Дипломат Буранов: катарыбыздан Касым-Жомарт Токаев менен Ильхам Алиев чыкты

© Фото / из личного архива Айжигита БурановаКР Индиядагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Айжигит Буранов КР эгемендүүлүгүнө карата дипломатиялык салтанаттуу кечеде Нью-Делинин генерал-губернатору менен. 1994-жыл, 31-август
КР Индиядагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Айжигит Буранов КР эгемендүүлүгүнө карата дипломатиялык салтанаттуу кечеде Нью-Делинин генерал-губернатору менен. 1994-жыл, 31-август - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2022
Жазылуу
Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин түптөлгөнүнө быйыл 31 жыл болот. 1991-жылдан тарта тышкы саясий ведомоствонун кызматкерлери кыйынчылыктарга карабастан чет өлкөдө Кыргызстандын элчиликтерин ача башташкан.
КР ТИМинин I класстагы толук жана ыйгарым укуктуу кенже элчиси Айжигит Буранов колумнист Алмаз Батиловго Кыргызстандын дипломатиясы жана Индиядагы элчилиги кандайча ачылганын айтып берди. Буранов биринчилерден болуп малай тилин өздөштүрүп, 1992-жылы Делиде республиканын алгачкы расмий өкүлү болгон.
— Адатта тил үйрөнөм дегендер дүйнөдө көп колдонулганына басым жасайт эмеспи. Малай тилин кандайча тандап калдыңыз?
— 1972-жылы Фрунзе шарында №24 мектепти бүткөм. Бала кезден эле чыгыш таануучу болсом дечүмүн. Бул кесипти тандап алууга атактуу россиялык илимпоздор Николай Пржевальский, Николай Миклухо-Маклай өңдүү чыгыш таануучулардын илимий эмгектери, алар жөнүндө тартылган көркөм тасмалар түрткү болду. 1973-жылы Советтик армиянын катарына чакырылып, Минск шаарындагы атайын даярдыктагы бөлүккө түштүм. 1974-жылы январда биз кызмат өтөгөн аскердик бөлүктө түн ичинде өрт чыкты. Казармадагы полктошторумду өрттөн куткарып, курал-жаракты алып чыккан маалда колдорум күйүп, мунун айынан госпиталга жаттым. Командачылык мындай каармандыгым үчүн "Аскердик кызматтагы күжүрмөндүгү үчүн" төш белгиси менен сыйлап, Кыргызстанга эмгек өргүүгө жиберди. Андан тышкары, дивизиянын саясий бөлүмү Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер боюнча институтка тапшырууга жолдомо берген, ал жакка кире кетмей болдум. Атам Фрунзеден чалып, "Москвадан кыргыздын биринчи вьетнам таануучусу Касымбай Намазбеков менен жолугуп, адистигиң тууралуу сүйлөш. Мен ага айттым" деди. Ал аны жакшы таанычу экен. 1974-жылы март айында Намазбеков менен Москванын Смоленский аянтында жайгашкан СССРдин Тышкы иштер министрлигинин кире беришинен жолуктук. Касымбай Намазбекович жаңы эле Вьетнамдан келиптир. Аскердик кышкы форма кийип, эки колум таңылганын көрүп жылмайды. Намазбеков мага "малай тилин танда. Бул тилде Индонезия, Малайзия, Бруней жана Сингапурдагы калктын басымдуу бөлүгү сүйлөйт. Анын үстүнө жогорудагы өлкөлөр боюнча Орто Азияда адис жокко эсе" деп кеңеш берди. Ынанып, Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун даярдоо курсуна тапшырдым. Бир жылдан кийин малай тилинин адистигине өттүм. Ошентип Касымбай Намазбековичтин кеңеши менен дипломатиялык жолум башталды. Институттун даярдоо курсунда англис тилин кайрадан окудум. Ошол эле убакта Индонезия, Малайзия жана Бруней жөнүндө илимий эмгектер менен таанышып, чыгыш таануу факультетине тапшырганда малай тилин тандадым.
© Фото / из личного архива Айжигита БурановаКР ТИМинин 1-класстагы Толук жана Ыйгарым укуктуу кенже элчиси Айжигит Буранов
Дипломат Айжигит Буранов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2022
КР ТИМинин 1-класстагы Толук жана Ыйгарым укуктуу кенже элчиси Айжигит Буранов
— Кыйналдыңызбы?
— Негизи тандаган тилди сүйүп үйрөнүш керек. Малай тилин балыкчылардын тили деп айтсак болот. Себеби малай тилинде сүйлөгөн мамлекеттер аралдарда жайгашкан, калкынын басымдуу бөлүгү балык уулап жан багат. Бизге малай тилинен Ява аралынын ханбийкеси Интовиуджами сабак берчү. Түштүк-Чыгыш Азиянын тарыхын, маданиятын, саясатын жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүн абдан талдап окудук. Мындан сырткары, англис тилин дагы тереңдеттик. Институтта көрүнүктүү кинодраматург, ыраматылык Баян Сарыгулов, белгилүү маркум дипломат Акылбек Салиев, түрк таануучу Дилде Сарбагышева, афган таануучу Таалатбек Масадыков сыяктуу кыргыздын белгилүү маданият ишмерлери жана дипломаттар менен чогуу окудум. Биздин катарыбыздан Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев чыкты.
© Фото / из личного архива Айжигита БурановаКР ТИМинин 1-класстагы Толук жана Ыйгарым укуктуу кенже элчиси Айжигит Буранов курсташтары менен. Астана. 2017-жыл
Дипломат Айжигит Буранов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2022
КР ТИМинин 1-класстагы Толук жана Ыйгарым укуктуу кенже элчиси Айжигит Буранов курсташтары менен. Астана. 2017-жыл
— Институтту бүткөндөн кийин кайсы өлкөгө бөлүндүңүз?
— 1982-жылы жогорку окуу жайды ийгиликтүү аяктап, СССР ТИМинин Тынч океан жана Түштүк-Чыгыш башкармалыгында дипломатиялык карьерам башталды. Индонезияга барып келип эки жыл иштедим. Бул өлкөдө иштеш кыйын болду. Себеби 1965-жылга чейин Индонезия менен СССРдин мамилеси абдан жакшы эле. Бирок 1967-жылы аскерлер бийликке келгенден кийин Советтер Союзу менен алака начарлап, Индонезия АКШ менен тыгыз кызматташууга өттү. Мен эки мамлекеттин ортосунда мамилени калыбына келтирүү боюнча тарыхый процесске катыштым. СССР менен Индонезиянын ортосунда карым-катнаш 1989-жылы гана оңоло баштады. Андан кийин беш жылга жакын Бангладеште Советтер Союзун элчилигинде билим берүү боюнча атташе болуп иштедим. Бенгал тилин анча-мынча өздөштүрдүм. Ошол учурда Бангладеш Батыш державаларынын таасиринде болгондуктан, ал жерде да кыйынчылыктар болду. Студенттерди СССРге окууга жөнөтүп жаткан маалда бийлик тараптан ар кандай тоскоолдуктар жаралчу. Негизи дипломаттар бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарганда гана ийгиликке жетет. Бангладеште Кыргызстан жана Россия дипломатиясынын ардагерлери Сактанбек Кадыралиев, Юрий Шаповалов менен чогуу иштедим. Советтер Союзу ураган 1991-жылы СССР ТИМинин Тынч океан жана Түштүк-Чыгыш башкармалыгында элем. Андан соң жетекчилик Россиянын ТИМине которду.
— Сизди Кыргызстандын Индиядагы алгачкы расмий өкүлү болгонуңузду билебиз.
— 1992-жылы Индиядагы Россия элчилигинин биринчи катчысы жана Кыргызстандын өкүлү болуп дайындалдым. Делиге келгенден кийин мен бул мамлекетте өлкөнүн биринчи убактылуу ишенимдүү өкүлү (ВПД) болдум. Менин айлыгымды Россия төлөп жатты.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Индияга СССРдин жетекчиси Леонид Брежнев Советтер Союзунун төрагасынын орунбасары Төрөбай Кулатов (1- катарда сол жактан экинчи) расмий иш-сапар менен барган учуру. 1973-жыл

