Баланын сөөгүн ата-энесине чыгарып берген абдан оор. Суучулдун видеомаеги

Жазылуу
Эксклюзив
Суучулдар — 12 метрден тереңге кирүүгө уруксаты бар адистер. Алар көбүнчө куткаруу иштерине эмес, суу астындагы издөө жана техникалык жумуштар үчүн чакырылышат. Маектешим ары кызыктуу, ары кооптуу жумушу тууралуу айтып берди.
Искендер Рысалинов ӨКМге караштуу Терең суу шайма-шай бекетинин суучулу. Беш жылдан ашык мезгилден бери ушул кесипти сүйүп, аркалап келет.
"Суунун астында өзүнчө бир башкача атмосфера бар. Улам тереңдеген сайын ультрафиолет жоголот, баары кара-ак түстө болуп калат. Басым кысат, өтө тереңге кирип кеткенде дароо чыгып кетүүгө да болбойт. Адамдын денесине азот көбүкчөлөрү толуп турганда суудан дароо чыгып кетсең кем дегенде шал болуп каласың, болбосо сени ажал тооруп турат", — деген Рысалинов 45 метр тереңдикке чейин кирип көргөн.
Андан соң суучул сууга чөгүп кеткен адамдарды издөө учурларына токтолду. Айтымында, баарынан да баланын сөөгүн суудан алып чыгып ата-энесине берүү өтө оор.
"Ыйлашат... Суу жээгинде ата-энеси ар кандай сөздөрдү айтышат. Мунун баарын көргөн оңой эмес. Кыйналасың, кээде түшүңө да кирет. Ошондуктан суучулдар адамдын сөөгүн туугандарына өткөрүп берип эле кармалбай кетип калганга аракет кылабыз", — деди Рысалинов.
Ал Кыргызстан боюнча Терең суу шайма-шай бекетинин суучулдарына гана 12 метрден тереңге кирүүгө уруксат бар экендигин белгиледи. Мындагы адистер жумушта айлык үчүн кармалышпайт. Алардын баары кесибин сүйгөндөр, тереңдиктеги өзгөчө дүйнөнү жакшы көргөндөр.
"Мындан 4-5 ай мурда айлыгым 3,5-4 миң сом болчу. Азыр 11 миң сом болуп көбөйдү. Бул жерде балдар айлык үчүн иштешпейт, соопчулук үчүн дейбиз. Сөөк табылбай жаткан адамдарды биз таппаганда кимдер таап бермек эле", — деди маектеш баарлашуу учурунда.
Тема боюнча:
Төшөктө жаткандарды баккан "жаркылдак" Гүлнара Сагыналиева: байланып калдым
UFCге аракет, жар тандоо, Хабиб менен мамиле. Бусурманкулдун жаңы маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0