Дипломат Чинетов: кыргыз маданиятына таң калган Норвегия атташесинин сөзүн унутпайм

© Фото / предоставлено Талгатом ЧинетовымТИМ жетекчисинин мурдагы орун басары, КР толук жана ыйгарым укуктуу кенже элчиси Талгат Чинетов
ТИМ жетекчисинин мурдагы орун басары, КР толук жана ыйгарым укуктуу кенже элчиси Талгат Чинетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2022
Жазылуу
24-октябрда өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кесиптик майрамын белгилейт. 1998-жылы 21-октябрда КР өкмөтү №689 токтому менен бул күндү кыргызстандык дипломаттар күнү деп белгилеген.
Кыргызстандын эгемендүүлүгүн түптөөдө ТИМ чоң роль ойногон. Мамлекеттин таянычы болгон ведомство кандай сыноодон өткөнүн ТИМ жетекчисинин мурдагы орун басары, КР толук жана ыйгарым укуктуу кенже элчиси Талгат Чинетов колумнист Алмаз Батиловго айтып берген.
— Кесибиңиз боюнча дипломатияга тиешеңиз жок экен. Бул адистикти кандайча аркалап калдыңыз?
— 1972-жылы мен Ош шаарындагы Ломоносов атындагы орто мектепти бүтүп, Москвадагы Болот жана эритме институтунун металлдын физикасы адистигине тапшырып, 1978-жылы инженер-металлург кесибине ээ болдум. Фрунзедеги Ленин заводунда инженер-технолог болуп эмгек жолумду баштадым. Үч жылдан соң комсомол жана партиялык кызматтарга аралаштым. Борбордогу Биринчи май райкомунда өндүрүш-транспорттук жана уюштуруу бөлүмдөрүн жетектедим. 1989-жылы ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары, Кыргызстандын ТИМ жетекчиси Жаңыл Түмөнбаева республиканын Тышкы иштер министрлигинде иштөөнү сунуштады. Биринчи май районунда чогуу иштегенбиз, өндүрүш жана уюштуруу багытындагы тажрыйбаман улам чакырса керек. Ведомстводо үч бөлүм ачылып, он эки кызматкер иштей турганы тууралуу алдын ала билгем.
© Фото / предоставлено Талгатом ЧинетовымТИМ жетекчисинин мурдагы орун басары, КР толук жана ыйгарым укуктуу кенже элчиси Талгат Чинетов БУУдагы КР өкүлчүлүгүнүн кеңсесинде. 1993-жыл, Нью-Йорк
Бывший заместитель главы МИД, посол КР Талгат Чинетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2022
ТИМ жетекчисинин мурдагы орун басары, КР толук жана ыйгарым укуктуу кенже элчиси Талгат Чинетов БУУдагы КР өкүлчүлүгүнүн кеңсесинде. 1993-жыл, Нью-Йорк
— Ал учурда КР ТИМи кандай ишмердүүлүк жүргүзчү эле?
— Азыркы Борбордук шайлоо комиссиясы жайгашкан имараттын биринчи кабатын министрлик ээлечү. Жазуучулар союзу да ошол жерде эле. Министрликте расмий үч эле киши иштечү: Москвада Кыргызстандын туруктуу өкүлчүлүгүндө иштеп жаткан француз тили боюнча адис Молдоиса Дүйшекеев, Түркияда СССРдин элчилигинде иштеп жаткан түрк таануучу Дилде Сарбагышева, үчүнчүсү кытай таануучу Муратбек Иманалиев болчу. Мен төртүнчү болуп кошулдум.
Буга чейин министрлик протокол боюнча чет өлкөлүк делегацияларды тосуп алуу жана виза берүү кызматын аткарчу экен. Ошол учурда СССРде кайра куруу саясатынын таасири менен ар бир союздук республиканын укугун кеңейтүү программасы иштелип жаткан учур эле. Тышкы саясатта да мүмкүнчүлүктөрдү көбөйтүү айтылган. Түмөнбаева Москва аркылуу штатты он бирдикке көбөйтүп, үч бөлүм ачылды. Консулдук бөлүмдү Муратбек Иманалиев жетектеди. Аскар Айтматов маалымат-аналитикалык бөлүмдүн жетекчилигине дайындалды. Мен сырткы экономикалык жана маданий байланыштар боюнча бөлүмдүн башчылыгына дайындалдым. Андан кийин протокол жана сыр сактоочу бөлүмдөр ачылды.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР / Морев

Аскар Акаев Анкарада Түркиянын премьер-министри Сулейман Демирель (сол жакта) менен Кыргызстандын элчилигин ачуу аземинде. 1992-жыл

Аскар Акаев Анкарада Түркиянын премьер-министри Сулейман Демирель (сол жакта) менен Кыргызстандын элчилигин ачуу аземинде. 1992-жыл - Sputnik Кыргызстан
1/2

