Моджахеддер БТРге байланган жоокерлердин сөөгүн аткылап. Аскердик котормочунун маеги

© Фото / из личного архива Айбека ДехкановаАскердик котормочу Айбек Дехканов куралдашы менен. Түндүк Афганистан, 1983-жыл
Аскердик котормочу Айбек Дехканов куралдашы менен. Түндүк Афганистан, 1983-жыл - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2022
Жазылуу
24-октябрда кыргызстандык дипломаттар кесиптик күнүн белгилейт. Бул күн өлкөдө 24 жылдан бери майрамдалып келүүдө.
Эгемен Кыргызстандын дипломатиясын түптөөгө афган согушунун ардагерлери да катышкан. Өлкөнүн тышкы саясий ведомствосунун өнүгүүсүнө күжүрмөн эмгек кылгандардын бири — дари тили боюнча адис Айбек Дехканов. Ал 1982-1984-жылдары Афганистанда советтик 40-армиянын катарында аскердик котормочу болгон. Дипломатиялык кызматтын 63 жаштагы кеңешчиси колумнист Алмаз Батилов менен баарлашып, Афганистандагы жарандык согушта башынан өткөн айрым окуяларын айтып берди. Командачылык көрсөткөн каармандыгы үчүн Айбек Дехкановду СССРдин Эрдик үчүн медалы менен сыйлаган.
© Sputnik / Асель СыдыковаАскердик котормочу, дари тили боюнча адис Айбек Дехканов: Биздин факультетте дари тилин окуган студенттердин дээрлик бардыгы Афганистанда атайын үгүт бөлүмүндө аскердик кызматын өтөгөн.
Дипломат и ветеран афганской войны Айбек Дехканов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2022
Аскердик котормочу, дари тили боюнча адис Айбек Дехканов: Биздин факультетте дари тилин окуган студенттердин дээрлик бардыгы Афганистанда атайын үгүт бөлүмүндө аскердик кызматын өтөгөн.
— Дари тилин кайсы жогорку окуу жайда окудуңуз эле?
— 1976-жылы борбор калаадагы №6 орто мектепти аяктаган соң Ташкент мамлекеттик университетиндеги чыгыш таануу факультетинин дари тили боюнча бөлүмүнө тапшырып, 1981-жылы аяктадым. Андан соң Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын чыгыш таануу бөлүмүнө орноштум. Аскердик комиссариаттан чакыруу келгенде бойдок элем. 1982-жылы февралда Афганистанга чогуу окуган курсташым, досум Замир Арынов да барды. Ал Каракол шаарынан. Бизден мурда борбордук Афганистандагы Газни шаарында жердешибиз, белгилүү чалгынчы, дипломат жана илимпоз маркум Акылбек Салиев моджахеддерге каршы салгылашканын кийин билдим. Ал кыргыздын ичинен чыккан венгр тили боюнча алгачкы адис эле.
© Фото / из личного архива Амана Салиева

СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин (МКК) офицери Акылбек Салиев (сол жакта) полктошу менен. Борбордук Афганистан, Газни шаарынын жанында. 1981-жыл

СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин (МКК) офицери Акылбек Салиев (сол жакта) полктошу менен. Борбордук Афганистан, Газни шаарынын жанында. 1981-жыл - Sputnik Кыргызстан
1/2

СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин (МКК) офицери Акылбек Салиев (сол жакта) полктошу менен. Борбордук Афганистан, Газни шаарынын жанында. 1981-жыл

© Фото / из личного архива Майрамбека Бектемирова

Бахарак кыштагынын тургунунун жубайы менен базарга кетип бара жаткан учуру. Түндүк Афганистан, Бадахшан аймагы, Бахарак айылы. 1981-жыл, күз

Бахарак кыштагынын тургунунун жубайы менен базарга кетип бара жаткан учуру. Түндүк Афганистан, Бадахшан аймагы, Бахарак айылы. 1981-жыл, күз - Sputnik Кыргызстан
2/2

