Элдин баары аянычтуу, бактысыз көрүнөт. Баткен окуясынан корккон аялдын каты

© Sputnik / Игорь Егоров / Медиабанкка өтүүГумжардам алып жаткан Баткен облусунун тургундары
Гумжардам алып жаткан Баткен облусунун тургундары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына өлкөдөгү кырдаалдан улам дүрбөлөңгө түшүп, өзүн колго ала албай жаткан аял кат жазган.
Өлкөбүздөгү акыркы каргашалуу окуялар башкалардай эле мени да абдан убайымга салды. Бирок көчөдөн элди карасам эч нерсе болбогондой эле жай турмушта көр оокаты менен алек болуп жүргөндөй. А мен эч нерсеге көңүл бура албай калдым. Оюмду токтотуп жакшы нерселерди ойлоно албайм, коркуп элеңдейм. Балдарымдын сабагын карап, тамагын жасап бергенге араң жарап жатам. Баткенден тартылган видеолорду көрүп ыйлайм. Тажикстан кайра чек арага кол салыптыр дегенди укканда алгач кудайлап, жакшы эле жүргөм. Анан үйлөрдү өрттөгөн, колуна курал кармаган, каткырган сакалчандарды көргөндөн кийин менде паника башталды. Кечээ да маршруткада келе жаткам. Телефонду ача калсам бир-экөө "ок атуу башталды" деп жазыптыр. Аны окуп маршруткадагыларга айтып, кыйкырып жибере жаздадым. Элдин баары көзүмө аянычтуу, бактысыз көрүндү. Жүрөгүмдүн лакылдаганы басылбай демим кысылып, өзүмө араң келдим. Өзүмдү алаксытканга аракет кылганым менен баары бир болбой жатат. Жаш жигиттерди көрсөм эле ичимден жүрөгүм сыйрылып, аяйм. Баарын жакшы көрүп кетем. Каза болгон жоокерлердин жаштар экени таасир эткен окшойт. Ошол балдардын баарын мекен коргоочулары катары кабыл алып калдым. Ден соолугумдан кабатырланып жатам. Балдарыбыздын күлкүсү түбөлүктүү, таза, тунук болсо экен деп тиленем. Башка көйгөйүм жоктой эле оюмдун баары Баткенде. Бирде туруп жанагы сакалчан баскынчылардын баарын жок кылгым келет. Иши кылып кызыктай абалда күн кечирип жатам. Башкалар деле ушундай болуп жатабы же мен элеби? Баткендик туугандар чыныгы баатыр экен деп ойлоп койдум. Психологдун кеңеши керек болуп жатат. Жай турмушка кайткым келет. Жакындарымдын баарына чалып тажаттым окшойт, мен чалганда албай, качып да калышты.
Женщина плачет закрыв лицо. Иллюстративное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2022
Кредиттин айынан үй-бүлөмдөн айрылганы турам. Аялдын каты
"Кыргызча психология" долбоорунун мүчөсү, психолог Айнек Муратбекова:
— Туруксуз кырдаал же согуш болуп турган мезгилде үмүтсүздүккө түшпөй, жашоону кантип улантуу керектигин ойлонуп баштайбыз. Бул — табигый инстинкт. Айрымдар абдан коркуп, ачууланып, агрессивдүү болуп же дүрбөлөңгө түшөрү шексиз. Эгерде сизде коркуу, алсыздык, ачуулануу, катуу тынчсыздануу өңдүү сезимдер күчөп турса, анда бир катар психологиялык ыкмаларды сунуштайм. Ар бир адамда өзүн толук ишенимдүү сезбеген жагдайлар болот. Психологияда визуалдаштыруу ыкмасы сиздин жүрүм-турумуңузду жакшы жакка өзгөртүүгө жардам берет.
Алгач тынч бөлмөгө келиңиз. Дем алууңузду калыбына келтирип алыңыз. Бул ыкмада эң оболу жашооңузга катуу таасир берген абалды эстеңиз. Андан соң сиз өзгөрткүңүз келген жагдайды, жүрүм-турумду же абалды көз алдыңызга элестетиңиз. Анын кандай болуп өзгөрүүсүн каалайт элеңиз, майда деталдарына чейин элестетип чыгыңыз. Албетте, алгач кыйын болот, бирок токтотпой уланта берсеңиз натыйжасын берет.
Деги эле ушундай кырдаалда эмоциялар жана сезимдер абдан курчуйт, анын себеби баарыбызга түшүнүктүү. Терс эмоциялардын кесепети туура эмес кыймыл-аракетке, агрессияга, өзүн-өзү кыйноого кептеши мүмкүн. Андыктан бул учурда өзүңүзгө-өзүңүз жардам кылып, эмоцияларыңызды тааныңыз, кабыл алыңыз жана алардын түсүн элестетиңиз. Мисалы, "мен ачууланып жатам, анын түсү кара", "коркуп жатам" же "мен тынчсызданып жатам, өңү мындай" деп элестетишиңиз керек. Сиз сезимиңизди атап, өңү-түсүн көрсөтүп, күчүн аныктаганда ички дүйнөңүздө "ажыроо" иш жүзүнө ашып, эмоцияңыз менен сиздин ортоңузда аралык пайда болот. Ошол учурда эмоцияны башкарууга алыңыз келет. Бул алар сизге үстөмдүк кылбай, сиз аларды башкарып турганыңызды билдирет.
Баткендегилер жана өлкөбүздүн башка регионундагылар, айтор, бардык мекендештер дүрбөлөңгө, коркууга, стресске алдырбайлы. Бекем болуңуздар деген кеңешимди берем.
Тажикстан тараптан кол салуудан талкаланган чек ара застава - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Тизмеге кирбей калган. Тажикстандын кол салуусунан көз жумгандардын саны 62ге жетти
Жаңылыктар түрмөгү
0