Аскар Акаев Анкарада Түркиянын премьер-министри Сулейман Демирель (сол жакта) менен Кыргызстандын элчилигин ачуу аземинде. 1992-жыл

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР / А. Толмачев

“Манас” аэропортунда Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин Президиумунун катчысы Жаңыл Түмөнбаева кесиптештери менен Алжирдин Улуттук элдик жыйынынын делегациясын узатып жаткан учур. Фрунзе, 1978-жыл

“Манас” аэропортунда Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин Президиумунун катчысы Жаңыл Түмөнбаева кесиптештери менен Алжирдин Улуттук элдик жыйынынын делегациясын узатып жаткан учур. Фрунзе, 1978-жыл - Sputnik Кыргызстан
2/2

“Манас” аэропортунда Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин Президиумунун катчысы Жаңыл Түмөнбаева кесиптештери менен Алжирдин Улуттук элдик жыйынынын делегациясын узатып жаткан учур. Фрунзе, 1978-жыл

1/2

Аскар Акаев Анкарада Түркиянын премьер-министри Сулейман Демирель (сол жакта) менен Кыргызстандын элчилигин ачуу аземинде. 1992-жыл

2/2

“Манас” аэропортунда Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин Президиумунун катчысы Жаңыл Түмөнбаева кесиптештери менен Алжирдин Улуттук элдик жыйынынын делегациясын узатып жаткан учур. Фрунзе, 1978-жыл