Бахарак кыштагынын тургунунун жубайы менен базарга кетип бара жаткан учуру. Түндүк Афганистан, Бадахшан аймагы, Бахарак айылы. 1981-жыл, күз

1/2

СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин (МКК) офицери Акылбек Салиев (сол жакта) полктошу менен. Борбордук Афганистан, Газни шаарынын жанында. 1981-жыл

2/2

Бахарак кыштагынын тургунунун жубайы менен базарга кетип бара жаткан учуру. Түндүк Афганистан, Бадахшан аймагы, Бахарак айылы. 1981-жыл, күз

— Афганистанга котормочу болуп барарыңызды билдиңиз да?
— Ооба. Биздин факультетте дари тилин окуган студенттердин дээрлик бардыгы Афганистанда атайын үгүт бөлүмүндө аскердик кызматын өтөгөн. Бизди 4-курстан кийин Түркмөнстандын Иран менен чектешкен аймагында атайын даярдыктан өткөрүштү. Ал жерден афгандыктардын арасында саясий иштерди жана моджахеддерге каршы атайын пропаганда жүргүзүүнүн ыкмаларын үйрөндүк.
Кабулга келгенде командачылык Замир экөөбүздү советтик 40-армиянын саясий башкармалыгынын атайын пропаганда бөлүмүнө бөлүштүрдү. Бул башкармалык Кабулдун четиндеги Бала-Хиссар чебинде жайгашкан. Армиялык операциялар башталганда биз аскердик бөлүктөргө кошулуп, афгандык куралдуу оппозицияга каршы салгылаштарга катышчубуз. Афгандыктардын эрдиги менен айлакерлигине баа бердим, колдорунан мылтык түшчү эмес. Нечендеген баскынчылардын таш-талканын чыгарышты.
— Адис катары сизди бул өлкөдө эмне таң калтырды?
— Кабулга түшкөндө эле бир башкача жыт урду, азыркыга чейин кетпейт. Сөз менен түшүндүрүп айта албайм. Мага окшогон аскердик тилмечтерге жергиликтүү калк менен тил табышуу кыйын болгон жок. Афгандыктардын көпчүлүгү дари тилинде сүйлөйт. Анын үстүнө мен жергиликтүү өзбектер менен тажиктерге түспөлдөш болгондугумдан орто азиялык мусулманмын десем афгандыктарын мамилеси дароо оңолчу.
Көчмөн пуштун тайпаларынын турмушун көрдүм. Буларды мардуми кучи деп аташат. Пуштун тилинен көчмөн тайпалар деп которулат. Алардын жашоосу жана кээ бир каада-салты илгерки көчмөн кыргыздардыкына окшош. Мардуми кучинин кыз-келиндери эч качан паранжа кийген эмес, азыркы убакта да кийбейт. Адегенде булар конокко чалап сыяктуу “дух” деген суусундугун тартышат экен.
— 1979-1989-жылдары Афганистанда советтик аскерлер турганда жетекчилик үгүт иштерин жүргүзүүгө катуу көңүл бурган экен. Сиздер кайсы тажрыйбаны колдончу элеңер?
— СССРдин 40-армиясына каршы Батыштын радиостанциялары менен басылмалары үгүт иштерин жүргүзчү. Кезектешип бул радиостанциялардын англис жана дари тилинде берилген маалыматтарын жазып алып, талдачубуз. Жарым жыл сайын 40-армиянын офицерлери үчүн Афганистандагы социалдык-экономикалык жана аскердик кырдаал жөнүндө китепче жазчубуз. Башка да милдеттерибиз бар эле. Мисалы, Афганистандын ири шаарларында жайгашкан советтик аскер бөлүктөрдө саясий башкармалыктын атайын пропаганда бөлүмүнүн офицерлери чалгын кызматы менен жогорудагы дивизия же полктун тегерегинде моджахеддер кол салбоосу үчүн бейпил зонасын түзүүгө умтулчу. Алар жергиликтүү элдин аксакалдары жана кадыр-барктуу ишмерлери менен сүйлөшүп, ок атпоону макулдашышчу. Афгандыктарга бекер тамак-аш жана курал-жарак берилчү. Булардын аймагы аркылуу өткөн моджахеддер тууралуу маалымат берип, убадасына турушчу. Чалгын кызматы менен биргеликте маалыматтарды бир нече булактан текшерчүбүз. Ошол эле учурда афгандыктар сыяктуу кийинип, Кабулдагы базарларды аралап, соодагерлер менен сүйлөшүп баалуу маалымат топточубуз. Бирок кийин согушкерлер кол салууга даярданып жатканы белгилүү болуп, командачылык бул тажрыйбаны колдонууга тыюу салды. Кызмат өтөп жүрүп, бул өлкөнүн көп жерин көрдүм.
© Фото / из личного архива Айбека Дехканова