Индияга СССРдин жетекчиси Леонид Брежнев Советтер Союзунун төрагасынын орунбасары Төрөбай Кулатов (1- катарда сол жактан экинчи) расмий иш-сапар менен барган учуру. 1973-жыл - Sputnik Кыргызстан
1/3

Индияга СССРдин жетекчиси Леонид Брежнев Советтер Союзунун төрагасынын орунбасары Төрөбай Кулатов (1- катарда сол жактан экинчи) расмий иш-сапар менен барган учуру. 1973-жыл

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР / Морев

Индиянын премьер-министри Раджив Ганди жубайы Соня Ганди менен Кыргызстанга келген учуру. Фрунзе, Манас аэропорту. 1985-жыл

Индиянын премьер-министри Раджив Ганди жубайы Соня Ганди менен Кыргызстанга келген учуру. Фрунзе, Манас аэропорту. 1985-жыл - Sputnik Кыргызстан
2/3

Индиянын премьер-министри Раджив Ганди жубайы Соня Ганди менен Кыргызстанга келген учуру. Фрунзе, Манас аэропорту. 1985-жыл

© Фото / из личного архива Айжигита Буранова

КР туңгуч президенти Аскар Акаев Индияга расмий иш-сапар менен келген учуру. (оң жактан үчүнчү КР Индиядагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Айжигит Буранов). 1992-жыл, март

КР туңгуч президенти Аскар Акаев Индияга расмий иш-сапар менен келген учуру. (оң жактан үчүнчү КР Индиядагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Айжигит Буранов). 1992-жыл, март - Sputnik Кыргызстан
3/3