— Ошол учурда Кыргызстанда дипломатия багытында окуган жана иштеген кадрлар саналуу эле да. Маселе кандайча чечилди?
— Түмөнбаева республиканын тышкы саясат ведомствосунун жумушун жаңы багытка салышы керек эле. СССР ТИМинин борбордук аппаратында иштеген кыргыздарды издеп, испан жана португал тилдери боюнча адис, такшалган дипломат Жумакадыр Атабековду тапты. Түмөнбаева аны өзүнө орун басар кылган. Башка кадр көйгөйүн чечүү оор болду. Конкурс жарыяланганда чет тилчи мугалимдер жана башка адистер келе баштады. Бирок алар тилден башка эч нерсени билбесин көрдүк. ТИМге сырткы саясат, экономика, маданият жана башка багыттар боюнча адистер керек болчу. Ошондо тил билбесе да жогорудагы багыттарды түшүнгөн адамдарды жумушка алуу чечилип, адистер чет тилди жумуш үстүндө үйрөнөт деген тыянакка келишти. Мен да чет тилин билчү эмесмин. Жетекчилик чет тилин үйрөтүүгө атайын мугалимдерди жалдап, тажрыйба жемишин берди.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР / МоревКампучия Эл Республикасынын Улуттук жыйынынын делегациясы Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин президимунда. Сүрөттүн автору Морев. Фрунзе
Собрание Народной Республики Кампучия - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2022
Кампучия Эл Республикасынын Улуттук жыйынынын делегациясы Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин президимунда. Сүрөттүн автору Морев. Фрунзе
— Дипломатиялык багытындагы биринчи иш-чараңыз тууралуу айтып берсеңиз?
— Адегенде ТИМдеги жумуш мен үчүн түшүнүксүз болчу. Өзүм жетектеген бөлүмдүн ишин алдыга жылдырууга умтулуп, тобокелге салып бир иш-чара өткөрөйүн дедим. 1990-жылы Москвадагы чет мамлекеттик элчиликтердин маданият тармагындагы байланыштар боюнча атташелерди Кыргызстандын маданияты менен таанышып кетүүгө Фрунзеге чакырып, кат жаздык. Келечекте чет мамлекеттер менен маданият жаатында түз кызматташуга ниеттенгенбиз. Жергиликтүү ишкерлерге каржылык көмөк көрсөтүүнү өтүнсөм макул болуп ордуна эч нерсе сурашкан жок. Москвадагы элчиликтерден Кытай, Испания, Голландия, Норвегия, Финляндия жана башка европалык элчиликтердин 12 атташеси борбор калаага өз эсебинен учуп келди. Алар менен СССР ТИМинин маданият башкармалыгынын жетекчиси да келди. Тамак-ашын, жатаканасын жана унаасын толугу менен жергиликтүү ишкерлер каржылады. Аларга чын дилимден ыраазы болдум.
Чет элдик кесиптештерге филармонияда атайын концерт, кыргыз жана орус драма театрларында спектаклдерди уюштурдук. Андан кийин "Кыргызфильм", "Кыргызтелефильмге" алып барып ишмердүүлүгү менен тааныштырдык. Алар Кыргызстанда маданият ушунча бийик деңгээлде өнүккөнүн көрүп эстери ооду. "Алыскы тоодо жайгашкан союздук республикада маданияты бийик өнүккөн деп эч ойлобоптурмун. Кыргызстандын артисттеринен мынчалык чеберчиликти такыр күткөн эмесмин" деп Норвегия элчилигинин маданият боюнча атташеси башын чайкап таң калганы эсимден кетпейт. Советтер Союзунун ТИМинде маданият башкармалыгында биз өткөргөн иш-чара жөнүндө атайын жыйын өтүп кыргызстандык кесиптештерден ушул тажрыйбаны үйрөнгүлө деп жетекчилик бизди үлгү кылган.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР / Аскар АбдыгуловКыргыз ССРинде дипломатиялык корпус күндөрү. Дипломаттар Кыргыз ССРнин ВДНХда жылкыларды көрүп жаткан учур. Сүрөттүн автору Аскар Абдыгулов. Фрунзе, 1978-жыл
Дни дипломатического корпуса в Киргизской ССР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2022
Кыргыз ССРинде дипломатиялык корпус күндөрү. Дипломаттар Кыргыз ССРнин ВДНХда жылкыларды көрүп жаткан учур. Сүрөттүн автору Аскар Абдыгулов. Фрунзе, 1978-жыл
— 1990-жылдары өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин кыргызстандык дипломаттарды чет мамлекеттер жогорку окуу жайларында окута баштады. Сиз да билимиңизди жогорулаттыңыз да?
— 1992-жылы жетекчилик үч айга Индияга жиберди. Делидеги Индия ТИМинин курамындагы дипломатиялык академияда окудум. Ал жерден англис тилин да жакшы өздөштүрдүм. Ошол жылы Россиянын Индиядагы элчилигинде кыргызстандык дипломат Айжигит Буранов иштечү. Аны Кыргызстандын ТИМи сунуштаган. Иш жүзүндө Буранов Делиде расмий Бишкектин өкүлү болуп эсептелчү. Муну менен Россия мурдагы союздук республикаларга дипломатия жаатында көмөк көрсөткөн. Дагы бир кыргызстандык дипломат Омар Султанов Россиянын Австриядагы элчиликтин курамында болгону менен Кыргызстандын өкүлү деген макамы бар болчу.
© Фото / из личного архива Талгата ЧинетоваБУУнун Генералдык Ассамблеясынын залы. 1995-жыл, Нью-Йорк
Бывший заместитель главы МИД, посол КР Талгат Чинетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2022
БУУнун Генералдык Ассамблеясынын залы. 1995-жыл, Нью-Йорк
— Кыргызстандын БУУдагы өкүлчүлүгүндө иштедиңиз. Кыйынчылыктар болдубу?
— 1991-жылы Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин ТИМ жаңы деңгээлге чыкты. Алдыга дүйнөлүк аренада Кыргызстанды таанытып, улуттук кызыкчылыктарды жылдыруу максаты коюлду. Ошондуктан БУУда өлкөнүн өкүлчүлүгүн ачуу керек болчу. 1992-жылы бул эл аралык уюмда мамлекеттин биринчи өкүлү Жумакадыр Атабеков болду. Мени жетекчилик анын жанына иштегени жиберди.
Кыргызстандын өкүлчүлүгүнө россиялык кесиптештер аябай көмөк көрсөтүштү. Бекер батир, кеңсе жана атайын байланыш аппаратын беришти. Айлыгыбыз абдан аз болчу. Кыргызстанды БУУнун ичинде таанытуу жеңилге турган жок. БУУнун системасы татаал жана көп кырдуу. Бир жыл иштеген соң гана системанын механизмдеринин анча-мынча сырларын түшүнө баштадым. Бирок бул кыйынчылыктарга карабастан өлкөнүн кызыкчылыгын алдыга жылдыруу боюнча ийгиликтерге жетиштик. 1994-жылы 5-октябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык ассамблеясы 1995-жылды кыргыздын улуттук "Манас" эпосунун миң жылдыгы майрамдалчу жыл деп жарыялаган токтом чыгарды. Бул иш-чара жаңыдан эгемендүүлүгүн түптөп жаткан Кыргызстандын аброюн дүйнөлүк аренада көтөрдү. Өлкөнүн көз карандысыз дипломатиясы түптөлгөн учурда иштегениме сыймыктанам.
Тажикстандагы Кыргызстандын Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Эрик Асаналиев кесиптештери менен. 1997-жыл. Душанбе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2022
Кыргызстандын аскер дипломатиясынын чыйыры. Легендарлуу Эрик Асаналиевдин жолу
СССРдин 1-класстагы Толук жана Ыйгарым укуктуу кенже элчиси Жаңыл Түмөнбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2021
Жаңыл Түмөнбаева: кыргыз кереметин Казы Дикамбаев менен Сакин Бегматова түптөгөн
Жаңылыктар түрмөгү
0