Советтик 40-армиянын атайын пропаганда бөлүмүнүн кыргызстандык офицерлери Айбек Дехканов (солдо) жана Замир Арынов. 1982-жыл, Түндүк Афганистан

Советтик 40-армиянын атайын пропаганда бөлүмүнүн кыргызстандык офицерлери Айбек Дехканов (солдо) жана Замир Арынов. 1982-жыл, Түндүк Афганистан - Sputnik Кыргызстан
1/3

Советтик 40-армиянын атайын пропаганда бөлүмүнүн кыргызстандык офицерлери Айбек Дехканов (солдо) жана Замир Арынов. 1982-жыл, Түндүк Афганистан

© Фото / из личного архива Айбека Дехканова

Аскердик котормочу Айбек Дехканов афган полициясынын кызматкери менен президент Бабрак Кармальдын хан сарайынын жанында. Афганистан, Кабул. 1983-жыл

Аскердик котормочу Айбек Дехканов афган полициясынын кызматкери менен президент Бабрак Кармальдын хан сарайынын жанында. Афганистан, Кабул. 1983-жыл - Sputnik Кыргызстан
2/3

Аскердик котормочу Айбек Дехканов афган полициясынын кызматкери менен президент Бабрак Кармальдын хан сарайынын жанында. Афганистан, Кабул. 1983-жыл

© Фото / из архива Айбека Дехканова

Советтик аскерлер моджахеддерден олжологон курал-жарак. 1982-жыл, Түндүк Афганистан

Советтик аскерлер моджахеддерден олжологон курал-жарак. 1982-жыл, Түндүк Афганистан - Sputnik Кыргызстан
3/3

Советтик аскерлер моджахеддерден олжологон курал-жарак. 1982-жыл, Түндүк Афганистан

1/3

Советтик 40-армиянын атайын пропаганда бөлүмүнүн кыргызстандык офицерлери Айбек Дехканов (солдо) жана Замир Арынов. 1982-жыл, Түндүк Афганистан

2/3

Аскердик котормочу Айбек Дехканов афган полициясынын кызматкери менен президент Бабрак Кармальдын хан сарайынын жанында. Афганистан, Кабул. 1983-жыл

3/3

Советтик аскерлер моджахеддерден олжологон курал-жарак. 1982-жыл, Түндүк Афганистан

