Каракастагы "Щелкунчиктен" Сеулда суу алдында өткөн шоуга чейин. Апта ирмеми
Каракастагы "Щелкунчиктен" Сеулда суу алдында өткөн шоуга чейин. Апта ирмеми
Sputnik Кыргызстан
Марокконун командасы африкалык командалардын ичинен тарыхта биринчи ирет футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта жарым финалга чыкты. Бишкекте ЕАЭБ мамлекеттеринин... 12.12.2022, Sputnik Кыргызстан
Марокконун командасы африкалык командалардын ичинен тарыхта биринчи ирет футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта жарым финалга чыкты. Бишкекте ЕАЭБ мамлекеттеринин лидерлеринин саммити өттү, ал эми Гватемалада жанар тоо атылды. Sputnik окурмандарга өткөн аптада болгон кызыктуу окуялардын сүрөт топтомун сунуштайт.Тема боюнча:
Марокконун командасы африкалык командалардын ичинен тарыхта биринчи ирет футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта жарым финалга чыкты. Бишкекте ЕАЭБ мамлекеттеринин лидерлеринин саммити өттү, ал эми Гватемалада жанар тоо атылды. Sputnik окурмандарга өткөн аптада болгон кызыктуу окуялардын сүрөт топтомун сунуштайт.
Марокконун курама командасы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта Португалияны 1:0 менен жеңип алды. Бул африкалык командалардын ичинен тарыхта биринчи ирет жарым финалга чыккан команда. Марокколуктар беш беттеште дарбазасына бир гана гол киргизип, Испания, Бельгия командаларынын "сазайын берип", Хорватия менен тең чыкты
Франциянын курама командасынын чабуулчусу Оливье Жиру жана Англия командасынын коргоочусу Гарри Магуайр футбол боюнча дүйнө чемпионатындагы 1/4 финалда
Бишкектеги инвестициялык саммиттин алкагында илимий-тажрыйбалуу конференция, талкуулар, ЕАЭБдин ишкердик кеңешинин президиумунун отуруму, шаар мэрлеринин, облус жетекчилеринин катышуусундагы тегерек столдор, Евразия элинин ассамблеясынын форуму жана медиафорум өттү