менен кургун деп, оолак кет, ары тургун деп" томолоктоп туруп, Көкчөнүн башына атты. Көпчүлүк күлүп, Көкчөнүн шагы сынды.
Манастын кандагай табышы. Ошол кезде Эр Манас абасына барып, бир шым чыкканын, аны Каныкей өз колу менен тиккенин айтып турат. Бул шымды казат үчүн сактап, таптап жүрүптүр, аны көргөн Ажыбай менен Чалыбай мактап жүрүптүр. Анда Кошой "алдырчы, баатыр, ошону" дейт үмүт кыла. Анан "шымын кийип бир көрөйүн, катынынын тыңын да бир көрөйүн" дейт Ажыбай менен Чалыбайга буйрук кыла. Дөө Кошой кандагайга оң жак бутун салса – балтыры батпай калбаспы, сол жак бутун салса – согончок өтпөй калбаспы. Айла кетип Ажыбай менен Чалыбайга экөөң эптеп батыргыла, мунун батпай калганын "Жайыл Манас көрбөсүн, жаңы келген келиндин жакшылыгын көмбөсүн, анын оң бетинен тилдирип, нур сыпатын бүлдүрүп, ордодон сүйрөп чыкпасын, оң чачынан кыркпасын, кер байталга мингизип, кементайды кийгизип, кыргыздын журтун сыдыртып, аяк-башын кыдыртып, Каракандын колуна кайтарып берип салбасын, кара кыргыз оңбо деп Каныкей айтып калбасын, таңдайында мөөрү бар, тамагында сөөлү бар, кайсы түрдүү иш кылса Кадыр алдам эптеген, кас кылып бенде жетпеген, каргышы ката кетпеген, катындардын баарысын, калыңдык менен тепсеген Каныштан каргыш албасын, кара кыргыз баласы кайгылуу күнгө калбасын!" деп туруп алат Кан Кошой оён бир чети Манастан, бир чети Каныкейдин каргышынан коркуп. Эки кул бери отур деп, бири тур деп, эптеп муну батыр деп, ары чоёт, бери чоёт – болбойт. Аңгыча Манас келет жанына, шымы батпай жатканын көрүп, кылма жинин кылтыйтып, ажыдаар түгүн үксүйтүп муну тиккен Каныкей жүзүн көрбөскө, кайта үйүнө кирбеске Аккелте мылтык огу урсун, көк милтенин чогу урсун, шым деп кармап, абаке, не кылып карап олтурсуң деп шымды булкуп жулуп алды. "Каныкейди сойбосмун, канкор Манас атагым, кан ичүүдөн тойбосмун, калабалуу эки кул, экөөңдү тирүү койбосмун" деп Ажыбай менен Чалыбайга тигилет. Муну угуп Ажыбай ордунан тура кала "чоңдугуң да курусун деп, чоң болгонуң мен болсом, Чогоолдор сазай берсин деп, алп, атактуу дөөлөрү азыр ушу жалганга, аз-аз эле келсин деп, келгендин кейпи курусун, он жашабай өлсүн деп, ушу түрдүү кордукту кандай бенде көрсүн деп" катуу айтат. Муну угуп Кошой сунган бутун тарта албай, жумган көзүн ача албай дел болуп катып калат. Эки чоронун башына ажал оту жакындайт. Ошондо Чалабай бир нерсени эсине түшүрөт.
Жолой. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2023
Көкөтөйдүн ашындагы күрөшкө Жолойдун чыгышы. Улуу баяндан 5 факт
Кандагай. Андан бери алты жыл өткөн экен. Каныкей Анжияндын ары жагындагы, Айым-Мүнсөктүн бери жагындагы Даңдуң баштын тоо текесин аттыруу үчүн алтымыш мерген жөнөткөн. Алар териге залал кылдырбай бир-бир көзгө атышат, терилерди күндүн жүзүн чалдырбай кургатат, кургатканын кундуйтуп ак сандыкка каттырат, ашаткысын эринбей жез челекке жаткырат, алма кабык алдырып, алты ай малма салдырат. Анан тери даяр болгондо Анжияндын Шагыл сартка боётот, катын бычып, кыз тигип, оймоктуудан уз тигип, өңкөй уздар тандалып, алар Кайып бектин Аруукесине баш ийип, токсон кыз тогуз күн иштеп кандагай шым тиккен. Кандагайдын кыйыгы көзгө илинбейт, жымырата тиктирген, жылан боор буктурган, кош кобулдап тиштеген, ичине буулум ичтеген, найза тийсе тешер деп, болот эгеп ширеткен, жетимиш балбан бөкөгө алым салып ийлеткен, боёгун Каныш бийлеткен. Бу шымды сынап көргөндө сыр бараң атса өтпөгөн, табылгы жакса чогу чөкпөгөн. Бүктөөсүн жан адам таппайт. Анан дагы Каныкейдин бир тилеги болгон экен: бала үчүн зарлап жүргөндө бабам Кошой кийип мага батасын берсе деген экен. Манас кийсе саз келер шым Кошой кийсе