10-октябрда Бишкекте өзүнчө курултай өтөт. Эмне маселе каралат

© Sputnik / Эмиль СадыровТоктогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы. Архив
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2022
Жазылуу
Жергиликтүү курултайга 500 делегат чакыруу пландалган.
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Элдик курултайга Бишкектин атынан делегаттарды шайлоо үчүн калаада өзүнчө курултай өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин токтом долбоору жарыяланды.
Документ коомдук талкууга коюлган.
Долбоорго ылайык, борбор калаанын курултайы 10-октябрда филармонияда өтөт. Аны уюштуруу үчүн комиссия түзүлмөкчү.
Жергиликтүү курултайга 500 делегат чакыруу пландалган:
Ленин районунан — 125 делегат;
Октябрь районунан — 140;
Биринчи май районунан — 101;
Свердлов районунан — 134.
Натыйжада Бишкектен 10 делегат шайланып, 25-ноябрда боло турган Элдик курултайга барууга мандат берилет.
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2022
Садыр Жапаров: курултайга делегат тандоого аткаминерлер катышпайт
Жаңылыктар түрмөгү
0