Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Экс-сенатор: АКШ Украинадагы согушка элинин каалоосуна каршы катышууда

© AP Photo / Efrem LukatskyУкраиналык аскер формасындагы АКШнын желегин көрсөтүп жатат. Архив
Украиналык аскер формасындагы АКШнын желегин көрсөтүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2022
Жазылуу
Саясатчы Украинадагы согушка аралашып жаткандарды акча менен бийлик гана кызыктырарын айткан.
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Америкалыктардын согушка аралашкысы келбегенине карабай Вашингтон Украинадагы жаңжалга катышууда. Бул тууралуу Виргиния штатынан экс-сенатор Ричард Блэк РИА Новости агенттигине берген маегинде айткан.
Блэк "АКШ Украинадагы согуштун катышуучусубу?" деген суроого жооп берген.
"Американын калкы андагы согушка аралашууну каалабайт, бирок мындан ири киреше жасап жаткан аскердик тармак, ишканалар бар, глобалисттер да бар, мен аларды "Давостун балдары" деп атап коём... Алардын америкалыктар же европалыктар, орус же украиндер менен иши деле жок, акча менен бийлик гана кызыктырат. АКШ калкы согуштун катышуучусу болгусу келбегени менен "согуш куштары" Республика партиясында да, Демократиялык партияда да жетиштүү. Менин оюмча, президент Жо Байден дагы ушул лагерде", — деди.
Мурдагы сенатор Вашингтондун аракеттерин жаңжалга болушунча эле аралашып, бирок эл алдында өлкө чырдан алыс болуп жаткандай түр көрсөтүүдө деп сыпаттаган. Ал "Россия эли мунун баарын көрүп туруп АКШ согуштун катышуучусу болуп жатат деген тыянакка келсе болот деп ойлойм", — деди.
Саясатчы америкалык ЖМКлардын АКШнын Коргоо министрлиги бийлик жана анын ЕБ, НАТО боюнча союздаштары менен биргеликте Германияда Украинаны колдоо чараларын көзөмөлдөө жана башкаруу борборун ачууга даярданып жатат дегени боюнча да комментарий берген. "Алар формалдуу түрдө согуш жарыяланбаган, баары билинбей кала турган аймакта калууга аракет жасоодо", — деп жооп берген.
Эксперт абалдын курчушу Россия менен НАТОнун ортосундагы жаңжалга алып келүүсү мүмкүн деген пикирин да жашырган эмес.
"Менин оюмча, андай да болушу мүмкүн, ыксыз тобокелчилик, жоопкерчиликсиз иш-аракеттерди көрүп жатпайбызбы. Болбосо Россия дагы, Украина дагы, НАТОнун өзү деле мунун баарынын бүтүшүнө кызыкдар", — деди экс-сенатор.
Мындан тышкары, ал Россия менен Европа ортосундагы соодага кийлигишүүнү токтотууга чакырды. Россия буга чейин НАТО өлкөлөрүнө Украинага курал жеткирип жаткандыгы үчүн нота жөнөткөн. Тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинага келип түшкөн ар бир курал Россия үчүн мыйзамдуу бутага айланарын белгилеп келген. Россия ТИМи Украинага курал жеткирүү менен НАТО өлкөлөрү "от менен ойноп жатат" деп билдирген. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Украинага Батыш тараптан курал-жарак тартуу менен орус-украин сүйлөшүүсүнө таасир эте албай турганын, тескери натыйжа болуп калышы мүмкүн экенин айткан.
Украинанын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТОдогу мурдагы кеңешчи: Батыш өз капканына өзү түшүп калды
Жаңылыктар түрмөгү
0