Батирди жылуулап жатканда эске алчу эрежелер

© Фото / РИА НовостиҮйдү жылуулантыруу. Архивдик сүрөт
Үйдү жылуулантыруу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2022
Жазылуу
Иващенко батирди ичинен жылуулаган соң желдетүү системасы жакшы болушу керектигин эскерткен.
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Европалык юридикалык кызматтын адиси Србуи Иващенко "Прайм" агенттигине батирди жылуулоодо эске алчу эрежелерди тизмектеп берди.
"Эгер батириңизди ичинен жылуулай турган болсоңуз, анын материалына жакшылап көңүл буруңуз. Ал өрт кооптуулугун жаратпагандай болушу шарт. Ошондой эле экологиялык жактан зыян эмес экенине көзүңүз жетиши керек. Батирди жылуулай турчу материалда ден соолукка зыян алып келген заттар болбошу зарыл. Антпесе кийин анын залакасы тиет. Мындан тышкары, кийин дат басып, ным тартпагандай материалды колдонгон оң", — деген адис.
Ал кээ бир учурда батирди жылуулаганда бөлмөнүн аянты азайып каларын да айткан. Бул учурда үйдүн техникалык жана укуктук документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө туура келет. Иващенко батирди ичинен жылуулаган соң жакшы вентиляция орнотуу керектигин эскерткен.
Туруктуу энергияны каржылоо KyrSEFF долбоорунун инженери Салават Соронбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2020
Радио
Соронбаев: жылууланбаган үйдүн чыгашасы көп болот
Жаңылыктар түрмөгү
0