Батыштын талабы жана Украина түшкөн кызыл чок. Максатына жетпеген "контрчабуул"

© AP Photo / Andrii MarienkoУкраиналык аскерлер. Архив
Украиналык аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2022
Жазылуу
Украинанын Генералдык штабы президентке армия асмандан авиация калкалап турбаса контрчабуулга бара албайт деген жөнөкөй нерсени жеткирүүгө далбастап жатат.
Жамааттык Батыштын ондогон миллиард долларлык аскерий колдоосу менен НАТО куралы жардам бере албай калган Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Николаев жана Херсон облустарына чабуул коюу аракети Киев режиминин биротоло деградацияланып бара жатканынан кабар берет. Атайын аскердик операция планга ылайык жүрүүдө, АКШнын Россияга каршы "украин долбоорун" демилитаризациялоого эч нерсе тоскоол боло албайт деген пикири менен аскерий баяндамачы Александр Хроленко бөлүшкөн.
Президент Владимир Зеленскийдин түз буйругу менен 29-августка караган түнү Украина Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү Николаев жана Херсон облусундагы россиялык аскерлерге жана ДЭР күчтөрүнө чабуул жасоо аракети болду. Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, Киев режиминин артиллериясы Украинанын түштүк тарабында ок атууну күчөттү. Бир нече сааттын ичинде украин аскер бөлүктөрү 560 жоокеринен ажырап, 26 танкасынан, 32 сооттолгон машинасынан, эки Су-25 штурмовиги менен Ми-8 тик учагынан кол жууду.
Өткөн суткада Николаев-Кривой Рог жана башка багыттарда россиялык аскер күчтөрү 1200 украиналык жоокерди, 48 танканы, 46 техниканы, 37 сооттолгон машина жана ири калибрлүү пулемёттору бар сегиз пикапты жок кылды. https://t.me/mod_russia/19279 Россия ракеталык күчтөрү, артиллериясы жана авиациясы менен Украинанын аймагындагы аскерий объектилерге сокку уруусун улантууда. Ал арада Киевдин Генералдык штабы украиналык бөлүктөрдүн каршы тараптын күчүн билип туруп талаада, эч коргоосуз чабуул койгон акылга сыйгыс аракетин көз жаздымда калтырып койгондой. Ингулец дарыясынын сол жээгиндеги Андреевка жана Сухой Ставок айылдарынын ортосунда төрт чакырым аралыкка созулган Украина Куралдуу күчтөрү "кызыл чокто" калды, башкача айтканда, союздаш бөлүктөрдүн мөндүрдөй жааган огуна туш болду. Оор жоготуулар 2014-жылдын августунда украина аскерлеринин Иловайскиден курчоону жарып чыгууга жасаган аракетине окшоп кетти, бирок азыр мезгил башка, баары эми гана кызып келе жатат.
Өлкө башчысы Херсонго жасалган "контрчабуулдун" жыйынтыгына нааразы болуп жоокерлеринен жоготууларга карабай алдыга жылууну талап кылып келет. Реалдуулуктан тыш калган Зеленский украиналыктарга "Крымды кайтарууну" убадалап, россиялык армияны "качып аман калгыла" таризинде чакырык жасап жатат.
Учакка отуруп жаткан пилот. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Афган учкучтары, словакиялык МиГдер жана Польшага качуу. Украина армиясынын эртеңи

Чындыкка моюн толгоп

Киев режими үчүн Батыштын аскерий-финансылык жардамы үзүрүн берип жатканын көрсөтүү абдан маанилүү. 100дөй киши жашаган Сухой Ставок айылын "кайтарып алуу" да кандайдыр бир жылыш болуп жатканын айгинелемек. Ай сайын келип жаткан 5 миллиард долларлык колдоо болбосо кол жоолукка айланган "украина мамлекеттүүлүгү" бир заматта кыйрап түшөрү айкын. Демек, жакынкы айларда Батыштан жаңы насыя жана курал-жарак алуу үчүн Украина Куралдуу күчтөрү кезектеги курмандыкка барат.
Кагылышуу жүрүп жаткан Херсон менен Запорожье облустарындагы кырдаал Голливуддагы көрүнүштөн оголе алыс. Контрчабуул жасоо үчүн Батыштан Украинага алып келинген 128-бригада толугу менен талкаланды.
Россиялык аскерлер 30-августта максатына жетпей калган контрчабуулдан кийин аныкталган бутасына авиациялык, артиллериялык жана ракеталык сокку урду. Александровка жана Днепропетровск аймагында "Искандерлер" Украина Куралдуу күчтөрүнүн 1-танк бригадасын талкалады, мында Киев режими 200 кишисинен ажыраган, анын 40ы чет элдик жалданма жоокерлер экени анык болду. Украинанын учкучсуз аппараттары россиялык радиоэлектрондук күрөш системасы менен жок кылынууда. Россиянын Куралдуу күчтөрү Харьковдон Николаевге чейинки 1000 чакырымдык аймакта үстөмдүгүн сактап келе жатат.
Херсон облусунда кокус украин тарап кирип келүүгө аракет кылса деп эшелондоштурулган коргонуу уюштурулду, демек, россиялык армия аймактын коопсуздугун тыкыр камсыздоодо. Запорожье облусуна Украина атомдук электр станцияны аткылаганда гана олуттуу коркунуч жаралып жатат. Улутчулдардын мындай "эрдигин" Пентагон да байкады. Жамааттык Батыш Киев режиминин сакталып калышы үчүн баарына даяр эмес. Баса, Зеленский эмитен эле согуштан кийин "Украинаны калыбына келтирүү үчүн" болжол менен 800 миллиард доллар керек экенин эсептеп-тактап койду.
Киев режиминин салган тыюусуна жана ЖМКдагы цензурага карабай украиналык жоокерлердин кээси фронттогу чыныгы абал тууралуу айтууга аракет кылып келет. Пески аймагынан артка чегинген соң украиналык аскердин бири Владимир Регеша батыш соцтармагындагы баракчасына "Бардык жерде дүңгүрөгөн жеңишке жетип, күн сайын шаарлар менен айыл-кыштактарды бошотуп, душмандын сөөгүн боо-боо кылып үйүп жатканыбызга кубанычтамын. Залужный, Арестович, Маркус жана ушуга окшогондорго кайрылам, силер сыяктуу баатырлар менен бир доордо жашап калганыма чексиз сыймыктанам" деп жазды.
Ачуу реалдуулукту көргөн Украинанын Генералдык штабы президентке армия асмандан авиация менен ПВО каражаттары калкалап турбаса контрчабуулга бара албайт деген жөнөкөй нерсени жеткирүүгө далбастап жатат. Демек, Батыштын жардамын күтүү керек, ал эми мындай жардам контрчабуул болбосо келбейт. Түпсүз айлампа...
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Россиянын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2022
Россия эмне себептен аскер кызматкерлеринин санын 137 миңге көбөйттү
Жаңылыктар түрмөгү
0