Кытай кыргызстандыктар үчүн 23 стипендия бөлдү. Ага катышуунун жолу

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүСабактагы студенттер. Архив
Сабактагы студенттер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2022
Жазылуу
Стипендиялык программага катышам деген талапкерлер министрликтин жол-жобосун окуп чыгып, аны аткарышы керек.
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Кытайдын билим берүү фондун башкаруу боюнча мамлекеттик комитети кыргызстандыктар үчүн 23 стипендия бөлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, бул стипендия 2023-2024-окуу жылына бакалавр, магистратура, докторантура жана тил такшалмасы боюнча билим алчуларга каралган.

"Стипендиялык программага катышам деген талапкерлер http://student.edu.gov.kg/ онлайн платформасындагы "КЭР өкмөтүнүн стипендиялары" программасына катталып, керектүү жерин толтуруп, талап кылынган бардык документтерди 10-декабрь саат 23:59га чейин жүктөшү керек", — деп жазылат маалыматта.

Министрлик толук эмес документтерди камтыган өтүнмөлөр автоматтык түрдө четтетиле турганын кошумчалаган. Стипендиялык программага катышуу боюнча маалыматты иш күндөрү саат 15:00дөн 17:00гө чейин 0312 625082, 621519 номерлери аркылуу алса болору айтылды.
Ош облусунда 60 мугалим квалификациясын жогорулатуу үчүн Россиянын Герцен атындагы Мамлекеттик педагогикалык университетинен келген адистердин курстарынан өттү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2022
Россиядан келген адистер Ошто 60 мугалимдин квалификациясын жогорулатты
Жаңылыктар түрмөгү
0