Көкөтөйдүн ашындагы айтылуу ат чабыш. Улуу баяндан 6 факт

© Sputnik / Табылды КадырбековАт чабыш. Архив
Ат чабыш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2022
Жазылуу
Көкөтөйдүн ашы, ага даярдык, аштын өтүшү — "Манастагы" өзөктүү эпизод.
Ат чабууга коюлган байгелер. Эртеси күнү таң супасадык салганда эле Көкөтөйдүн көк туусу калкылдап, элдин баары жаркылдап, кара курттай көп кол алтымыш катар тизилип, аш эмес эле тойго келгендей ат чабышка даяр турду көпчүлүк. Анан эмне, ошентип кызытып чакырган да, Бокмурун элдин баарын. Ат чабышты башкарып Кошой дөө жүрөт. Баш байгеге сексен миң жылкы, миң атан, жүз миң кой, тогуз миң толук уй коюлду. Бул эле эмес, жабык башы кундуздан токсон үй болду, үй башына бирден эркек ээси, экиден шайдоот күңү менен сайылды. Экинчи байге катары беш жүз атан төө болду, кырк миң жылкы, төрт миң уй, элүү миң толук кой, үй башына бир азамат бой, ургаачыдан күң коюлду. Үчүнчү атка сайылганы – эки жүз элүү атан төө, үй башы бир адам, жыйырма миң кой, он миң жылкы. Төртүнчү атка – он миң кой, жүз жыйырма беш атан, беш жүз жылкы, жүз сыйыр. Ошентип-ошентип эң аягына, алтымышынчы атка, тогуз кара, токсон кой, бир ургаачы, бир эркек. Ат чапчуунун ичинде жөөт да бар, тарса бар, Кызыл баш менен Кыйбадан бар, орус да бар, немис бар, кытай да бар, калмак бар, мусулмандар көбү бар, арабдан келген Айкожо деген ымам бар, баары жоктун баары бар, бу дүйнөнүн теңи бар.
Жар чакыруу. Ат чубатууну баштасакпы деп Кошой абасы кан Манаска кеңешти. Ычкыры бапик кырк муун, тебетейи чоктуу кул, айтар оозу шоктуу кул Ырамандын Ырчы уулу шаңшуурдан онду алып, жамбыдан отуз чоңду алып, алты тогуз мал алып калкка кабар айтууга камынды, жанына Жайма көкүл Жаш Айдарды кошуп жар чакыра баштады. "Атыңа жабуу жабыңар, аркы-терки чабыңар, атың чыгып келген жан, кадыр түнгө киресиң" деп байге шаңын айтты. Журттун баары камданды, жашы менен карысы, өркөчү бийик, зээри бас, өкүм күлүктөр жүрөт, өөдө жерден ноюбас, токсон күн минсе жоорубас тобурчак тулпарлар жүрөт, аркасы бийик, зээри бас, аргымактар жүрөт, адырдуу жерден ноюбас, алыска минсе жоорубас, кара байыр, казанат, калбыр өпкө, жез канат, камыш кулак, сом туяк каса буудандар жүрөт, торкодон үртүк жаптырган, тогуздап тумар тактырган тобурчак аттар жүрөт, абайы үртүк жаптырган аземдүү тумар тактырган аргымактар жүрөт. Саяпкери андан көп, чабандеси мындан көп, чабалекейлер учкандай, чычкандар чубалгандай аттар ары-бери чуркашат асманга учур көздөнүп, жеңишти алар өңдөнүп. Байгеге кошулчу аттар эки миңге жетти. Буларды көрүп Манас "кызыталак калайык, кыргын кылсам ылайык" деп торпокко жетпес чобурун дале байгеге кошо берет экен деп, Алмамбетке "аянбай күндү жайлагын, Каркыра бели бийик өр, катыра күндү жайлап көр" деп суранат. Ошондо семиз аттар кымпыят, сыртына тартып зыңкыят дейт.
