Россиялык жөө күлүк Бишкектеги жарым марафондо рекордун жаңылады. Жыйынтык

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги жыл сайын болуучу Toyboss Snow Leopard Run эл аралык кайрымдуулук жарым марафону
Бишкектеги жыл сайын болуучу Toyboss Snow Leopard Run эл аралык кайрымдуулук жарым марафону  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2022
Жазылуу
Быйылкы жарыш республиканын тарыхындагы эң массалык жарыш болуп калды. Ага 4000ден ашык адам катышты.
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте жыл сайын болуучу Toyboss Snow Leopard Run эл аралык кайрымдуулук жарым марафону өттү.
Иш-чараны уюштурган Nomad Sport коомдук бирикмеси бул жылкы марафон республиканын тарыхындагы эң массалык жарыш болгонун айтты. Ага 4000ден ашык адам катышкан.
Жарыш 1, 5, 14, 21,1 чакырым, "Нурзаман — балдар жарышы" жана аймактык онлайн-чуркоо болуп алты аралыкты камтыды.
Профессионал спортчулар арасында 21,1 чакырым аралыкта россиялык спортчу Ринас Ахмадеев биринчи болуп келди. Анын убактысы 1 саат 03 мүнөт 07 секунд болду. Жөө күлүк өзүнүн рекордун (1 мүнөт 10 секунд) жаңылады.
Экинчи жана үчүнчү орундарды кыргызстандык Илья Тяпкин (1:08:45) жана Тилекжан Жекшеналы уулу (1:09:38) ээледи. Аялдар арасында Гүлшанай Саттарова биринчи болду, анын убактысы 1:15:39 болду. Экинчи орунду бир секунда гана артта калган Айнуска Калил кызы багындырды. Анын убактысы 1:15:40 экени айтылды.
"Жарыштын максаты — ишмердүүлүгү ак илбирсти сактоого багытталган жана чындап эле каржылык жардамга муктаж уюмдарга же адамга жардам берүү. Сунуштар болсо office@nomadsport.kg электрондук дарегине жөнөтсөңүз болот. Эң маанилүү үч долбоор тандалып алынат. Акыркы чечимди жөө күлүктөр чыгарат, алар ачык сурамжылоодо добуш берип, 2022-жылга карата кайрымдуулук максатын аныктай алышат", — дешти Nomad Sport бирикмесинен.
Жарыш Бишкек шаардык мэриясынын жана министрлер кабинетинин колдоосу менен уюштурулду.
Кыргызстандык бильярдист Дастан Лепшаков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2022
Дастан Лепшаков бильярд боюнча дүйнө чемпиону болду. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0