Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Пазылов: ЕАЭБ өлкөлөрүндө жүргөн КР жараны эки ыкмада салык төлөй алат

© Sputnik / Асель СыдыковаМамлекеттик салык кызматынын улук инспектору Азамат Пазылов. Архив
Мамлекеттик салык кызматынын улук инспектору Азамат Пазылов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2022
Жазылуу
Мамлекеттик салык кызматынын улук инспектору Азамат Пазылов чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар салыкты кантип төлөсө болорун айтып берди.
Кыргызстандын жарандары ЕАЭБ өлкөлөрүндө жүргөн болсо, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк салыгын КРдеги кызматташкан банктар аркылуу салыктарды төлөй алышат. Ошондой эле төлөм Кыргызстандын банктары менен кызматташкан чет өлкөлүк мобилдик банкинг аркылуу кабыл алынат. Бул тууралуу Азамат Пазылов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Пазылов: ЕАЭБ өлкөлөрүндө жүргөн КР жараны эки ыкмада салык төлөй алат
Анын айтымында, салык төлөөчү дүйнөнүн каалаган жеринен интернет аркылуу маалыматтык эсептөөлөрдү бере алат.
"ЕАЭБ өлкөлөрүндө иштеп жүргөн жаран Кыргызстандагы мүлкү үчүн эки ыкмада салык төлөй алат. Биринчиси — бул жактагы ишенимдүү өкүлү аркылуу жана ЕАЭБ өлкөлөрү менен Кыргызстандын кызматташкан банктары аркылуу төлөсө болот. Чет өлкөдө жүргөн жана Кыргызстанда жашаган жаран бирдей эле ставкада салык төгөт. Салык төлөөдөн мурун ар бир жаран маалыматтык эсептөө формуласын тапшырышы керек. Ал үчүн salyk.kg сайтындагы бир жолку салык төлөөчүнүн кеңсесине кирүү мүмкүнчүлүгүн алуу керек. Андан соң форманы толтуруп, Мамлекеттик салык кызматынын сайтына логин аласыз. Эгер жаран башка өлкөдө болсо, анын ишенимдүү өкүлү салык төлөөчүнүн кеңсесин ачышы зарыл. Ал эми салык төлөөчү дүйнөнүн каалаган жеринен интернет аркылуу салык төлөй берет. Чет мамлекетте иштеген КР жарандарына эмгек акы берип жаткан иш берүүчүлөр салык агенти катары киреше салыгын кармап калышат. Ошол киреше салыкты кайра өз өлкөсүнө төлөбөшү үчүн Кыргызстан жана ЕАЭБ өлкөлөрү ортосунда кош салыктан качуу жөнүндө макулдашуу болушу зарыл", — деди Пазылов.
Ал салык төлөөдөн качкан жеке жактарга ар бир кечиктирилген күн үчүн 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып пул салынарын, ал эми маалыматтык эсептөө формуласын тапшырбаган жеке жактарга 3000 сом, юридикалык жактарга 13 миң сом каралганын кошумчалады.
Маалыматтык эсептөө формуласы – бул юридикалык жана жеке жактар тарабынан мүлк салыгы боюнча (турак жай, батир, дача, күркө, контейнер, транспорт каражаттары) берилүүчү атайын отчёт формасы. Мында мүлктүн айрым параметрлери көрсөтүлөт жана ага жараша салыктын суммасы эсептелет. Бул отчёт салык төлөөгө чейин салык органына берилиши зарыл.
Жаңылыктар түрмөгү
0