Алмамбеттин сыйкыры. Эр Манас айткан соң Алмамбет өз өнөрүн көрсөтүүгө киришет. Кытайдын бул жигити кичинесинен ар кайсы жерден өнөр алып, "касийдадан кат окуп, калмакча кара дуба жат окуп, барайыздан бат окуп, бачымыраак жат окуп, тегерете терс окуп, кытайча дуба нече окуп" көнүккөн эле. Кайран Алмаң ошол өнөрүн көрсөтүүгө камынды, жай ташын сууга салды. Ошол замат ачып көздү жумганча, аны-муну кылганча, асмандан жамгыр шорголоп түшүп, мөндүр дабырап барып, таштай томолок жаады. Туурадан коюу жөө туман чыга калды жердин баарын каптап, бир жагынан борошо урат. Адамы да, аты да суу болушту шорголоп, арык малдар аязга чыдабай өлүштү, өлбөгөнү эптеп күнүн көрүштү. Манастын аты Аккула, кабыргасы как кула, каса тулпар ушундай кыямат күн этине келип ээлигип, эликтей башын көтөрүп, баскысы келип жээлигип, жарым күндүк эти бар эле, анысын жоготуп, жаңыдан тердеп, табына келди бу күнү.
Баатыр Манас. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2022
Мааникер берем дегиче, Манас өлдү десеңчи!.. Улуу баяндан 6 факт
Жайма көкүл Жаш Айдардын жар чакырганы. Аттарды чубатуу. Ошентип Эр Манастын Аккула табына келген кезинде таң атып, жерден булоо чыгып, чамчык чырылдап, көпөлөк көккө көтөрүлүп, күн кызып шашке болгондо Көкөтөй туусу калкылдап турганда Жаш Айдар "атың болсо чубат" деп дагы жар чакырды. Ат чубатууга чыга албай тарпаң аттар талпайып, чобур аттар томпоюп өлүп жатат. Алардын ээси ашы менен курусун дешип кейип-кепчип жүрөт, ээрлерин жонуна илип. Өлгөндөн калган аттарды катарга тизишти. Эң биринчи ургаачы жолу улук деп, өзү каңгай уругунан Ороңгунун Кулабээси чубатууга чыкты. Анын артынан "алтындап тумар тагылган, маңдайында багы бар, кулагында шамы бар, куюндан бүткөн жаныбар, тумшугунун үстүндө ноктонун кескен агы бар, кондурдай болгон жаныбар, оң жамбашта калы бар, октой болгон жаныбар Эр Манастын Аккула кирди чубоого". Анан кийин "чаткаягы чаткалдай, чатына киши баткандай, туягын жерге мылгытып, тумарын көккө ыргытып" Жолойдун аты Ачбуудан кошулду. Мааникер сурай коёмун деп Манастын каарына калып, баатыр чаап саларда качып кетип, ээн жерде кемирчек казып жеп калган Коңурбайды артынан киши чаптырып жүрүп Алооке араң таптырат. Анын аты тердеп чубатууга жарабай Алгара чаппай калыптыр. Ачбуудандын артынан Боскертиктин Бойтору чубатууга чыкты. Андан кийин жер астына түшкөн Эр Төштүктүн Чалкуйрук, анан Мурадылдын Кылжейрен, анан Музбурчактын Телкүрөң, Эр Кошойдун чоң Сары ат, Үрбү чапкан кош Кара ат, Көкчөнүн аты Көгала. Ошентип-ошентип, аттар чубатууга чыкканда дале эки миң канча ат экен дешти. Ат чапчуунун көбүнө дагы Алакең түйшүк арттырып, байгеге кошула албай арманда.
