Еревандагы ЖККУнун саммитинде кол коюлган документтер. Тизме

© Sputnik / Сергей ГунеевЕреван шаарында ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясы
Ереван шаарында ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2022
Жазылуу
ЖККУга төрагалык кылуу Армениядан Беларуска өттү.
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Ереван шаарында ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлганын президенттин маалымат кызматы билдирди.
Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстандын президенттери кол койгон документтер:
ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин "Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башкы катчысы жөнүндө" чечими;
ЖККУнун "Жамааттык коопсуздук кеңешине төрагалык кылуунун мөөнөттөрү жөнүндө" чечими;
ЖККУнун "Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскердик-экономикалык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын төрагасы жөнүндө" чечими;
ЖККУнун "Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун КМШ жана ШКУ менен кызматташтыкты өнүктүрүү ниеттери жөнүндө" чечими;
ЖККУнун "Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун конгресс-көргөзмө иш-чарасы жөнүндө" чечими;
ЖККУнун "Жалданма" ыкчам-профилактикалык иш-чаралар комплексине Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун "Жалданма" антитеррордук операциясынын статусун берүү жөнүндө" чечими;
ЖККУнун "Жамааттык коопсуздук келишимине кол коюлгандыгынын 30 жылдыгына жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 20 жылдыгына байланыштуу сыйлыктар жөнүндө" чечими;
ЖККУнун "Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Ардак белгиси менен сыйлоо жөнүндө" чечими;
ЖККУнун "Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 2021-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету жөнүндө" чечими;
ЖККУнун "2023-жылга Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бюджети жөнүндө" чечими.
Белгилей кетсек, ЖККУга төрагалык кылуу Армениядан Беларуска өттү. 2023-жылдын 1-январынан тартып ЖККУнун башкы катчысы Казакстандын өкүлү Имангали Тасмагамбетов болот.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров ЖККУнун саммитинде  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2022
Жапаров: ЖККУ чек арасын күзөтүүнүн катмарлуу системасын түзүү керек
Жаңылыктар түрмөгү
0