Периштелер парадынан Айды айланган капсулага чейин. Апта ирмеми
Периштелер парадынан Айды айланган капсулага чейин. Апта ирмеми
Sputnik Кыргызстан
Аргентинанын курама командасы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта чемпион болсо, Лос-Анжелести торнада каптады, Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак... 19.12.2022, Sputnik Кыргызстан
Аргентинанын курама командасы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта чемпион болсо, Лос-Анжелести торнада каптады, Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылы жабылды... Sputnik өткөн аптадагы окуялардын сүрөт баяндамасын сунуштайт.
Аргентинанын курама командасы Катардагы футбол боюнча дүйнө чемпионатындагы ири жеңишин майрамдап жатат. Финалда топ чеберлери пенальтилер сериясында франциялык атаандаштарын 4:2 эсебинде жеңип алды. Аргентина соңку ирет 1986-жылы чемпион болгон эле.
Венесуэланын Колумбиянын чектешкен жериндеги көпүрөгө мурда ири контейнерлерди тизип коюшкан. Бул 2015-жылы Каракастын чечими менен болгон эле. Эми аны 2023-жылдын 1-январына тарта ачмай болушту.
Тынч океанда Мексика жээгине чыккан НАСАнын "Орион" капсуласы. Космостук кеме Айды эки ирет айланып учуп, анын бетине 120 чакырым жакындап барып, 26 күндөн кийин Жерге кайтып келди.
Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылы расмий түрдө жабык деп жарыяланды. Жабылыш аземи Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү. Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын салтанаттуу ачылыш аземи 2020-жылдын февраль айынын аягында болуп, ага мамлекет башчылары катышкан. Жыл ичинде биргелешкен 221 иш-чара пландаштырылган.
Катардагы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын финалынын алдындагы ирмемдер. 2022-жылдын 20-ноябрында башталган спорттук бул ири иш-чара 18-декабрда Аргентинанын курама командасынын жеңиши менен соңуна чыкты.