Көкөтөйдүн ашындагы күрөшкө Жолойдун чыгышы. Улуу баяндан 5 факт

© Фото / Теодор ГерценЖолой. Иллюстративдик сүрөт
Жолой. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2023
Жазылуу
Улуу "Манас" баянынан бул сапар беш фактыны сунуштайбыз. Көп чырдын башы болгон Жолойдун күрөшкө чыгышындагы окуяларды баяндайбыз.
Ырамандын Ырчы уулунун жар чакырышы. Эртеси күнү Көкөтөйдүн көк туусу желбиреп турганда Ырамандын Ырчы уулу кайрадан жар чакырды кыйкырып. Эки балбан күрөшкө чыксын деди. Жыгылганы – куру калат, жыкканы – мөрөй алат. Байгесине – алты жүз жылкы, бир жүз төө, аны аз десеңер дагы кошулат – эки жүз сыйыр, беш жүз кой деди жарчы миңдеген элди аралап жар чакырып жүрүп.
Жолойдун күрөшкө чыгышы. Дарбый түшүп көпчүлүк, ары жактан бир балбан, бери жактан бир балбан чыгармай болуп кеңешти. Бир убакта деңизди бороон чапкандай кара таандай көпчүлүктүн ортосу жарыла ачылды, тургандар экиге чачылды, жердин топосу тоодой ыркырады, тозоң учуп көккө туман болуп тарады. Орто жарган оңбогон Жолой дөө экен. Тырмактары – ак жолборстун салаадай, муруттары – тегирмендин күпчөгү текши каккан барадай, чечекейи чарадай. Бу неменин мурда да айттык эле "атасы бар, бата жок, айтканы бар ката жок, энеси бар, нике жок, элде мындай бөкө жок". Жолойдун туурасы эпсиз жоон, бою жапыс, дулдугуй бет, комдонуп жаткан кара иттей маңдайында кашы бар, даш казандай башы бар, артында түшкөн айдар чачы бар, анысы – кыл чылбырдай. Жашы кырктын орто ченине жеткен экен. Кулагы калкан бу балбандын кирпиги киричке чыккан чалкандай, колуна тийген душманы боло турган талкандай. Эки ийиндин арасы кере кулач төш жары, ал жерге эки киши конгондой, эки бетин караса эки даңгыт тойгондой, караса көздүн чуңкуру – казылган кал ороодой, көзүндөгү чылпагы – табактагы шородой, балтыры – өгүз белиндей, оозунан чыккан илеби – орто белдин желиндей, кол жагына караса – кырк жылдык терек чынардай, кабагына караса – качырганын куткарбас кара кашка тынардай. Мүнөзү – ачыккан көк жал бөрүдөй, арка жагы – ат жарышчу талаадай, эки эмчеги – он беш жашар баладай. Ким-ким дедирбей эле кыйындыгын билдирип, кычыраган дарактай баспай эле жылып чыкты. Болду, буга эч ким чыкпайт деп, чыкса дагы ушул эле жыгат деп кыргыз-казактын эси чыкты, манжу-кытай, калмактар байгеси эми биздики деп алакандарын ушалап, жамбынын өчүн алабыз деп кымыңдайт. Бул Жолойдун "өгүз көөдөн, өкүм сөз – өрдүк жери дагы бар, өткүр кылыч, куу найза – эрдик жери дагы бар, өз билгенин бербеген, бектик жери дагы бар", "булчуңу буура санындай, балбандык жайы дагы бар, Музбурчакты бир жыгып, алгандык жайы дагы бар, өлөрүн өзү билбеген, айбандык жайы дагы бар". Ошол. Ошол чыкты ортого. Орто толуп калды, бир эле адам менен. Калмак, кытай, тарса, жөөт ичинде өз дининче окунуп, күн чыгышка карап Көкө теңир колдо деп, батасын кылды чокунуп. Кайран Жолой дөө мас болгон пилдей күркүрөйт, жез казандай канжасынан көк түтүнү туман болуп буркурайт. Ортого келип отурду, көктөн бир нерсе тилеп кол сунду, кекиртек, кызыл өңгөчү куйган суудай куркурайт, уу-дуусу аркы тараптын кулакты тундурат чуркурап.
