00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
13:58
1 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Лето, жара и отравления: санэпиднадзор закрывает точки общепита
08:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өкмөттүн жаңы токтому аза кызматтарынын ишмердүүлүгүн тартипке келтире алабы?
09:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как получить кыргызское гражданство: сроки, документы, нюансы
10:04
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Калктын ден соолугун чыңдоо үчүн тамекиге акциздик салыкты көбөйтүү каралууда
11:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда 2040-жылга чейинки демографиялык саясаттын концепциясы иштелип чыкты — эмнелер камтылды?
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
3D и лазеры против времени: археологи изучают тюркское наследие
14:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Күн башат
Өкмөттүн жаңы токтому аза кызматтарынын ишмердүүлүгүн тартипке келтире алабы?
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От купальника до буйка: гид по выживанию на Иссык-Куле летом
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Бакен Кыдыкееваны музасына айлантып, мыкты спектаклдерди жараткан Ажыгабыл Айдаркулов
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
с Кубатом Рахимовым
18:06
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Чырпыктыдан дүйнөгө кеткен жол — калыстыкты, машыктыруучулукту катырган Рыскулбек Эгеев
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Конец «зелёной книге»? Депутаты ужесточают правила для застройщиков
20:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Күн башат
Өкмөттүн жаңы токтому аза кызматтарынын ишмердүүлүгүн тартипке келтире алабы?
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Үрөй учурган жаңылыктарды окуй берүү адатынан арылса болобу? Адистин кеңеши

© Фотохост Конгресса молодых учёных / Медиабанкка өтүүПляжда смартфон жана ноутбук менен адам. Архив
Пляжда смартфон жана ноутбук менен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2022
Жазылуу
Терс маанай жараткан жаңылыктарды кууп окугандардын 25 пайызы окуяны жан дүйнөсүнөн өткөрөрүн айткан. Андан кийин алардын көңүлү чөгүп, эмоционалдык абалы начарлай тургандыгы аныкталган.
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Думскроллинг же маанай түшүргөн маалыматтарды окуй берүү адатынан кантип кутулса болот деген суроого Россиянын Мамлекеттик башкаруу университетинин профессору Татьяна Каменева жооп бергенин "Лента.ру" жазды.
Анын айтымында, жаман кабарларды күн сайын окуу адамдын эмоционалдык, жалпы эле абалына терс таасирин тийгизет. Муну көбү билгени менен кайгылуу, негативге толгон, согуш, жаңжал, дагы башка жагымсыз окуяларды камтыган видеолорду көрүп, жаңылыктарды окууга көнүп алган.

"Заманбап дүйнө бизге реалдуу коркунучтар тууралуу эмес, адамдын түрдүү сезимдерине таасир этүү үчүн иштелип чыккан, көркөмдөлгөн, атайын даярдалган жаман окуялар менен көп бөлүшүүдө. Социалдык тармактар көп көрүлгөн контентти анализдеп чыгып, үрөй учурган жаңылыктарды окугандардын жоон тобу үчүн кайра анын жаңы бөлүгүн сунуштайт", — деди Каменева.

Ал белгилегендей, ушул жылдын март-апрель айларында өткөрүлгөн изилдөөлөр думскроллинг адамды иштен алаксыткан контенттер арасында экинчи орунда экендигин аныктаган.
"Сурамжылоого катышкандардын 27 пайызы негатив маанайдагы жаңылыктарды окуп, видеолорун көргүсү келе бергенин айткан. Анын ичинен 25 пайызы окуган жаман жаңылыктарын жан дүйнөсүнөн өткөрүп, андан кийин маанайы чөгүп, психологиялык-эмоционалдык абалы начарлай турганын билдирген", — дейт социолог.
Думскроллинг адамды жаман окуялар камтылган жаңылыктарды издеп таап окуганга, ага өзү кандайдыр бир реакция кылууга көндүрүп, окуяга таасир бере албаганынан улам стресс абалга түртөт. Мунун айынан интернет колдонуучуда тынчсыздануу, депрессия болуп, коомго аралашкысы келбей, көңүлү жай албай, башы көп ооруп, уйкусу качып, тамак сиңирүүсү начарлайт.
Адис думскроллинг менен күрөшүү оңой эмес экенин айтат. Андан арылуу үчүн башкысы адам өзүн катуу көзөмөлдөп, эркин бекемдеши зарыл.
"Адам адегенде жаман маалыматтарды окуганга байланып калганын мойнуна алышы керек. Колдонуучу өзүнө жаман таасир калтырган жаңылыктарды окугандан баш тартканы дурус", — дейт ал.
Ошондой эле мастер-класс, видеосабактар, онлайн-мектеп, жакшы музыка сыяктуу видеолор жүктөлгөн интернет-контентке өтүүнү сунуштайт. Мындан тышкары, колдонуучулар өздөрү аңдабай жалаң жаман жаңылыктарды жүктөгөн каналдарга катталып алганын карап, андан чыгып кетүүнү эскертет.
"Аптасына жок дегенде бир жолу жагымсыз жаңылык окуганды токтотуп, анын ордуна паркта сейилдеп же скверде жөн эле басып, такыр болбосо короодогу отургучка отуруп жаратылышка көз жүгүртүңүз. Асманды караңыз, кыялданыңыз", — деген адис.
Каменева сейилдөөнү, жаратылышка, жашоого көңүл бурууну адатка айланткан адам өмүрдүн алда канча кызыктуу, позитивдүү экенин сезе баштаарын белгилеген.
Бетин жаап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2022
Жашоону астын-үстүн кылган окуядан кийин киши кантип өзүнө келсе болот. Кеңеш
Жаңылыктар түрмөгү
0