Кайненем балдарымды мага душман кылат. Көңүлү калган келиндин даты

Көчөдө баратка адамдар. Архив
Көчөдө баратка адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына кайненесинин каарынан коркуп, бирге жашагысы келбеген келин кат жазды.
Саламатсыздарбы, мен да үй-бүлөлүк маселе менен кат жазып отурам. Жакында кайненем биздикине жашаганы айылдан биротоло көчүп келгени жатат. Буга чейин айылда кичүү кайнимдер менен турчу. Апабыз ден соолугуна байланыштуу шаарда жашоону чечкен экен. Ошону уккандан бери абдан кыжалат болуп жатам. Себеби кайненемдин айла-амалдарынан, кылыктарынан, тилинен көңүлүм калган. Буга чейин да биздикинде он күндөп туруп кетчү. Ошол кезде да бизди бир топ беймаза кылып, жүрөгүмдү оорутуп жолго түшчү эле. Болбосо мен да "апабыз келет" деп сүйүнмөкмүн. Мурда келерде абдан даярданып, күнүнө тамактын түрүн жасап, кийим-кечесин алып берип сыйлачумун. Бирок сөзү, мамилеси менен көңүлүмдү абдан калтырып койду. Ал киши келгенде үйдөгү атмосфера да бузулат. Жолдошумдун өзгөргөнүн байкайм. Уулун бузса мейли, балдарымды мага каршы тукурат. Ушундай да энелер болорун билбептирмин. Чоң энеси келгенде мени тоготпой, сабагын окубай, сөз кайрып калышат. Апабыз балдарды урушпай өзүнө тартып, мен сүйлөсөм үнүн катуураак чыгарып, алардын таламын талашкан болот. Уксун деп үнүн көтөрүп "балдарды эле жаман көрө берет экенсиң, окубаса койсун, оокатыңды кыла бер" деген тейде сүйлөйт. Бул менин өз балдарымды тарбиялоодогу баштатан келе жаткан үй-бүлөлүк, иретке салынган системабызга, албетте, таасирин тийгизет. Бир нерсе десең уруш ырбайт. Баарын ичиме катып, отуруп калам. Ошондой сөздөрдү уга берген балдар кандай ойдо калат. Алардын сабагы, жүргөн-турганы менен башын оорутпайт, бирок тарбиялоомо киришет. "Сабагыңды оку, мындай бол" деген сөздөрдү өзүңдүн балаңа айтасың да. Ошентип үйдө мокочо болуп, өз үйүмдө өгөйлөнө баштайм. Таң калычтуусу, күйөөмдүн көзүнчө апам мага абдан жакшы мамиле кылып, өзүн менден ийменген бечара кылып көрсөтүүгө тырышат. Буга жолдошумдун теригип калганын байкайм. Кайненебиз үчүн келин — үй-бүлө мүчөсү эмес, үй кызматчысы.
Ыңгайлуу учур келсе какшыктап, кагып, унчукпасаң төркүнүңө да тил тийгизип мазактайт. Эгер күйөөм экөөбүз урушуп калсак, кайненеме кудай берет. Тимеле сүйүнүп чуркап келип, отко май чачат. "Аялыңды урбайсың, көптүрдүң" деген да сөздөрү болду. Иши кылып бирге жашаса мени жинди кылып же инфарктка жеткирет. Мурун анда-санда келсе да кайненемдин сөздөрүнөн жүрөгүм зырылдачу. Кеткенден кийин көпкө жаман болуп жүрүп, анан бир айда өзүмө келчүмүн. Эми эмне болот? Айылдагы абысыным сүйүнүп жатат. Аны менен деле мамилеси жакшы эмес. Бирок кайним агасынан айырмаланып энесинин тилине кирбейт. Апасынын сырын жакшы билеби, айтор, "апа, ушунуңуз туура эмес да" деп бетине айтат. Абысыным да элдин көзүнчө "апалап", эл кеткенден кийин мисирейип, тоготпойт. Анткени кайним аялына басым кылбайт. Келиним менен апам экөө укмуш арбашып, алдашып, тирешип жашашат. Абысынымды да түшүнсө болот.
Мен тынч жашагым келет. Өз үйүңдө бирөө менен аңдышкан жашоо да өмүрбү. Бирок антпесең апабыз тез эле тебелеп салчудай. Кандай кылсам?
Гумжардам алып жаткан Баткен облусунун тургундары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2022
Элдин баары аянычтуу, бактысыз көрүнөт. Баткен окуясынан корккон аялдын каты

Психолог Сажира Абдыкаимова:

— Саламатсызбы. Көйгөйүңүз олуттуу экен. Анткени үй-бүлөңүздүн тынчтыгы жана жолдошуңуздун сизге жасаган мамилеси тууралуу кеп болуп жатат. Муну чечүү үчүн баарын башынан карап көрсөк, мурда баары эле жакшы болгонун жазыптырсыз. Сиз деле кайненеңизди жакшы кабыл алчу экенсиз. Бирок убакыттын өтүшү менен үйдө эне катары ордуңузду, таасириңизди жоготуп баратканыңызга кабатыр болуп жатасыз. Сизде ушундай коркунуч бар. Балдарыңыз, жолдошуңуз, кайненеңиз менен дайыма мамиледе болосуз. Булар сиздин үй-бүлөңүз болгондуктан бир жолун табуу керек. Мүмкүн кайненеңизди кандай болсо ошондой кабыл алууга аракет кыларсыз. Жакшы жагын да караңыз, кайненеңиздин сиздердикине келгенинин пайдалуу жактары деле бар да.
Оюңуз боюнча тынч жашоо деген эмне? Менимче, кайненеңиздин жакшы жактарын да эске алыңыз. Алдын ала жаман ойлой берсеңиз, келгенде үйдөгү маанай дал ошондой башталат. Сиздин пикириңизде кайнене келинге кандай мамиле кылуу керек жана эмнелерди кылбашы керек. Түшүнүгүңүздө ушундай бөлүп кароолор барбы?
Сиз да өзүңүздү апаңыздын ордуна коюп, ортодогу мамилени анализдеп көрүңүзчү. Же сиздин апаңызга келиндери кандай мамиле жасашын каалаар элеңиз. Чоң эне болгондуктан ал киши да неберелерине акыл-насаат айта алат. Ошондуктан сиз үйдөгү көйгөйдү сүйлөшүү, келишимге келүү аркылуу гана чече аласыз.
Кайненеге болгон мамиле кыздын апасы менен чоң энесинин жана жеңелеринин мамилеринен да калыптанат. Ушул жагынан да анализдеп, үйүңүздө баарынын тилин таап, мамилени жөндөп кетүүгө аракет кылыңыз. Анткени баары аял кишиге байланыштуу.
Гүл кармаган кыз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2022
Жан дүйнөм жылуу сөз күтө берет... Мээримге зар келиндин каты
Жаңылыктар түрмөгү
0