00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Балам жалгыз болбосо дейм, эрдин да санын көбөйткүм келбейт. Келиндин каты

© Sputnik / Табылды КадырбековБаласын жетелеп бараткан аял. Архив
Баласын жетелеп бараткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына турмушка чыкпай эле төрөп алууну каалаган аял кат жазган.
Саламатсыздарбы, мен жолдошум менен ажырашып кеткем. Бир уулум бар. Бирок баламды абдан эрке өстүрүп койдум. Анткени атасы "уулум бар эле" деп бир басып келбейт. "Же атасы жок болсо" деп уулумдун ою менен болдум. Катуу сөз айтып эч урушпадым. Бирок ал тарбиясына кедергисин тийгизгендей сезилет. Азыр 5-класста окуп жатат. Негизи кийин дагы турмуш куруп, ал киши да балага мерез болгондуктан бир аз жашап эле ажырашып кеттим.
Акыркы кезде жашым өтүп кете электе турмушка чыкпай эле дагы бир наристе төрөп алууну ойлонуп калдым, бирок өкүнүп калбайын деп жатам. Мурда "балаң чоңойсо өзү менен кетет, жалгыз калбай бир кыз төрөп ал" деген сөздөргө маани берчү эмесмин. Азыр ынанып калдым. Анын үстүнө бөбөктүү болсо балам өзүмчүл болбой карамдуу, кайрымдуу болор дейм. Баламдын ата жагы "биздин бала" деп издеп келген жок. Бир чети жалгыз калбасын дейм. Бирок эрдин да санын көбөйткүм келбейт. Мүнөзү, жүргөн-турганы шайдоот жакшы кесиптешим бар. Экөөбүздүн мамилебиз деле жакшы, жашыбыз тең. Корпоративдерде узатып барып жакшы сырдашып калганбыз. Ошол жигитке оюмду ачык айткым келет. Анын үй-бүлөсү бар, бирок мен андан эч нерсе талап кылбайм. Андан кийин мамилемди да уланткым келбейт. Болгону наристемдин мүнөзү атасын тартса болду. Эч кимге да айтпоого макулмун. Оюмду ачык билдирсем баш тартып койбойбу деп чочулайм. Анан да күйөөсү жок төрөп алды деп тууган-урук, кесиптештер кеп кылар. Ага да чыдайм. Бирок тиги киши сунушумду кандай кабыл алары мени ойлонтуп жатат. Мен үчүн деле бул чечим оңой болгон жок. Өтө олуттуу кадам. Кандай кылсам болот?

Психолог Сажира Абдыкаимова:

— Саламатсызбы. Көпкө ойлоно турган маселени козгогон экенсиз. Чечимди кабыл алыптырсыз, эми башка адамдарга айтуу гана калыптыр. Аны кабыл алуу сиз үчүн оор болсо керек. Ар кандай турмуштук жагдайларды эске алып, анан ушул чечимге келдиңиз деген ойдомун. Муну "туура" же "туура эмес" деп айта албайм. Менин тек гана сизге суроолорум бар, ошол суроолорго өз алдынча жооп берип, дагы бир жолу терең ойлонуп анан бир чечимге келиңиз. Биздин каалоо-тилектер эч кимге зыян алып келбеши абзел. Ар бир наристе үчүн эненики сыяктуу эле атанын орду да чоң.
Суроолорго жооптуу кагазга жазабыз:
1.
Эмне үчүн атасы жок, үй-бүлө курбай төрөгүңүз келип жатат?
2.
Биринчи балаңыз үчүн жолдошуңуз экөөңүз тең жоопкерчиликти алгансыздарбы?
3.
Сиз үчүн үй-бүлө, бакыт деген эмне?
4.
Ата-энеси бар үй-бүлөдө жашоо дегенди кандай элестетесиз?
5.
Балаңыздын эркелигин эмне менен ченеп жатасыз?
6.
Сиз үчүн баланын орду, мааниси?
7.
Балаңыз чоңойгондогу жашооңуз кандай болот?
8.
Кесиптешиңиздин макулдугу эле маанилүүбү?
9.
Балага ата менен эне бирдей керек экенин билесизби?
10.
Өзүңүз кандай үй-бүлөдө чоңойгонсуз? Ата-энеңиздин жашооңуздагы ордун эстеңизчи?
11.
5-класстагы бала менен чоң адамдай сүйлөшөсүзбү?
12.
Кесиптешиңизден гана төрөп алуу шартпы? Эмнеге үй-бүлө кургуңуз келбейт?
Жогорудагы суроолорго жазуу иретинде жооп бериңиз. Менин сунушум психолог менен бул маселе боюнча иштешиңиз. Алгач өзүңүздү тааныңыз. Кандай чечим кабыл албаңыз, жети өлчөп бир кесүүгө чакырам. Ал чечим сиздики гана болушу керек. Анткени бул жерде келечекте жарык дүйнөгө келе турган бир адамдын тагдыры чечилип жатат.
Гумжардам алып жаткан Баткен облусунун тургундары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2022
Элдин баары аянычтуу, бактысыз көрүнөт. Баткен окуясынан корккон аялдын каты
Жаңылыктар түрмөгү
0