Жан дүйнөм жылуу сөз күтө берет... Мээримге зар келиндин каты

CC0 / Pixabay / PexelsГүл кармаган кыз. Архивдик сүрөт
Гүл кармаган кыз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына жылуу сөзгө муктаж болуп, жан дүйнөсүнө мээрим жетишпеген келин кат жазган.
Саламатсыздарбы! Акыркы кезде өзүмө болгон ишеним абдан төмөндөп кетти. Мурда деле кыйратчу эмесмин. Бирок азыр өзгөчө чүнчүп кеттим, бирөөнүн көзүн тик карап сүйлөй албайм. Кичинемде ата-энем бизди көп мактачу эмес. Апам кылган иштеримди айтып мени кошуна аялдарга мактап жатканын бир эле жолу угуп, абдан таң калдым. Апам калп айтып жаткандай сезилген. Анткени ошол иштерди мен жасасам да өзүмдү мактоого татыксыз сезчүмүн. Дайыма кемчилик таап турчу эле. Эсимде, бирөөнүн мактоосуна, комплиментине жан дүйнөм дайыма муктаж боло берчү. Курбумдан же сырдаш жакынымдан мен тууралуу оюн сурай берчүмүн. Турмушка чыгып, балалуу болгондон кийин гана сурабай калдым.
Башында кайненем менен эне-баладай болоюн деп абдан аракеттендим. Сыр жашырбай айтып, апама жасагандай эле мамиле кыла бердим. Азыр ошонума өкүнөм. Сырымды алдырып койгондоймун. Анткени ал киши менин чын ыкластан жасаган мамилеме кыянаттык кылып, тебелеп койду. Көңүлүм да калды. Андан мактоо күткөн жокмун, бирок урушса да энелик ак тилек менен айтуусун кааладым. Андай болгон жок. Кайненем мени жакшы дебесе да, чын ыкластан күйүп-бышып, ката кетирсем да ак дилден туурасын урушуп болсо да айтып койгонго жараган жок. Дайыма какшыктап, мазактап, мыскылдап, заарын чачып урушуп же жойпуланып, жайкап сүйлөп коёт. Айрым кайненелер келинин жакшы көрсө да, урушса да чын дилден мамиле жасаганын көрүп суктанам. Анан жолдошум да мага комплимент айтып, жылуу сөз менен көңүлүмдү көтөрүүнү билбейт. Мен андан ушуну күтөрүмдү аңдабайт. Ачык айткым келбейт. Суранып мээрим алууну каалабайм. Ошентсе да ушундай мамилени күтөм.
Ошол себептерденби мурда "мен жаман келинмин", "жакшы кыз да болбосом керек", "сүйүктүү аял боло албадым, эми жакшы эне болмок белем" деп жүрөгүм эзилип ыйлачумун. Ушундай катаал мамилелер мени орой, мерез, анан жүрөк оорукчан кылып койду окшойт. Мындан ары мага баары бир сыяктуу болуп калды. "Эч кимден жылуу сөз күтпөйм, мен эми өзүмдү эле ойлойм, эмнеге ал үчүн капа болушум керек" деп өзүмдү коргоого өттүм. Жан дүйнөм эмнеге бөксөдөй боло берет? Эмне үчүн бардык нерсе супсак сезиле берет? Мен ушуга чейин эмнеге бирөөнүн жылуу сөзүнө, мактоосуна, мен тууралуу оюн билүүгө зар болдум? Ушул суроолорума адис катары жооп берип коюңузчу. Көптөн бери өзүмдү издеп жатам. Бирөөдөн жакшы сөз күтүүдөн тажадым. Өзгөрүүнү каалайм.
Үй-бүлөлүк зомбулук учурлары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2022
Жалгыз кызымды күйөө баламдын токмогунан куткара албай кыйналдым. Эненин каты
"Кыргызча психология" долбоорунун мүчөсү, психолог Айнек Муратбекова:
— Адамдын өзүнө болгон баасы балалык курактан баштап калыптанат. Түбү балалыкта жатат деп айтсак болот. Ал эми анын жогору же төмөн болуусуна ата-эненин түз тиешеси бар. Баланын психикасы калыптанып жаткан куракта анын ар бир кылган ишин, жүрүм-турумун сынга алып, башкаларга салыштыра берсе балада өзүнө болгон ишеним төмөн болот. Бул пикирдин далилин жогорудагы каттан дагы көрө алабыз. Адамдын калыптануусуна түздөн-түз таасир берген фактордун бири — чөйрө, ал эми адамдын жашоосундагы эң алгачкы чөйрө — бул ата-эне. Ата-эне гана бере ала турган маанилүү компоненттер бар. Алардын бири — сиз толук ала албай калган мээрим, колдоо, ишеним жана сүйүү. Албетте, ата-энеден албаган колдоону адам башкалардан издейт. Себеби бул муктаждык жана адам ага канааттануусу зарыл. Кайненеңизге карата жазган айыптоолоруңуз чындыгында сиздеги муктаждыктар канааттанбай калгандыктан улам келип чыккан. Энеден ала албаган нерсени кайненеңизден күткөнсүз, андай болбой калган соң аны күнөөлөөгө өттүңүз. Бул түпкү аң-сезимдин иши, пассивдүү агрессия, сиз өзүңүз кабыл албашыңыз мүмкүн. Ар бир сезимдин, ар бир реакциянын жана кыймыл-аракеттин түбүндө бир муктаждык жатат. Сиз өзүңүздү баалуу, барктуу жана маанилүү сезүү жана башкалардын да сизге ошондой мамиле кылуусуна зарсыз.
Баары өзүбүздөн башталат. Өзүңүздү баалаңыз, сыйлаңыз. Абдан жакшы көргөн адамыңызга кандай мамиле кылууну каалайт элеңиз? Өзүңүзгө ошондой мамиле кылыңыз. "Мага ушул деле боло берет" деген пикирден алыс болуңуз. Психологияда "окшоштук окшоштукту тартат" деген эреже бар. Позитивдүү энергия позитивдүү энергияны жаратат, негатив негативди тартат.
Түбү жок негативдин айлампасынан чыгыңыз. Демек, "сен мага кандай кылсаң, мен сага ошондой" деген позициядан чыгуу керек. Жакындарыңызга жакшы мамиле кылып баштаңыз. Жолдошуңузга келсек, "дагы деле өзү айтсын, өзү сезсин" деп отура берчү абалда эмессиз. Эркектер логика менен, аялдар сезим менен ойлонот. Сиз айтпасаңыз ал биле албайт. Айтып, сүйлөшүү керек. Ага, анын баалоосуна, кам көрүүсүнө муктаж экениңизди айтыңыз. Көңүлдүн кири айтса кетет. Ага да ошондой мамиле кылып баштаңыз. Эсиңизде болсун, баары өзүңүздөн башталат.
Тандоо сизде. Өткөн чагыңызда болгон нерселердин сазына батып, аны менен жашай бересиз же болбосо ошол нерселерге короткон энергияны учуруңуз жана келечегиңиз үчүн жумшайсыз.
Кол кармашып турган түгөй. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2022
Жалгыз уулум балалуу болгусу келбейт, тукумум үзүлүп калабы? Атанын арманы
Жаңылыктар түрмөгү
0