Баатыр Манас. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2022
Мааникер берем дегиче, Манас өлдү десеңчи!.. Улуу баяндан 6 факт
Кошойдун кыргыз-казактан балбан издеши. Ошол Жолойго түшө турган балбан издеп Кошой аба акырат, балдар бириң чыккын деп, мактантпай итти жыккын деп айгай салып бакырат. Кан башы менен күрөшкө түшүп жаткан Жолойдун бул түрүн көрүп ким эле жакындасын! Кошой улам барат, топ башкарган дөөлөргө, тоо көтөргөн жөөлөргө. Үмүт кылып Жоодарынын эр Чегишине барды, ал Жазира, Жемси каны эле. Чегиш Жолойго жолобошун так кесе айтып туруп алды. Андан ары Кабарыштын калкынан Саяттын Абдыраманына барса, ал да жолуга албайм андайга деп чыкты. Керкөкүлгө барса, ал да жогорку экөөнүн сөзүн айтат. Эр Жамгырчы эчен жоону жеңген баатыр да Жолойго барбайм деди. Таздын уулу Үрбүгө барса, мунун "булчуңу буура санындай, муруту балта сабындай, колуна тийсем кокустан, калабы деп ойлоймун, түлкү шимширге немем табылбай, чакмак эти чаначтай, көбүк эти көнөктөй, чекенин эти челектей, кол мүнөзүн карасак, эскирген чынар теректей, тарамышы таяктай" деп тайсалдап туруп алды. Кийин казактын Көкчө канына жетип "сен, Көкчө, жеткен эр элең, кайратың бар неме элең, жоого тебелетпей, басырык кылдырбай намыска бир жарап бер" дейт. Анда Көкчө "казактан Көкчө барды деп, калмактын Жолой балбаны капшырып жерге салды деп жаманатты жаман кеп, жолобоймун Жолойго, жоо бөрүсү ондойго" деп барып, Жолойду карап туруп "алты батман дан жесе, тойбой турган ит деген, алышканды аман-соо койбой турган ит экен, жети батман данды жеп, тойбой турган ит деген, жекелешкен душманды койбой турган ит экен, жети каптан буудай жеп дан жыттанган чоң Жолой, жетимиш дөөнү бир союп кан жыттанган чоң Жолой, алты каптан буудай жеп дан жыттанган чоң Жолой, алтымыш алпты бир союп кан жыттанган чоң Жолой" деп салды. Анан ошол дан жыттанган, кан жыттанган балбандан жыгылып, өзүнүн эле эмес, бүт сары-аркалык казактардын намысын өлтүрмөк да. Көкчө ошону кантип түшүнбөсүн. Кошой айласы алты кетип, Эр Көкчөгө наалат айтып Аксур атын алкынтып кыпчак журтуна барды, согушчан бул элдин Эр Төштүгүнүн алдына улуу башын кичүү кылып салам айтты да, күрөшкө чыгып бер деп өтүндү. Тогуз уулдун кенжеси, Эламандын эркеси Төштүк Жолойго чыгамын деп да, чыкпаймын деп да айта албай, атсыз калып эчен жөө, алышканы кыйла дөө, урушканы дөө, пери, жин менен көйпакта жүрүп күрөшүп жүдөп калганын, жер астынан азып чыкканын айтып, арман кыла абасына тигилди. Кошой болсо "Жараткан жардам бериптир, жаның тирүү келиптир, көшүң калып көк жашык, каның калып бир кашык, карууң келбейт деп ойлойм калмак менен кармашып" деп ары жылды. Андан ары барганы – Көкбөрү уулу Көккоён болду, ал да ар нерсе айтып, күрөшкөндөн айныды. Кийинкиси Акбай эле, "жарга ойногон улактай, таштан аккан булактай, жанган көзү чырактай, оюлган кара кашы бар, он жетиде жашы бар, жан казандай башы бар, жайылган кара чачы бар" бул жигит тайманбас экен, күрөшүүгө барса – барам, чыкса – чыгам, бендеден качмак белем деп турду тайсалдабай. Кошой карап турса жаңы алган зайыбы орто бойлуу, он беш жаш, кобул колдуу, колоң чач, өрдөк моюн, түймө баш, аты экен Зыяндаш. Ошол аялын карап туруп Кошой "сулуу катын алыпсың, көп асылам деп жүрүп көк жашык болуп калыпсың, көшүң калган көк жашык, каның калган бир кашык, карууң келбес, Акбайжан, бу Жолойго кармашып, балтыр этиң толо элек, балбан кезиң боло элек, жүрөк этиң толо элек, жүткүнөр кезиң боло элек, балапан жүнүң маңдайда, эненин сүтү таңдайда" кезиңде Жолой дөө "колуңду жулуп албасын, коргоп кирип мусулман, койгулашып канча жан, коога чыгып калбасын, бутуңду бутап салбасын, мынча турган мусулман былчылдашып калбасын" деп кайра эл тынчтыгын ойлоп, аны күрөшкө алып чыгуудан баш тартат. Анан Буудайык уулу Музбурчакка барса ал жашынын өткөнүн, күчүнүн кеткенин айтат. Ошентип Кедердин уулу Жолой дөөгө кыргыз, казак, кыпчак, өзүбек ичинде беттешер бенде жок болуп, бекзааданын баарысы бейли кетип токтолуп, калайык качып ыктады. Ушул кезде намыстанып Кошой абасы түз эле Манастын алдына барат.
