Ош улуттук драма театры 21-сентябрда сезонун ачат. Спектаклдердин тизмеси
Жазылуу
Жаңы сезондун алкагында алты спектакль коюлат.
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын юбилейлик 50-сезону 21-сентябрда ачылат. Бул тууралуу маданий мекеме маалымдады.
Анда төмөнкү спектаклдер коюлат:
21-22-сентябрь — "Эзоп", Гильерме Фигейредо;
23-24-сентябрь — "Сунуш", Антон Чехов;
26-28-сентябрь — "Кулан", Айжамал Масылбекова;
29-30-сентябрь — "Эх, тагдыр", Меңди Мамазаирова;
3-4-октябрь — "Амансыңбы, апаке!", Суранчы Жетимишов;
5-6-октябрь — "Ата, кемпир алып берейинби?", Холик Курсантов.
Спектаклдердин баары саат 18:00дө башталат, билет 100 сомдон сатылат.