00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Безопасность еды по правилам ЕАЭС: готов ли бизнес к новым требованиям
08:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Курулуш секторун өнүктүрүү маселелери талкууланды. Тармактагы эң чоң көйгөй кайсы?
09:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
«Биримдик кербени» — ценность и бережное отношение к воде в регионе станет символом ВИК-2026
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жаш кадрларга көмөк – ветеринарларды колдогон атайын долбоор ишке кирип жатат
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: “Биримдик кербени” маданий долбоору кандай ишке ашат?
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кесилбестен жана оорутпастан дарылоо — уролог лазердик хирургия тууралуу
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жаңы жылдык дасторкон — берекенин жана ынтымактын белгиси
17:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Атасы мамлекеттик маанилүү кызматта болсо сакмалда иштеген Роза Акназарова
19:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Молдошева: адамдын түс тиби төрткө бөлүнөт

© Sputnik / Табылды КадырбековДизайнер, стилист Замира Молдошева
Дизайнер, стилист Замира Молдошева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.01.2023
Жазылуу
Дизайнер, стилист Замира Молдошева Европада адамдын чачынын, терисинин жана көзүнүн түсүнө жараша түс тибин аныкташса, азиаттарда бул бир аз башкачараак экенин айтты.
Адам кийим тандаардан мурун кайсы түс тибине кирерин (адамдын чачынын, терисинин жана көзүнүн түсүнө жараша анын сырткы көрүнүшүнүн айрым белгилеринин жыйындысы) аныктап алышы керек. Ал төрткө бөлүнөт. Бул тууралуу Замира Молдошева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Молдошева: адамдын түс тиби төрткө бөлүнөт
Анын айтымында, адамдын келбетинин 80 пайызы каштын формасына карап бааланат.
"Ар бир адамдын чачынын, терисинин жана көзүнүн түсүнө жараша өзүнүн түс тиби болот. Муну аныктап алган соң жарашыктуу, адамдын өӊүн ачкан кийим-кече тандай алабыз. Булар кыш, жаз, жай жана күз деп бөлүнөт. Биз аны кантип билебиз? Алсак, Европада адамдын чачынын, терисинин жана көзүнүн түсүнө жараша түс тибин аныкташса, азиаттарда бул бир аз башкача. Кыргыз, казак, корей, кытай, япон, монголдордун териси менен чачында сары пигмент болот. Байкасаӊыздар, кыргыз кыздары канчалык чачын күйгүзүп, ачык түстүү болоюн деп аракет кылбасын, бир жумадан кийин эле чачтары саргайып калат. Себеби биздин чачыбыздын ар бир талында сары пигмент бар. Бул биздин генетикабыз. Кайсы түс тибине кирерин азиаттарда чачтын өӊүнө карап эле аныктайбыз. Чачтан бетке көлөкө түшөт эмеспи. Эгерде сиздин чачыӊыз кара болсо сиз кышсыз, күрөӊ болсо жаз, сары (блонд) болсо жай, ал эми кызыл-күрөӊ аралаш болсо күзсүз. Кыш жана жай түс тибине ак, көк, кызыл, күлгүн, боз, кочкул жашыл, ачык сары, саргыч боз өӊдөр жарашат. Булар муздак түскө кирет. Күз жана жаз түс тиби жылуу өӊгө киргендиктен аларга жашыл (хаки), күрөӊ, сүт түстүү, кызгылт сары жана ушулардын каныккан түстөрү ылайыктуу. Ал эми жалпы келбетибиздин 80 пайызы каштын формасына карап бааланат. Мисалы, көзү кайгылуу же ыйлагысы келгендей экен, кабагы ачык же бой көтөргөндөй көрүнөт экен деп каштын формасына карап билебиз. Азиаттар көзүн эч качан боз менен боёбошу керек. Анткени биздеги сары пигменттен улам ал бетке жарашпай көзү көгөргөнсүп көрүнөт. Помаданын да өзүнүн жаш курагы болот. Күлгүн ооз боёк жаш, кызыл-күрөӊ помада улуу көрсөтөт. Кыпкызыл ооз боёк бул кечки макияжга ылайыктуу. Ушул сыяктуу эле аксессуар менен чач жасалгасынын да жаш курагы болот. Мисалы, каре мейли үч жаштагы кызбы же 50дөгү апабы дайыма жарашат, жаш көрүнтөт. Голливуд чач жасалгасы 45 жашка чейин улуу, андан кийин жаш көрсөтөт. Гарсон чач стили ар бир куракта улуу көрсөтсө, хакамада (кыпкыска чач) жаш көрсөтөт. Бул үчүн бет ичке, кичинекей болушу керек. Ал эми ичке, кичинекей аксессуар жаш, чоӊ, көлөмдүүлөрү улуу көрсөтөт", — деди Молдошева.
Ал адам күзгүнүн алдына туруп алып, дене түзүлүшүнүн түрүн (алма, алмурут, тик бурчтук, үч бурчтук, кум сааты), пропорциясын аныктап, ага жарашкан кийимдин фасонун жана өӊүн (ачык түс көлөмдү чоӊойтот, жабык өӊ кичирейтет) тандашы керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0