Манас эпосуна иллюстрациясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2022
Көкөтөйдүн ашына элдин келиши, Манастын кечигиши, Жолойдун жоругу. Баяндан 8 факт
Манастын да Жолой менен күрөшүүдөн качышы. Күрөшкө киши таппай айласы алты болгон Эр Кошой кыргыз менен казактан, кала берсе кыпчактан эч ким чыкпаса, сен да түшпөсөң, карысам да карпаңдап, карт буурадай тарпаңдап өзүм түшөйүн деп Манаска барат. Муну угуп Эр Манас мукактанды бир кыйла, анан өзү тууралуу "ат үстүндө турганда ажалга туулган ок элем, эзелден жөөгө жок элем" деп келип, найза сайыш болсо ким болсо да аларын, бирок жөө күрөшкө жоктугун айтат. Олжосуна кызыгып ушак сөзгө каларын айтат. Муну баатырдын оозунан угуп Эр Кошой "кара кыргыз калкынан, кайраты бар алпынан, бели катуу, бек айбат, бейли катуу, кара нээт белдүүнүн бирөө чыкпаганын, бейбактар качып ыктаганын, тиги турган итти жыкпаганын" айтып арман кылып келип, өзүнүн кайраты толду боюна, капа болду Манас баш болгон туугандарынын кебине, күрөшүш келди оюна. Ошондо Манас сүйүнүп да, күйүнүп, карчыгадай кагынып, кабыландай чамынып, Кошой абасын жандай басып "коң карга үчүн тор кылбай, башкага башты кор кылбай, карысаң да карпаңдап, карт буурадай тартаңдап сен түшпөсөң, калк ичинде ынагың, канкор Манас чунагың мен түшпөсөм, башкадан Жолойго киши жолойбу, жолосо соо коёрбу" деп ынандырып кирди. Кан аба, өзүң түшпөсөң, жөн гана байге берди деп душмандар табалашып күлөрүн айтат.
Кошойдун арманы. Манастын суранган, өтүнгөн кебин угуп Кошойдун акылы ордуна келди, не дешин так билди. Жолой менен күрөшө турган адам калбады. "Жашаган сайын шайманың бошойт экен күнүгө" деп, Көкөтөйдүн ашындагы адамдын көптүгүн, түрдүүлүгүн айтат, Манастын абасынын сакалынын агына карабай убара кылганын айтат, арманынын арбындыгын, дартынын зордугун айтат. "Ажал деген чиркиниң туюк соккон темир тор, азыркысын абаңыз жаш жагынан болду кор", "бабаң Кошой баш болсо, жылас болгон Кошойдо жыйырма беште жаш болсо, чын ушундай аш болсо, Жолой чыкса жолумдан, башы таштан болсо да соо кетпес эле колумдан, отуз беште жолукса, ойрондобос эр белем, ошол иттен кем белем, кырк бешке чыгып калышса, кыйгактуу найза алышса, кызышып күрөш салышса кыйып кара башыны, кызып-кызып чыгарып оозунан ичкен ашыны, кустурбай турган мен белем, кутурган кулдан кем белем, элүү беш жашта кезиксе эптебей турган эр белем, эптеп жердин тешигин көктөбөй турган эр белем, эсирген кулдан кем белем" деп арман кылат. Эми минтип шайы кетип, сексендин бешине жетти, арасынан отуз жыл өтүп кетти, болбосо "Канкорум, шагың сындырбай, калкыңа уят кылдырбай, төгүлбөй турган кан барбы, өлбөй турган жан барбы" деп чер жазып күрөшөр элем дейт. Ошентсе да тобокелге салмак, токтолбой бармак болот. Бирок бир кеми бар... Катыны чоркок киши экен, кийген шымын арык эчки терисинен жасаптыр, ашаткысы туура эле жатыптыр да, чыгы менен катыптыр, анан кылдыр ийлеп салыптыр, мындай кийимди арбак урган дөө Жолой, ат көтөрбөс жөө Жолой аласынан алганда айра тартып салар, ошондо абаңдын абийири кетип калар. Ошону үчүн көчүк жакка киер кандагай табуу керек.
Ат чабыш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2022
Көкөтөйдүн ашындагы айтылуу ат чабыш. Улуу баяндан 6 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0