00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Эч кимдин акысы жок! Депутаттар Бакировго кабинетин кайтарууну талап кылышты

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Өмүрбек Бакиров. Архивдик сүрөт
Депутат Өмүрбек Бакиров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2022
Жазылуу
Парламенттин чарбалык иштерин караган президенттин иш башкармалыгы Бакировго 7-кабаттагы кабинетти бошотуп коюу талабы менен кат жөнөткөн. Эртеси эле депутаттын буюм-тайымдарын коридорго чыгарып салышкан.
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары кесиптешти Өмүрбек Бакировдун кабинетинен чыгарылышын сындап, эл өкүлүнүн макамын тебелөө катары сыпаттады.
Тазабек Икрамов "ЖК депутатынын статусу жөнүндө" мыйзамдын 24-беренесине ылайык, депутатка тиешелүү кызматтык турак жай, иш бөлмө, автоунаа жана документтер текшерүүгө, тинтүүгө жатпай турганын белгиледи. Андыктан президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Элмира Үсөнованы жумуштан алууну сунуштады.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Тазабек Икрамов
Депутат Жогорку Кенеша Тазабек Икрамов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2022
Депутат Тазабек Икрамов
"Биз чектен ашып баратабыз, кат бергенден кийин күтүш керек эле. Башка кабинет бербей туруп бардык буюмдарын сыртка таштап койду. Урматтуу депутаттар, өзүбүздү-өзүбүз сыйлабастык болуп жатат. Нуржигит Кадырбеков айткандай, токсонубузду алдыга коюп эле кууп баратат. Ушул маселени карап, талапты коёлу. Депутатты сүйлөтпөй коюу — шайлоочуларды сүйлөтпөй коюу. "Кыргыз элим бар болсун, оозу-мурду жок болсун" дегенге баратабызбы?!" — деди Икрамов.
Ал эми Жалолидин Нурбаев башында VI чакырылыштын депутаттарын өз кабинетинде калтырууга макулдашканын белгиледи. Себеби алар Октябрь окуясынан кийин өз акчасына оңдоп чыгышкан. Ушуну чечип бербесе уят иш болорун айтты.
© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жалолидин Нурбаев
Депутат Жогорку Кенеша Жалолидин Нурбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2022
Депутат Жалолидин Нурбаев
Адахан Мадумаров депутаттын макамы боюнча кабинетин тинтүүгө эмес, кирүүгө эч кимдин акысы жоктугун билдирди.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЭл өкүлү Адахан Мадумаров
Депутат Жогорку Кенеша Адахан Мадумаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2022
Эл өкүлү Адахан Мадумаров
"Депутат Бакиров жагабы же жакпайбы, экинчи маселе. Мага тийбесе болду, калганы эмне болсо ошо болсун дегендин жыйынтыгы ушуга келди. Биз кесиптешибиздин макамын коргой албасак, шайлоочулардын укугун кантип коргойбуз? Мага жакса башкача, жакпаса башкача мамиле болот дегенди токтотуш керек", — деди Мадумаров.
Натыйжада вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевди бүгүнкү жыйынга чакырып, түшүндүрмө сурай турган болушту.
Белгилей кетсек, өткөн жумада эл өкүлү Өмүрбек Бакиров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтышкан. Ташиевге болушуп депутат Фархат Исмаилов кесиптеши менен мушташып кете жаздаган.
Андан соң парламенттин чарбалык иштерин караган президенттин иш башкармалыгы Бакировго 7-кабаттагы кабинетти бошотуп коюу талабы менен кат жөнөткөн. Эртеси эле депутаттын буюм-тайымдарын коридорго чыгарып салышкан.
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2022
Икрамов: мамлекеттик кызматкерлер "сый акы төлөнбөй жатат" деп арызданууда
Жаңылыктар түрмөгү
0