— Кыргызстандык жоокерлер менен офицерлер жолуккан учурлар болдубу?
— 1982-жылы күздө Кабулга СССРден жаш офицерлер келишти. Аларга Афганистандагы абал жана жергиликтүү каада-салт жөнүндө лекция окуп бер деген тапшырма берилди. Кирсем арасында Эмил Таранчиев деген кыргызстандык офицер бар экен. Ал аскердик финансист болчу, кийин КР Коргоо министрлигинде иштеди. Жаңы келген офицерлерге исламдагы адал жана арам тууралуу айтып бердим. Советтик аскерлердин ушул нерсе жөнүндө такыр түшүнүгү жок болчу.
— Кайсы окуялар эсиңизде калды?
— 1983-жылдын башында Түндүк Афганистанда жайгашкан Панжшер капчыгайына 345-гвардиялык аба-десанттык парашюттук полкту коштоп бардык. Бул капчыгай атактуу афган талаа командири жана саясий ишмери Ахмад Шах Масуддун карамагында болчу. Полктун бир батальонунун штабында дубалда “Бул жерден жүгүрүп өт, болбосо моджахеддин огунан өлөсүң” деп жазылган. Ушул нерсе эсимде калды. Штаб Панжшер дарыясынын сол жагындагы афгандыктын үйүндө жайгашып, ал үйдү топурактан салынган дубалдар курчап турчу. Ал эми дарыянын оң жагын моджахеддер көзөмөлдөп, тынбай ок жаап турар эле. Биз жер төлөдө жашадык. Штабга дарыя жакка караган дарбазадан кирчүбүз. Ушул кире бериштен штабга чейинки аралык сегиз кадам болчу. Бул жерде согушкерлердин снайперинен далай советтик аскер өлүптүр. Ошон үчүн штабга чейин жанды оозго тиштеп жүгүрүп өтчүбүз.
Афганистан менен байланыштуу дагы бир учур көз алдымда турат. Салгылаштарда каза болгон жоокерлерди эч нерсеге карабастан алып чыгып, андан кийин сөөгүн БТРдин аркасына зым же аркан менен байлап алып кетчүбүз. Ошондо да куралдаштарыбыздын сөөгүн моджахеддер жөн койбой аткылашчу. Согушкерлердин курчоосунда калып, андан чыга албай турганына көзү жеткен советтик жоокер рациядан замбиректен аткылап, жок кылгыла деп өтүнчү. Туткунга түшсө тирүүлөй кескиленип өлөрүн билчү. Биз да жаныбызды кыюуга даяр элек. Чөнтөгүбүзгө ок же граната салып жүрчүбүз.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР / Доценко

Молдо афган согушунда каза болгон советтик жоокерлердин арбагына багыштап куран окуп жаткан учуру. Фрунзе, 1990-жыл

Молдо афган согушунда каза болгон советтик жоокерлердин арбагына багыштап куран окуп жаткан учуру. Фрунзе, 1990-жыл - Sputnik Кыргызстан
1/2

Молдо афган согушунда каза болгон советтик жоокерлердин арбагына багыштап куран окуп жаткан учуру. Фрунзе, 1990-жыл

© Фото / из личного архива Айбека Дехканова

КР башчысы Аскар Акаев Иранга расмий визит менен барган учурда (Айбек Дехканов экинчи катарда сол жактан үчүнчү). Тегеран, 2003-жыл, декабрь

КР башчысы Аскар Акаев Иранга расмий визит менен барган учурда (Айбек Дехканов экинчи катарда сол жактан үчүнчү). Тегеран, 2003-жыл, декабрь - Sputnik Кыргызстан
2/2

КР башчысы Аскар Акаев Иранга расмий визит менен барган учурда (Айбек Дехканов экинчи катарда сол жактан үчүнчү). Тегеран, 2003-жыл, декабрь

1/2

Молдо афган согушунда каза болгон советтик жоокерлердин арбагына багыштап куран окуп жаткан учуру. Фрунзе, 1990-жыл

2/2

КР башчысы Аскар Акаев Иранга расмий визит менен барган учурда (Айбек Дехканов экинчи катарда сол жактан үчүнчү). Тегеран, 2003-жыл, декабрь

