Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Афган учкучтары, словакиялык МиГдер жана Польшага качуу. Украина армиясынын эртеңи

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүУчакка отуруп жаткан пилот. Архив
Учакка отуруп жаткан пилот. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2022
Жазылуу
Пентагон Украина Куралдуу күчтөрү үчүн бир жыл мурда АКШ жана башка мамлекеттерге качып кеткен афган учкучтарын топтоп жатат. Алар Калифорнияда кайра окуудан өтүүдө.
Афганистан америкалыктарга сабак болгон жок. Вашингтондо кол жоолук болгон Киев режимине бир аз акча жана эскирген курал-жарак жеткирип өзөктүк державалардын сап башында турган Россияны жеңүүгө болот деп ишенгендер дале бар. Украина Куралдуу күчтөрүнүн жыртык-тешигин бүтөө үчүн АКШда Афганистандын дезертир учкучтары Словакиянын эскилиги жеткен МиГ-29 реактивдүү истребителдерин жана ар кайсы өлкөдөн таап алып келген совет доорунан калган учактарды айдап үйрөнүп жатышат. АКШнын мындай жардамы Киев режиминин кыйроосун кийинкиге жылдырганы менен атайын операциянын жыйынтыгына эч кандай таасир эте албайт дейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
29-августта россиялык аскер-дипломатиялык чөйрөдөгү кызматкерлердин бири журналисттерге Украинанын аба күчтөрүнүн МиГ-29, Су-27 жана Су-25тен турган мурунку курамы Россиянын аба-космостук күчтөрү жана абадан коргонуу каражаттары менен жок кылынганын айтып берди. Ага чейин Запорожье облусу менен ДЭРде украиналык эки Су-25 штурмовиктери атып түшүрүлгөн. Атайын операция башталгандан тарта 276 учак, 148 тик учак жана 1832 учкучсуз аппараттар жок кылынды — бул Украина Куралдуу күчтөрү 500дөн ашуун учкучунан ажырады деген сөз.
Аскер күчүнүн жетишсиздигинен улам Украина президенти Владимир Зеленский Харьков аскер институтунун окууну бүтө элек курсанттарын кызыл отко салып жатат, алар биринчи же экинчи ирет асманга көтөрүлөрү менен жок кылынууда. Украинанын аба күчтөрүнүн жоготуусун компенсациялоо үчүн Батыш мамлекеттери Польша жана башка чыгыш европалык өлкөлөрдөгү советтик самолёттордун учкучтарын келишимдик негизде тартууга аракет кылды, бирок майнап чыккан жок.
Бүгүнкү күндө Пентагон Украина Куралдуу күчтөрү үчүн бир жыл мурда АКШ жана башка мамлекеттерге качып кеткен афган учкучтарын топтоп жатат. Алар Калифорнияда кайра окуудан өтүүдө, кандай болгон күндө да украина асманында афгандыктардын уча башташы кырдаалды өзгөртө албайт.
Америкалык стандарт менен түзүлгөн афган армиясы 2021-жылдын августунда кыйрап түшкөн, афган учкучтары аскердик машиналар менен жөө жүргөн талибдерден коңшу өлкөлөргө чыга качышкан. Украинаны коргоо үчүн Пентагондун ушундай "адистерге" муктаждыгы аргасыздык же учурду туура баалай албагандык менен гана түшүндүрүлөт. Афгандыктар өз мекенинде EMB-312 Tucano штурмовиктери менен учуп жүрүшкөн. Мындай учкучту реактивдүү МиГ-29га же Су-25ке отургузуу ары оор, ары ишке ашпай турган нерсе. Россиянын атайын операциясы жүрүп жаткан аймакта афган учкучтары "советтик" самолёттордо көпкө уча албас.
Россиянын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2022
Россия эмне себептен аскер кызматкерлеринин санын 137 миңге көбөйттү

