Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мамбетов: бир аптада 630 чакырым чуркап өтүү кыйын болду

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык жөө күлүк Кутман Мамбетов
Кыргызстандык жөө күлүк Кутман Мамбетов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2022
Жазылуу
Кыргызстандык жөө күлүк Кутман Мамбетов жеңил атлетика боюнча улуттук курама командага кошулуп эл аралык мелдештерде ийгилик жаратууну көздөй турганын айтты.
Ысык-Көлдү айланып, Бишкекке чейин 630 чакырым чуркап өтүү кыйын болду. Бул тууралуу Кутман Мамбетов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Мамбетов: бир аптада 630 чакырым чуркап өтүү кыйын болду
Анын айтымында, Балыкчы шаарынан башталган бул чуркоо сапары Ысык-Көлдүн түштүк тарабы менен уланып, Каракол, Чолпон-Ата аркылуу Бишкекке чейин созулду.
"Мындан 10 жыл мурда Ысык-Көлдү айланып чуркоо кыялым бар эле. Ушул убакытта бир катар жергиликтүү жана эл аралык жарыштарга катышып, күчүмдү сынап көрдүм. Алгачкы ирет байгелүү орундарды ээлегенде өзүмө болгон ишеним пайда болду. Кызуу машыгуулардан кийин койгон максатыма жетүүнү чечтим. Уруксат алуу үчүн Бишкек мэриясына, Дене тарбия жана спорт департаментине кайрылып, жардам алдым. Чуркоо сапары Балыкчы шаарынан баштап, Ысык-Көлдүн түштүк тарабы, Каракол, Чолпон-Ата аркылуу Бишкекке чейин созулуп, жалпысынан 630 чакырымды түздү. Бул аралыкты жети күндө басып өтө алдым", — деди Мамбетов.
Ошондой эле спортчу тажрыйбалуу машыктыруучу менен иштешип, дагы көп ийгиликтерди багындырууга аракет жасап жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0