— Чет элдик жалданма согушкерлерге жолуккан учурлар болдубу?
— Кагылышууда моджахеддердин сүйлөшүүлөрүн тыңшаганда (радиоперехват) араб, англис же кытай тилинде командалар берилип жатканын укчубуз. 1983-жылы февралда Пактия аймагындагы Гардез шаарынын жанындагы аскердик операцияга катышкам. Афганистандын коопсуздук комитетиндеги (ХАД) советтик кеңешчилер жолугушууда моджахеддердин арасында согушкерлерди дарылаган эки эркек, бир аял, француз медиктер бар, алар Кабулдун Куралдуу күчтөрү жана советтик 40-армиянын бөлүктөрү жөнүндө маалымат чогултууда деген кабар алдым. Операция учурунда катуу ооруп, жетекчилик мени Кабулга дарыланууга тик учак менен жөнөтмөй болду. Офицерлер бир туткун ала кетүүмдү өтүнүштү, макул болдум. Согушкердин көзү жашыл, өңү сары экен. Пуштундардын арасында европалыктарга окшоштөр көп. Ал тик учакка түшкөндө мен унчукпастан автоматымды кезеп ордун көрсөттүм. Ошол убакта тик учакка кесиптешим майор Николай Сметанин келип, туткунга түшкөн француз кайда экенин сурады. Туткундун француз экенин угуп таң калдым. Сметанин анын паспортун алып чыгып, тыңчынын ысымы Филипп Огайяр экенин билдик. Мындан сырткары, Филипптин папкасынан куралдуу оппозициянын “Афганистандын Ислам партиясы” кыймылынын мөөрү, дары-дармек жана фотоматериал алууга уруксат берчү документтер табылды. Жогорудагы кыймылдын лидери афгандык белгилүү саясий ишмер жана кол башчы Гульбеддин Хекматияр болчу. Огайяр француз дарыгерлеринин жетекчиси экенин түшүндүк. Тик учак абага көтөрүлгөнчө аны менен испанча сүйлөштүм. Филипп мен курдуу жигит экен. Эмне үчүн согушкерлерге жардам берип жатасың десем кесиби дарыгер экенин айтып, Афганистанга “Медициналык көмөк көрсөтүү” аттуу эл аралык уюм аркылуу келгенин айтты. Моджахеддерди дарылагам деди. Биз менен чогуу тик учакка теги армян подполковник отурду. Ал Филипп менен французча сүйлөшүп сурак жүргүздү. Кабулдун аэропортунан Огайярды советтик контрчалгындын кызматкерлери менен дарыгер тосуп алып, ага медициналык жардам көрсөтүп, жылуу кийим беришти. Эртеси Филиппти афгандык кесиптештерине өткөрүштү. Бир аз убакыттан кийин расмий Кабул моджахеддер менен сүйлөшүп, Огайярды өз туткундарына алмаштырыптыр деп уктук. Мага Филипптин кийинки тагдыры абдан кызык.
1984-жылы февралда Замир Арынов досум экөөбүз Кыргызстанга кайттык. Мен СССРдин Эрдик үчүн медалы менен сыйландым. Ал эми Замирге Кызыл Жылдыз ордени берилди. 1990-жылы октябрда Кабулга Кыргыз ССРинин расмий делегациясынын курамында акыркы жолу баргам. Бул өлкөдөгү кан майдандан Ата Мекенге аман-эсен келгениме каниет кылам. Кыргыз ССРинин Илимдер академиясында, комсомолдо, партияда, Жогорку Советте жана КР Тышкы иштер министрлигинде эмгек жолумду уланттым. Үч уул, бир кыздын атасымын. Афганистан менин жүрөгүмдө түбөлүккө калды.
Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөн күнүнө карата Коргоо министрлигинин ардагери, запастагы полковник Ратбек Ниязалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2022
Сыймыктуу, бирок эрдиги бааланбаган офицерлер. Полковник Ратбек Ниязалиевдин маеги
1-гаубица батареясынын от түшүрчү взводу командири лейтенант Сергей Зубачевдин жетекчилигинин астында моджахеддерге каршы ок чыгарып жаткан учуру - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2022
Моджахеддердин убадасы, уйкуну ачкан катуу нан... Афганчы Болотиндин маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0