Реалдуулукка кайтуу

Бразилия Tucano жеңил штурмовиктерин окуп үйрөнүүчү машина катары чыгарып, ал полиция кызматынын операцияларында (төңкөрүштөрдү басуу), башкача айтканда, каршы тарап эч кандай техника колдонбогон учурда пайдаланылып келген.
Радиусу 550 чакырымды түзгөн Tucano учагы 1500 килограмм жүк көтөрө алат, крейсердик ылдамдыгы саатына 500 чакырым экени маалым. Афган армиясында истребителдик авиация болгон эмес. Салыштыруу үчүн айтсак, МиГ-29 жер үстү менен саатына 1 500 чакырым жүрө алат, ал эми максималдуу чеги 2 450 чакырым деп белгиленген.
Истребителдин пилоту учуунун таптакыр жаңы ыкмаларын өздөштүрүшү шарт. Анын үстүнө МиГ-29га жакында эле Американын ыраактыгы 48 чакырымга жеткен радиолокацияга каршы AGM-88 HARM ракеталары интеграцияланган. Ракеталарды электроника менен жакшы тааныш, каршылаштын ПВО каражаттарына жакындоонун ыгын билген киши учурушу керек эмеспи, афгандардын талибдер менен жүргүзгөн тажрыйбасы бул жерде жардам бере албайт.
Американын Air Force Magazine басылмасы "советтик" учактардан батыштын самолётторуна өтүү пилоттордон ой жүгүртүүсүн өзгөртүүнү жана башка тактиканы өздөштүрүүнү талап кылат. Румыниянын Куралдуу күчтөрү F-16га он жылда араң өткөн, учкучтар азыркыга чейин толук даяр экенин көрсөтө албай келет. Бардык эле нерсени акчага сатып алууга болбойт да. Атайын операция шартында Украина армиясынын "өзгөрүүгө" дегеле убактысы жок.
Словакиянын Коргоо министрлиги колдонуудан чыккан МиГ-29 истребителдери августтун соңу сентябрдын башы менен Украинага берилерин билдирди. Самолёттор даяр, айрым маселелер такталууда. Жакын арада Украинанын истребителдер паркы толукталары күтүлүп жатат, анткен менен акча жана техника өз алдынча согушуп, тажрыйбалуу учкучтарды алмаштыра албайт эмеспи.
Киевге 11 МиГ-29 истребителинин берилишин кезектеги курмандык десек болот. Анткени Украинада келчү машиналарды жайгаштыра турчу жер жок, негизги базалар тыптыйпыл болгон, аэродромдун баарына Россиянын ракеталык комплекси жетет. Берилген учактар экипажы менен көп болсо бир жуманын ичинде "демилитаризацияланышы" мүмкүн, Украинанын батыш аймагына салынган жаңы аэродромдор дагы жардам бербейт. Мисалы, НАТО жөнөткөн курал-жарак сакталып, Харьковго жана Славянск-Краматорск агломерациясынын аймагына жөнөтүү үчүн күч топтолгон Ровно облусундагы объектилер жардырылып жатат.
Украина армиясын чыңдоого НАТОнун технологиялык жактан эскирген курал-жарагын жеткирип АКШ баштаган 50гө чукул өлкө жардам берүүдө. Ушу тапта Киев режимине америкалык F-16 истребителдерин берүү долбоору (украиналык учкучтар менен техниктерди кайра окутуу үчүн 100 миллион доллар бөлүү) Конгрессте токтоп турат. Европада аскерий абал Вашингтондун көзөмөлүнөн чыгып курчуп кетиши мүмкүн жана АКШнын түндүк америкалык аймагына коркунуч жаратат деген кооптонуудан улам иш алдыга жылбай калды. "Чечим кабыл алчу борбор" Киевде эмес экени баарыбызга маалым.
АКШ менен НАТОнун аскерий жардамы Украина Куралдуу күчтөрүнүн кыйроосун кийинчерээк убакытка жылдырганы менен Россиянын атайын операциясынын жалпы жыйынтыгына таасир этпейт. Украина аба күчтөрүнүн тажрыйбалуу курамы жок кылынган, Батышта Киев режими үчүн курал-жарак түгөнүп бара жатат. (https://ria.ru/20220828/podderzhka-1812713391.html)
Украина Куралдуу күчтөрүн "афгандаштыруу" кыйроого кептеп, украиналык армиянын Польшага (Словакияга, Венгрияга, Румынияга) кире качышы менен бүтөрү бышык. Америкалык жана АКШга ыктаган мамлекеттердин армиясы буга чейин деле Кабул менен Сайгондо ушундай тагдырга туш болбоду беле.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
МиГ-31И истребители. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2022
Батыш МиГ-31И истребителинин космостогу мүмкүнчүлүгүнөн чочулоодо. Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0