https://sputnik.kg/20221123/deputat-bakirov-kabinet-berilbey-zhatat-1070235277.html
Көчөдө жүрөм. Депутат Бакиров ага кабинет берилбей жатканын айтты. Видео
Көчөдө жүрөм. Депутат Бакиров ага кабинет берилбей жатканын айтты. Видео
Sputnik Кыргызстан
Өткөн жумада эл өкүлү УКМК төрагасы менен айтыша кеткен. 23.11.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-11-23T13:17+0600
2022-11-23T13:17+0600
2022-11-23T13:17+0600
кыргызстан
саясат
өмүрбек бакиров
министрлер кабинети
чыгаруу
https://sputnik.kg/img/07e5/06/04/1052724348_0:89:1348:847_1920x0_80_0_0_60775062947f50de6800dd9db847733f.jpg
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров кабинети жок калганын айтты.Аны 18-ноябрда чыгарып салып, ошол бойдон башка иш бөлмө берген эмес.Ошондой эле ал кабинетин 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин төраганын көрсөтмөсү менен өз каражатына оңдоп-түзөп анан киргенин белгиледи.Эскерте кетсек, өткөн жумада эл өкүлү Өмүрбек Бакиров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтышкан. Ташиевге болушуп депутат Фархат Исмаилов кесиптеши менен мушташып кете жаздаган.Андан соң парламенттин чарбалык иштерин караган президенттин иш башкармалыгы Бакировго 7-кабаттагы кабинетти бошотуп коюу талабы менен кат жөнөткөн. Эртеси эле депутаттын буюм-тайымдарын коридорго чыгарып салышкан.
https://sputnik.kg/20221123/omurbek-bakirovdun-kabinetin-kayryp-beruu-1070230308.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/06/04/1052724348_54:0:1253:899_1920x0_80_0_0_4068c6f9d63a1abe770a91a93b1b3ffa.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, саясат, өмүрбек бакиров, министрлер кабинети, чыгаруу
кыргызстан, саясат, өмүрбек бакиров, министрлер кабинети, чыгаруу
Көчөдө жүрөм. Депутат Бакиров ага кабинет берилбей жатканын айтты. Видео
Өткөн жумада эл өкүлү УКМК төрагасы менен айтыша кеткен.
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты
Өмүрбек Бакиров кабинети жок калганын айтты.
Аны 18-ноябрда чыгарып салып, ошол бойдон башка иш бөлмө берген эмес.
"Саат 13:00гө чейин кабинетти бошотуп кой деген экен. Менин жардамчыларым түшкү тамактанууга түшүп кетсе ичиндеги буюмдарды, документтердин баарын сыртка алып чыгып коюшуптур. Эшигине мөөр басып кеткен. Эч кандай жаңы кабинет берилген жок. Азырынча көчөдө жүрөм. Президенттин иш башкармалыгынын жетекчисин чакырышты го бүгүн, сурайбыз келгенде. Мага кабинет маанилүү деле эмес, аны өтө чоң трагедия кылгым келбейт. Ушунун арты менен упай топтоодон дагы алысмын", — деди Бакиров.
Ошондой эле ал кабинетин 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин төраганын көрсөтмөсү менен өз каражатына оңдоп-түзөп анан киргенин белгиледи.
Эскерте кетсек, өткөн жумада эл өкүлү Өмүрбек Бакиров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтышкан. Ташиевге болушуп депутат Фархат Исмаилов кесиптеши менен
мушташып кете жаздаган.
Андан соң парламенттин чарбалык иштерин караган президенттин иш башкармалыгы Бакировго 7-кабаттагы кабинетти бошотуп коюу талабы менен кат жөнөткөн. Эртеси эле депутаттын буюм-тайымдарын коридорго чыгарып салышкан.
23 Жетинин айы 2022, 11:29