Тамыры терең, тарыхы кенен, өзөгү бекем! Президент маданият кызматкерлерин куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архивное фото
Президент Садыр Жапаров. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2022
Жазылуу
Өлкө башчы кыргыз эли музыка, сүрөт-скульптура, театр-кино, көркөм бий, адабият тармагынан дүйнөгө не бир чыгаандарды бергенин белгиледи.
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда, маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Маалымат кызматы тараткан билдирүүдө өлкө башчы кандай гана өткөөл мезгил болбосун, маданий баалуулуктар жашоонун эң маанилүү аспектилеринин бири болуп келгенин жана болуп кала берерин белгилеген.
"Кыргыз маданиятынын тамыры терең, тарыхы кенен, уңгусу бекем. Бул бабалар мурасы азыр да опол тоодой кубаттуу жүк көтөрүп, коомубузду өнүктүрүүнүн факторлорунун бири, жаш муундарды тарбиялоонун негизи болуп саналат. Улуттук маданиятыбыздын унутта калтырбай, аны андан ары өнүктүрүп, заман агымына жараша улам жаңы-жаңы ачылыштарды жасап келе жаткан искусствонун бардык тармактарынын – музыкалык искусство, аспаптык аткаруучулук, вокалдык искусство, театр искусствосу, балет, көркөм сүрөт искусствосу, кол өнөрчүлүк жана башка маданият чөйрөсүндөгү кызматкерлерге ыраазычылык билдиргим келет", — деп айтылат куттуктоодо.
Жапаров элди эзелтен берки кыргыз элинин салттуу бай мурасы менен сугарып, мекендештердин дүйнөлүк жаңыланууга умтулуусун, Ата мекенине, кылымдарды карыткан улуу элине, баа жеткис мурас улуу “Манас” эпосуна болгон сый-урматын арттырган дал ушул маданият жана искусство кызматкерлери экенин белгиледи.
"Кыргыз эли искусствонун беш салаасы: музыка, сүрөт-скульптура, театр-кино, көркөм бий, адабият тармагынан дүйнөгө не бир чыгаандарды берди. Мына ошондой жалпы элдин жарпын жазып келген кыргыз маданият тармагынын дөө-шааларынын жолун улап, искусствонун ар кандай багыты боюнча эл аралык фестивалдарга, сынактарга катышып, ийгиликтерди жаратып, Ата мекенибизди бүткүл ааламга даңазалап келаткан уул-кыздарыбыз бар экени кубандырат", — деп айтылат куттуктоодо.
Президент бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан Кыргызстанда маданиятты сактап, андан ары өнүктүрүүгө зор салым кошуп келе жаткан бул тармактын кызматкерлеринин эмгек маянасы 100 пайызга чейин көтөрүлгөнүн эске салды.
"Сиздер ар күнү, ар бир көз ирмемде элдин жакшылыгын, кайгы-кубанычын бөлүшүп, жан дүйнөсүнө майрам тартуулап келесиздер. Мындан ары дагы сиңирген эмгегиңиздердин акыбети кайтсын деп тилек кылам. Сиздерге чыгармачылык бийиктиктерди, түгөнбөс эргүү каалайм!" — деди Жапаров.
Сөзүнүн аягында өлкө башчы маданият кызматкерлерине бардык жакшылыктарды каалаган.
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2022
Сыноолорго татыктуу туруштук бердиңер. Жапаров милиция кызматкерлерин куттуктады
Жаңылыктар түрмөгү
0