Кошойдун Манасты урушканы. Чубатуудан аттар өткөн соң эми байгенин башы кайсыл жер экенин, аттар кайдан коё берилерин, кайсыл жолдор менен келерин чечүү керек да. Аны ким чечет? Манассыз бул чечилмек беле? Элдин баары калыс айтат деп Манасты карашат. Кайран баатыр ойлонгончо, аны-муну толгонгончо туурадан Эки-Кемин жайлаган, эгиз кара ат байлаган Үрбү чыга калып, "сапардан адам сабылды, сай тулпарлар чабылды, ары барсын эки күн, бери келсин бир күн деп, мен өлчөдүм бүгүн деп, бөлөгүң сөздөн түңүл деп" айта салды. Муну угуп Манастын оң көзүнөн от чыгып, сол көзүнөн чок чыгып, илебинен ок чыгып "кызыталак кал кул деп, өз башыңды бил, кул деп, мына мынабу жерде Манасты көзүңө ил, кул деп, кызыталак таз кул деп, иш билбеген мас кул деп, эми үнүңдү баскын деп, бу качан сен бийлөөчү болгонсуң аш кул" деп чокусунда чогу бар, өзөгүнүн ичинде сомдоп койгон огу бар толгомо түшкүн чоң камчы менен Үрбүнү оройго тартып жиберди. Эр Үрбүнүн тебетейинен чаң чыкты, жаак жарылып, бети-баштан кан чыкты. Кыргыздын баары жымыды, кытай, манжу, калмактар мыскылдап кымыңдады. Ошол кезде бир гана Эр Кошой Манастын алдына келип, "ээ, кулунум, эр Манас, не мүнөзүң, сен, Манас, жакшыны жакшы билбейсиң, жаманды көзүңө илбейсиң, бу чапканың ким дейсиң, Үрбүнү башка саларсың, колуң көнүп каларсың, кокустан чеки иш кылсам, Кошойду башка саларсың, колдогонуң болсо да, андан кийин канкорум, кордук көрүп каларсың, Кошой минсе каарына кокус өлүп аларсың, коюп жүргүн акыры бу бейлиңди, Манасым! Манас, Манас дегенде барбая калат экенсиң, чала үйлөгөн чаначтай, дардая калат экенсиң" деп каарын чачты. Эр Кошойдун сөзүнө шерденген Үрбү жөн тура албай "Самарканда сарт Манас, мен боломун дарт Манас, сары кулак ит Манас, алдың жерге жит, Манас, ушу күндө жакаңдан күбүлгөн экен бит, Манас, кылымды билип алгансып, кырк жигит күтүп калгансып, кыйынсынып ар качан, кылычың менен чабарсың, ажалың жетип бир күнү, ай балтамдан табарсың!" деп ачуу-ачуу сөздөрүн айтып алды. Бул сөздү угуп Манасың күзгү кирген жолборстой, кышкы кирген буурадай кеңгиреп, ачуусу жеңип зеңгиреп бир аш бышым турду да, анан күңгүрөнө чечимин айтты: Алтымыш киши ат айдасын! Чабдардын белин ашырып, Иленин боюн бастырып, Улуу өзөн менен сыдыртып, Уландын учун кыдыртып, алты күн ары барып, анан бери салышсын! Аттарды адаштырбаш үчүн алты миң киши ак желек алып колуна катарлаша турушсун!
Ат жарышка кеткенде... Белгиленген жерге жеткенде алтымыш киши кыйгактуу найза алып, кыйкырып ат айдоого кирди. Адаштырбас алты миң зардал ар-ар жерде турат каткан казыктай. Эрте күздүн кыска түнү эле. Ат айдаганы кеткендер келгенче деп Каркырадагылар ашта жүрөт, билек түрүнгөн жигиттер чылк алтын чылапчын менен колго суу куят, бышкан эттер тоо-тоо болуп үйүлөт. Көкөтөйдүн байлыгы Каркырада чачылды, чачылса да көп байлыктын бир чети да оюлбайт. Дасторкону торгундан экен, бир жыйылбай жаңы-жаңы тамак тартылат. Ар даамды бүт берди, кишмиш чайкап сүт берди, мейиз салып ачыткан кымыз сунушту. Сары казы, кыйма жал эсеби жок тартылды. Аштагы конокторду аралап ак сакалдуу Кошой дөө Арчатору тулпары менен кайра-кайра табак тарттырып жүрөт. Кара бөрк кийип Эр Манас сырттан байкоо жүргүзөт. Эки күнү, эки түн тынымсыз эт тартылды...
Манас эпосуна иллюстрациясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2022
Көкөтөйдүн ашына элдин келиши, Манастын кечигиши, Жолойдун жоругу. Баяндан 8 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0