Кыргызстанда айрым азык-түлүктөр арзандады. Антимонополия кызматынын тизмеси

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүГипермаркеттеги кардар, сүтү тандап жаткан учурда. Архив
Гипермаркеттеги кардар, сүтү тандап жаткан учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.12.2022
Жазылуу
Социалдык маанидеги товарлардын орточо чекене баасына жума сайын мониторинг жүргүзүлөт.
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Кыргызстанда бир апта ичинде айрым азык-түлүктөр арзандаганын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 21 жана 28-декабрга болгон маалыматтар салыштырылган. Көпчүлүк азык-түлүктүн баасы өзгөргөн эмес, бирок айрымдары кымбаттап же арзандаган.
Баасы түшкөн товарлардын тизмеси:
2,5-3,2% майлуулуктагы пастеризацияланган сүт — 69,4 сомдон 68,6 сомго;
күн карама майы — 153,7 сомдон 153,2 сомго;
картошка — 27,7 сомдон 27,6 сомго;
бензин АИ-80 — 55,3 сомдон 54,9 сомго;
бензин АИ-92 — 60,6 сомдон 60,3 сомго;
минералдык жер семирткичтер (карбамид) — 51 сомдон 50,3 сомго;
бир түк саман — 175,5 сомдон 175 сомго арзандаган.
Бишкектеги базарда ун сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2022
Кыргызстанда 1-январдан тарта ун, нан жана жемдин кымбаттаары күтүлүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0