Бишкектеги таштанды полигонундагы көйгөй кантип чечилет? Мэрдин жообу

© Sputnik / Эркин СадыковБишкектеги таштанды полигону
Бишкектеги таштанды полигону - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2022
Жазылуу
Эмилбек Абдыкадыров таштанды төгүлгөн аянтты рекультивациялоого бөлүнгөн каражаттын аз эле бөлүгү калганын белгиледи.
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаар четинде дайыма түтөп турган таштанды полигону боюнча маселени кантип чечүү планын айтты. Калаа башчысы бүгүн 11 миллион чарчы метр аянтты ээлеп, бийиктиги 17 метрге жеткен таштанды аянтына барды.
Анын айтымында, полигонду рекультивациялоо иштери 2015-жылдан бери жүргүзүлүп келе жатат. Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы бул багытка 22 миллион евро бөлгөн.
"Шаардын мурдагы бийлиги бул каражатты жыйынтыксыз пайдаланган. Ошол учурларда ким эмне менен алектенгени мага түшүнүксүз. Азыр андан 6,2 миллион евро калган, ал гидроизоляцияга, метанды соруп алуучу түтүктү орнотууга жана чыгындыларды көмүүгө жумшалат. Мындай жол менен биз таштанды полигонунун күйгөнүн токтотобуз", — деди мэр.
Абдыкадыров жергиликтүү тургундардын таштандынын күйүшү, түтүнү боюнча айткан дооматтары негиздүү деп эсептейт, буга байланыштуу кандай таштандылар төгүлүп жатканын байкоого алган камераларды орнотуу керектигин айтат.
© Sputnik / Эркин Садыков

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаар четинде дайыма түтөп турган таштанды полигону боюнча маселени кантип чечүү планын айтты

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаар четинде дайыма түтөп турган таштанды полигону боюнча маселени кантип чечүү планын айтты - Sputnik Кыргызстан
1/3

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаар четинде дайыма түтөп турган таштанды полигону боюнча маселени кантип чечүү планын айтты

© Sputnik / Эркин Садыков

Калаа башчысы бүгүн 11 миллион чарчы метр аянтты ээлеп, бийиктиги 17 метрге жеткен таштанды аянтына барды

Калаа башчысы бүгүн 11 миллион чарчы метр аянтты ээлеп, бийиктиги 17 метрге жеткен таштанды аянтына барды - Sputnik Кыргызстан
2/3

Калаа башчысы бүгүн 11 миллион чарчы метр аянтты ээлеп, бийиктиги 17 метрге жеткен таштанды аянтына барды

© Sputnik / Эркин Садыков

Анын айтымында, полигонду рекультивациялоо иштери 2015-жылдан бери жүргүзүлүп келе жатат. Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы бул багытка 22 миллион евро бөлгөн.

Анын айтымында, полигонду рекультивациялоо иштери 2015-жылдан бери жүргүзүлүп келе жатат. Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы бул багытка 22 миллион евро бөлгөн. - Sputnik Кыргызстан
3/3

Анын айтымында, полигонду рекультивациялоо иштери 2015-жылдан бери жүргүзүлүп келе жатат. Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы бул багытка 22 миллион евро бөлгөн.

1/3

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаар четинде дайыма түтөп турган таштанды полигону боюнча маселени кантип чечүү планын айтты

2/3

Калаа башчысы бүгүн 11 миллион чарчы метр аянтты ээлеп, бийиктиги 17 метрге жеткен таштанды аянтына барды

3/3

Анын айтымында, полигонду рекультивациялоо иштери 2015-жылдан бери жүргүзүлүп келе жатат. Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы бул багытка 22 миллион евро бөлгөн.

"Эстониялык компания полигондогу бул иштерди кийинки жылдын май айына чейин бүтүрүүгө убада берди. Бирок биз күтө албайбыз да, ошондуктан анын мөөнөтүн кыскартуу зарыл. Эгерде алар андан кыска мөөнөттө ишти аткара албай турган болсо башкасын табабыз. Эстониянын компаниясынан полигондо 20 эле киши иштеп жатат... Бул стратегиялык олуттуу долбоор. Андан кийин таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатам", — деп билдирди шаар башчысы.
Ошондой эле ал мэрия аталган көйгөйдү коомчулуктан жашырбай тургандыгын, маселени ансыз деле баары көрүп жатканын кошумчалады.
Городская свалка Бишкека. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2022
Таштанды полигонун курууга бөлгөн 22 млн. евро кайда? Депутаттар иликтемей болду
Жаңылыктар түрмөгү
0