чоңоюп кетер деп, жазып иер бир бүктөм калтырган экен. Ушуну билген Чалыбай Ажыбайга "сенин кадырың зор, ушул шымды бир сурап көр" дейт. Манастан шым сураш оңойбу, анан калса экөөнө каары келип турат, экөөлөп сурайлы деген чечимге келип коёндой бүжүрөп Манастын кашына келди да, колундагы кандагайды кайра берип турууну өтүнөт. Манас жини келип ыргытты. Чын эле Каныкей бул шымды ар кимден өлчөөсүн угуп Кошойго чактаган экен, экөө алып байкаса алаасы турат бүгүлүп, багалекке жеткенче, бүктөлгөндөй көрүнүп. Муну көрүп экөө тигишти сөгүп кирет шымаланып, шымды эки жакка тартып. Экөө ал-күчкө салып тартканда желдүү желим бошоду, жанагы бүктөөсү шарт жазылды. Кандагай сөөм чоңойду. Ажыбай менен Чалыбай кудуңдап, жаныбыз аман калар деп Кошойдун колуна "аба, эми кийип көрчү" деп карматты. Оң бутун шымга салганда атанын шымын алгандай, аягына бала салгандай балбалактай түштү. Сол жаккы бутун салганда аганын шымын алгандай, иниси бутун салгандай, бүт боюна тең болуп, балбалактап кең болуп, абакеңе куп жарашты. Багалектин ичине оң гана колун салып, оң имерип, сыртын көздөй керсе – баары өз-өз ордунда. Сол багалек түрүп, жоон санга сүрүп, сол колун салып, сол имерип алса, сол бөйрөккө кирип, кайра коё берсе – калыбына келбеспи. Кайран Кошой карыя бул шымдын асылдыгын билди да, кыл муруту солк этти, мыйыгын күлкү аралап кетти.
Кошойдун кандагай камдаган Каныкейди билиши. Ушул турушунда Кошой барбалаңдап Манасты көздөй далбактап барып, териден асыл чыгарып бул кандагай шымды ким тиккенин, ким иштеп, ким тиштегенин сурайт. Ошондо Манас "иштеген киши табылар, тиштеген киши табылар, келиниң жүрөт бир куу баш, абийири качан жабылар, бу Каныкей келиниң бир жарым жыл иштеген, Кайыптын кызы Арууке бир ай жарым тиштеген, иштегени Каныкей өңүнө сарысы өтүптүр, ошо күндөн ушу күн оргуй албай кетиптир, тиштегени келиниң, тишине заары өтүптүр, тиш саргарып кетиптир, касиеттүү карысың, бата берсең нетиптир" деп иет. Перзентинин айынан бул шымды бата берер деп Кошой абасына чактаганын, Көкөтөйдүн ашына келбей койсо да, каттоочудан Чеч-Дөбөнү жердеген абасына берип жиберерин айтканда Кошой ургаачылар тараптан Каныкейди чакыртат.
Кошойдун батасы. Чакырары менен даяр турган белем, Каныкей "кундактай бели ийилип, тизеси жерге тийилип" Кошой абасынын алдына басып келди. Ошондо Катагандын кан Кошой, шым батпаган Дөө Кошой сын көз агытып, Каныкейдин күйүп турган чок экенин, дегеле ак жоолукта андан өтөр жок экенин, желке чачы жүн экенин, Манас дүйнөдөн өткөн соң эмгекке туулган күң экенин баамдайт, бирок айтпайт. Анан Кошой менен Каныкей коштой алакан жайды, карап турган көпчүлүк жүзүнө бата тартты. Кошой ак бата берди: "Тилекти берсе бир алда, туулса мындан бир бала, ургаачы болбой – эр болсун, аюу болбой – шер болсун, атышканын алсын деп, күрөшкөнүн чалсын деп, өлөңдүү жерди өрттөгөн, өзүнөн бенде өтпөгөн, тулаңдуу жерди тутантып, туугандын баарын кубантып, кара сууга кан куюп, кайратын калк – эл туюп, суу ордуна кан төгүп катылышкан душманын, өгөөлөсүн темирдей, акыры тууса эркекти, аты болсун Семетей, Арууке келин баласы акылдашы ар качан, ага болсун чын жоро, аты болсун Күлчоро, кыдыра кырчын тал болсун, кырга чыга бергенде Семетейге кылуучу кудай жар болсун, ак болотун майласын, ачуусуна келгенде Абыке, Көбөш, кан Жакып, ошолорду жайласын, көк болотту майласын, кыйыгына тийгенде кырк чороңу жайласын, кара болот кайрасын, каарына келгенде Кан Коңурду жайласын!".
Ат чабыш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2022
Көкөтөйдүн ашындагы айтылуу ат чабыш. Улуу баяндан 6 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0