Бакен Кыдыкеева казакстандык "келини" менен. "Саманчынын жолунан" таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
© Sputnik / Александр Федоров
СССРдин эл артисти белгилүү актриса Бакен Кыдыкеева менен казакстандык актриса Раушан Сармурзинанын сүрөтү 1967-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган.
Ал жылы жаш кинорежиссёр Геннадий Базаров залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" повестинин негизинде фильм тарткан. Кинофильмде Кыдыкеева Толгонайдын, Сармурзина Алимандын ролун аткарган.
Ошол кезеңди Раушан Сармурзина мындайча эскерет.
"Мен ал кезде 19 жашта болчумун. "Саманчынын жолундагы" Алимандын ролуна жарыяланган сынакка Наталья Аринбасарова экөөбүз катышып, мени тандап алышкан. Ошентип мен кыргыз элинин залкар актрисасы Бакен Кыдыкеева менен бир тасмага тартылып калгам. Экөөбүз чогуу жашап, ал мага энемдей эле болду, тарбиясын берип, акыл-насаатын айтчу. Съемка токтоп Фрунзе шаарына келип калганда анын үйүнө мейманга барчумун. Чыгармачыл топ Фрунзе шаары менен Ысык-Көл, Нарын облустарында ынтымактуу иштеп, баарыбызга Геннадий Базаров баш-көз болуп, иш маалында Чыңгыз Айтматов да байма-бай келип турчу. Кийин турмушка чыгып, жолдошум башка тасмаларга тартылууга уруксат бербей кинодон такыр алыстап кеткем. Андан бери далай жылдар өттү. Мен ошол учурду эстеген сайын кубанып калам", — деди Сармурзина.
Азыр Раушан Сармурзина Казакстанда химия илимдеринин доктору. Нефть, газ, химия продукцияларынын өндүрүүчүлөр менен колдонуучулар ассоциациясынын кеңешинин төрайымы болуп иштеп, коңшу өлкөдөгү жогорку окуу жайларда лекция окуйт.
"Саманчынын жолунда" ошондой эле Советбек Жумадылов, Болот Бейшеналиев, Таттыбүбү Турсунбаева, Лидия Ашрапова, Насыр Кытаев, Нуртай Борбиев, Тургун Бердалиев, Токтогул Какчекеев роль жараткан. Кинокартина элге сунушталганда Бакен Кыдыкеева Толгонайдын образы үчүн СССРдин эл артисти наамын алып, Бүткүл союздук фестивалда "Аялдын мыкты ролу" үчүн сыйлык алган.
Тема боюнча:
Советбек Жумадыловдун "карындашы" Венера Нигматулина. Тасмадагы таберик сүрөт
Темиркул Үмөталиев, Гапар Айтиев, Түгөлбай Сыдыкбеков. Таберик сүрөт
Залкарлардын башын бириктирген "Каныбек". Таберик сүрөт
Бөбөктөрдүн тилин таап тасма тарткан Видугирис. Таберик сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0