Күтүүсүз бурулуш. Германия үйүнө кайтып, Япония менен Испания плей-оффко чыкты

© AFP / JEWEL SAMADКатарда өткөн дүйнөлүк чемпионатта Испания менен болгон беттештен кийин Япония курама командасынын мүчөлөрү
Катарда өткөн дүйнөлүк чемпионатта Испания менен болгон беттештен кийин Япония курама командасынын мүчөлөрү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2022
Жазылуу
Немецтер ушуну менен экинчи ирет тайпадан ары өтпөй калууда.
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын Е тайпасынын үчүнчү турунда күтүүсүз бурулуш болуп, 1/8 финалга Япония командасы биринчи орун, Испания экинчи орун менен чыкты.
Дагы бир фаворит делген Германиянын футболчулары чемпионат менен коштошту. Немецтер мындай кырдаалга экинчи ирет кабылууда, 2018-жылы Россияда өткөн дүйнө чемпионатында дагы тайпадан ары өтпөй калган.
Өткөн оюндардын жыйынтыгы:
Япония — Испания — 2:1;
Коста-Рика — Германия — 2:4.
Япониялыктар алты упай чогултуп, тайпанын жеңүүчүсү аталды. Испания менен Германия төрттөн упай алган, бирок испаниялыктар киргизген жана өткөрүп жиберген голдордун айырмасынан артыкчылык көрсөткөнү эске алынган.
Эгер Коста-Рика командасы немец футболчуларын утуп алганда плей-оффко чыкмак.
Учурда плей-оффко чыга турган 16 команданын 14ү белгилүү болду. Бүгүн G жана H тайпаларында бирден гана жолдомо ойнотулат, себеби Бразилия менен Португалия мөөнөтүнөн мурда 1/8 финалга өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.
Брюсселдеги тополоңдо Марокко желеги менен күйөрман - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2022
Марокко Бельгияны футболдон уткандан кийин Брюсселде башаламандык болду. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0