КР туңгуч президенти Аскар Акаев Индияга расмий иш-сапар менен келген учуру. (оң жактан үчүнчү КР Индиядагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Айжигит Буранов). 1992-жыл, март

1/3

Индияга СССРдин жетекчиси Леонид Брежнев Советтер Союзунун төрагасынын орунбасары Төрөбай Кулатов (1- катарда сол жактан экинчи) расмий иш-сапар менен барган учуру. 1973-жыл

2/3

Индиянын премьер-министри Раджив Ганди жубайы Соня Ганди менен Кыргызстанга келген учуру. Фрунзе, Манас аэропорту. 1985-жыл

3/3

КР туңгуч президенти Аскар Акаев Индияга расмий иш-сапар менен келген учуру. (оң жактан үчүнчү КР Индиядагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Айжигит Буранов). 1992-жыл, март

Кыргызстан менен Индиянын ортосунда мамиле жаңыдан күч алып жаткан учур эле. 1993-жылы 17-19-мартта өлкөнүн туңгуч президенти Аскар Акаев Борбордук Азиянын президенттеринин ичинен биринчилерден болуп Индияга расмий сапары менен барган. Буга чейин өлкө башчы катары Түркияга гана барган. Делиге аны менен чогуу ар түрдүү министрлик, ведомстволордун жетекчилери жана парламенттин депуттарынан куралган чоң делегация келди. Индиянын жетекчилиги Кыргызстан менен кызматтушууга абдан кызыкдар болду. Бишкек менен Делинин ортосунда стратегиялык мааниге ээ бир топ келишимдерге кол коюлган. Бул документтердин негизинде кызматташуу азыркыга чейин уланып жатат. Мисалы, Кыргызстан Индиянын техникалык-экономикалык кызматташуу программасы боюнча келишимге кол койгон. Мунун арты менен Кыргызстан адистерин окутуп алды. Акаевдин визитинен кийин Индияда Кыргызстандын элчилигин түзө баштадым.
— Иш оңой болбосо керек. Эмнеге басым жасадыңыз?
— Каражат жактан аябай кыйналдым. Эки жыл Бишкек каржылаган жок. Буга карабастан ишти уланта бердим. Россиялык, индиялык жана башка чет өлкөлүк кесиптештер көмөк көрсөттү. Индиялык кесиптештерим Делинин чок ортосундагы Васант Вихар көчөсүндө жайгашкан чоң үйүн убактылуу пайдаланууга беришти. Элчиликти ушул үйгө ачтык. Индиянын мамлекеттик структуралары жана жеке ишкерлери менен жакындан таанышып, Кыргызстанга инвестиция алып барууга умтулдум. Каражаттын таңсыктыгынан дипломатиялык салтанаттуу кечелерге түркмөнстандык кесиптешим менен моторикшага түшүп барган күндөр болду.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРТаш-Көмүрлүк шахтер Мойдун Темирбаев, белгилүү драматург, мамлекеттик ишмер Шүкүрбек Бейшеналиев Непалдын падышасы менен жолугуп жаткан учуру. Катманду шаары. 1972-жыл
Встреча представителей КР с королем Непала - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2022
Таш-Көмүрлүк шахтер Мойдун Темирбаев, белгилүү драматург, мамлекеттик ишмер Шүкүрбек Бейшеналиев Непалдын падышасы менен жолугуп жаткан учуру. Катманду шаары. 1972-жыл
Дипломатиялык корпуста автоунаанын номери канчалык кыска болсо, ошончо кадыр-барктуу деп эсептелет. Мисалы, Россиянын Индиядагы элчисинин автоунаасынын номери 75 болчу. Мен Индиянын ТИМинен 30 номерин алдым. Кесиптештерим абдан таң калышкан. Элчиликтин биринчи автоунаасы ВАЗ-2101 "Жигули" эле. Ошол учурда Делиге кыргызстандык соодагерлер Ташкенттин аэропорту аркылуу байма-бай каттай баштаган. Булардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча аябай көп көйгөйлөр жаралды. Жергиликтүү шылуундар кыргызстандыктардын акчасын рупийге алмаштырып беребиз деп алдаган. Акчанын ордуна лотерея билетин карматкан учурлар болгон. Алардын укуктарын коргоодо дипломатиялык тажрыйбам байыды. 1994-жылы Акаев элчиликке бир миллион сом бөлгөндө гана жаныбыз жай ала түштү. Бул өлкөдө беш жыл иштедим. Менин жекече пикиримде, Индия менен Кыргызстан экономикалык дипломатиясын өнүктүрүшү зарыл.
ТИМ жетекчисинин мурдагы орун басары, КР толук жана ыйгарым укуктуу кенже элчиси Талгат Чинетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2022
Дипломат Чинетов: кыргыз маданиятына таң калган Норвегия атташесинин сөзүн унутпайм
Аскердик котормочу Айбек Дехканов куралдашы менен. Түндүк Афганистан, 1983-жыл - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2022
Моджахеддер БТРге байланган жоокерлердин сөөгүн аткылап. Аскердик котормочунун маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0