Дастан Лепшаков бильярд боюнча дүйнө чемпиону болду. Видео

© Фото / Федерация бильярдного спорта КРКыргызстандык бильярдист Дастан Лепшаков
Кыргызстандык бильярдист Дастан Лепшаков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2022
Жазылуу
Спортчу дүйнөнүн экинчи жолку чемпиону болуп отурат. Биринчи жеңишин мындан жети жыл мурун камсыздаган.
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кыргызстандык Дастан Лепшаков бильярд боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу өлкөнүн Бильярд федерациясы кабарлады.
Мелдеш Россиянын Ханты-Мансийск округунда өттү.
Лепшаков чемпионаттын эркин пирамида дисциплинасында жеңүүчү болгон. Ошондой эле дагы бир кыргызстандык Азизжон Мадаминов чемпионатта коло медаль алган.
Дастан Лепшаков — эл аралык класстагы спорт чебери. 2014-жылы жаштар арасында чемпион болгон, 2015-жылы чоңдор арасында бильярддын динамикалык пирамида дисциплинасында биринчи орунду алган. Муну менен ал эки жолку дүйнө чемпиону болуп отурат.
Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлү Дмитрий Дороженко пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпиондугунун кубогунда  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2022
Кыргызстандын бажы кызматынын майору эл аралык таймашта 1-орунду ээледи
Жаңылыктар түрмөгү
0