15 документке кол коюлду. Бишкекте өткөн ЕАЭБ саммитинен ирмемдер
15 документке кол коюлду. Бишкекте өткөн ЕАЭБ саммитинен ирмемдер
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын борбор калаасы Бишкек шаарында Жогорку евразиялык экономикалык биримдиктин отурумунун жыйыны, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлеринин саммити өттү. 09.12.2022, Sputnik Кыргызстан
Ага Никол Пашинян (Армения), Александр Лукашенко (Беларусь), Садыр Жапаров (Кыргызстан), Касым-Жомарт Токаев (Казакстан) жана Владимир Путин (Россия) катышты."Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөн иш-чара боюнча президент Садыр Жапаров маалымат берди.Ал үч жылдан бери эми көзмө-көз чогулуп, биримдиктин актуалдуу маселелерин талкуулоого жетишкендерин айтты. Кыргызстандын төрагалыгы алдында өткөн ЕАЭБ саммитинин жыйынтыгында 15 документке кол коюлган. Уюмга 2023-жылы Россия төрагалык кылат.Тема боюнча:
евразиялык экономикалык биримдик, кыргызстан, бишкек, сүрөт, сүрөт түрмөк, садыр жапаров, владимир путин, фото, саммит, александр лукашенко, касым-жомарт токаев, никол пашинян
евразиялык экономикалык биримдик, кыргызстан, бишкек, сүрөт, сүрөт түрмөк, садыр жапаров, владимир путин, фото, саммит, александр лукашенко, касым-жомарт токаев, никол пашинян
15 документке кол коюлду. Бишкекте өткөн ЕАЭБ саммитинен ирмемдер
Кыргызстандын борбор калаасы Бишкек шаарында Жогорку евразиялык экономикалык биримдиктин отурумунун жыйыны, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлеринин саммити өттү.
Ага Никол Пашинян (Армения), Александр Лукашенко (Беларусь), Садыр Жапаров (Кыргызстан), Касым-Жомарт Токаев (Казакстан) жана Владимир Путин (Россия) катышты.
"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөн иш-чара боюнча президент Садыр Жапаров маалымат берди.
Ал үч жылдан бери эми көзмө-көз чогулуп, биримдиктин актуалдуу маселелерин талкуулоого жетишкендерин айтты. Кыргызстандын төрагалыгы алдында өткөн ЕАЭБ саммитинин жыйынтыгында 15 документке кол коюлган. Уюмга 2023-жылы Россия төрагалык кылат.
Беларусь лидери Александр Лукашенко менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин отурумунун жыйыны башталар алдында. Бишкек шаары
Бишкекте 2022-жылдын 9-декабрында өткөн ЕАЭБ саммитине Никол Пашинян (Армения), Александр Лукашенко (Беларусь), Садыр Жапаров (Кыргызстан), Касым-Жомарт Токаев (Казакстан) жана Владимир Путин (Россия) катышты. Андан сырткары, Евразия экономикалык комиссиянын төрагасы Михаил Мясникович да болду
Беларусь президенти Александр Лукашенко Бишкектеги ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлеринин саммитинде сырткы басымдарга каршы туруп, экономиканын туруктуулугун сактоо үчүн ЕАЭБдин биргелешкен аракеттери санкциянын мизин кайтарууга шарт түзгөнүн белгиледи. Бирок муну менен токтоп калбай, биримдикти стратегиялык багытта өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууга чакырды
Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев: ЕАЭБ өлкөлөрү сегиз жылдан бери улуттук кызыкчылыктарды сыйлоо жана колдоонун арты менен биргеликте ар кандай чакырыктарды баштан өткөрүүдө