https://sputnik.kg/20221024/kyrgyzdandyk-balbandar-duyno-chempionaty-medal-1069304866.html
Кыргызстандык балбандар Испаниядагы дүйнө чемпионатында эки медаль утту
Кыргызстандык балбандар Испаниядагы дүйнө чемпионатында эки медаль утту
Sputnik Кыргызстан
Турнир узаган дем алыш күндөрү Понтеведра шаарында өтүп, өлкө намысын сегиз спортчу коргоду. 24.10.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-10-24T14:03+0600
2022-10-24T14:03+0600
2022-10-24T14:20+0600
спорт
эркин күрөш
балбан
дүйнө чемпионаты
медаль
жеңиш
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/18/1069304571_0:0:3073:1728_1920x0_80_0_0_9df204ce29ecd41436b00be6c0eb57ef.jpg
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстандык балбандар Испанияда болгон эркин күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында (U-23) күмүш, коло медалга ээ болушту.Турнир узаган дем алыш күндөрү Испаниянын Понтеведра шаарында өткөн. Кыргызстандын атынан башкы машыктыруучу Руслан Маджинов жетектеген сегиз балбан катышкан. Алар эки медаль утуп, жалпы командалык эсепте 44 мамлекеттин ичинен 10-орунду ээлеген.Тайырбек Жумашбек уулу 61 килограммга чейинки салмак категориясы боюнча күмүш медаль тагынган. Ал күрөштү 1/8 финал стадиясынан баштап америкалык атаандашын 9:0, кийинки айлампада колумбиялыкты 11:00 эсеби менен жеңген.Жарым финалда Түркиядан барган спортчуну 5:0 менен уткан. Бирок финалда армениялык балбан менен кыл чайнашкан кармаш өткөрүп, 5:7 эсебинде жеңилип калган.Бекзат Алмаз уулу 57 килограмм салмак категориясы боюнча коло медаль тагынды. Ал катары менен эки ирет утуп, бирок жарым финалда индиялык каршылашына жеңишти алдырып жиберген.Коло медаль үчүн күрөштө Шри-Ланканын спортчусун жеңип алган.
https://sputnik.kg/20221024/kyrgyzstan-dujno-kuboguna-bara-turchu-balbandar-1069284729.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/18/1069304571_165:0:2896:2048_1920x0_80_0_0_e802a3fe7ba719f06a694011de8abbff.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
спорт, эркин күрөш, балбан, дүйнө чемпионаты, медаль, жеңиш
спорт, эркин күрөш, балбан, дүйнө чемпионаты, медаль, жеңиш
Кыргызстандык балбандар Испаниядагы дүйнө чемпионатында эки медаль утту
14:03 24.10.2022 (Жаңыртылды: 14:20 24.10.2022) Турнир узаган дем алыш күндөрү Понтеведра шаарында өтүп, өлкө намысын сегиз спортчу коргоду.
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстандык балбандар Испанияда болгон эркин күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында (U-23) күмүш, коло медалга ээ болушту.
Турнир узаган дем алыш күндөрү Испаниянын Понтеведра шаарында өткөн. Кыргызстандын атынан башкы машыктыруучу Руслан Маджинов жетектеген сегиз балбан катышкан. Алар эки медаль утуп, жалпы командалык эсепте 44 мамлекеттин ичинен 10-орунду ээлеген.
Тайырбек Жумашбек уулу 61 килограммга чейинки салмак категориясы боюнча күмүш медаль тагынган. Ал күрөштү 1/8 финал стадиясынан баштап америкалык атаандашын 9:0, кийинки айлампада колумбиялыкты 11:00 эсеби менен жеңген.
Жарым финалда Түркиядан барган спортчуну 5:0 менен уткан. Бирок финалда армениялык балбан менен кыл чайнашкан кармаш өткөрүп, 5:7 эсебинде жеңилип калган.
Бекзат Алмаз уулу 57 килограмм салмак категориясы боюнча коло медаль тагынды. Ал катары менен эки ирет утуп, бирок жарым финалда индиялык каршылашына жеңишти алдырып жиберген.
Коло медаль үчүн күрөштө Шри-Ланканын спортчусун жеңип алган.

24 Тогуздун айы 2022, 08:33