Бишкектеги батирлердин ноябрдагы баалары. Инфографика

Жазылуу
2022-жылдын ноябрь айында Бишкектеги батирлердин баасы кандай өзгөргөндүгү боюнча маалыматты окурмандарга сунуштайбыз.
Sputnik Кыргызстан ачык булактардагы маалыматтарды талдап, борбор калаадагы батирлердин баасына баам салып турат. Окурмандардын ыңгайы үчүн түрдүү типтеги бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлердин (104, 105, 106-серия, "элитка", жеке тип жана мейманкана тибиндеги) орточо наркын көрсөтүп беребиз. Ошондой эле ичин өзү оңдоп ала турган элиталык батирлердин баасы тууралуу статистиканы чогултабыз.
Бул сапар баалар октябрдын башынан аягына чейин канчага өзгөргөндүгүнө баам салдык. Материалды даярдоодо 1167 жарнама каралган.
Батирлердин бардык типтегилери кымбаттады. Бир бөлмөлүүлөр орточо эсеп менен 1000 долларга көтөрүлдү. Эки жана үч бөлмөлүүлөр 1 000ден 2000ге чейин өскөн.
Ачык маалымат булактарындагы бир бөлмөлүү батирлердин 2022-жылдын ноябрь айындагы баасы төмөнкүдөй болду:
104-серия — 36 500 доллар (28 000ден 42 000ге чейин);
105-серия — 36 200 (28 500дөн 51 000ге чейин);
106-серия — 42 500 (30 100дөн 50 500гө чейин);
"хрущевка" — 34 500 (30 500дөн 36 500гө чейин).
Бир бөлмөлүү "элитка" тибиндеги батирлердин орточо баасы:
жеке типтегилери (18ден 52 чарчы метрге чейин) — 36 500 доллар (19 000ден 52 500гө чейин);
ичин өзү жасап ала тургандары (32ден 65 чарчы метрге чейин) — 33 500 (19 500дөн 60 500гө чейин).
Эки бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:
104-серия — 42 500 доллар (37 500дөн 57 500гө чейин);
105-серия — 51 600 (36 500дөн 67 900гө чейин);
106-серия — 55 700 (31 900дөн 70 000ге чейин);
"хрущевка" — 42 200 (28 500дөн 49 500гө чейин).
Эки бөлмөлүү "элитка" тибиндеги батирлердин орточо баасы:
жеке типтегилери (41ден 99 чарчы метрге чейин) — 51 500 доллар (28 000ден 85 000ге чейин);
ичин өзү жасап ала тургандары (49дан 94 чарчы метрге чейин) — 56 300 (33 800дөн 95 000ге чейин).
Үч бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:
104-серия — 58 700 доллар (45 100дөн 67 000ге чейин);
105-серия — 65 000 (46 400дөн 86 000ге чейин);
106-серия — 68 000 (45 400дөн 90 100гө чейин);
"хрущевка" — 51 200 (48 500дөн 58 000ге чейин).
Үч бөлмөлүү "элитка" тибиндеги батирлердин орточо баасы:
жеке типтегилери (46дан 160 чарчы метрге чейин) — 68 000 доллар (29 500дөн 143 000ге чейин);
ичин өзү жасап ала тургандары (75тен 125 чарчы метрге чейин) — 84 000 (48 400дөн 123 300гө чейин).
Жаңылыктар түрмөгү
0