Россия эмне себептен аскер кызматкерлеринин санын 137 миңге көбөйттү

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүРоссиянын аскер кызматкерлери. Архив
Россиянын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2022
Жазылуу
Күз айларындагы референдумдардан кийин Донбасста, Запорожье жана Херсон облустарынын аймагында россиялык армия туруктуу орун алып калышы толук мүмкүн.
Россия Куралдуу күчтөрүнүн курамындагы аскер кызматкерлеринин санын келишимдик негизде кызмат өтөгөндөрдүн эсебинен 13 пайызга көбөйтүү — зарыл жана бүгүнкү күндүн чакырыктарына ыкчам жооп берүүгө мүмкүнчүлүк берген чара. Мындай өзгөрүүгө Украинада жүргүзүлүп жаткан атайын операциянын эч кандай тиешеси жок дейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
РФ президенти Владимир Путин 25-август күнү 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып Куралдуу күчтөрдө кызмат өтөгөндөрдүн санын 137 миң кишиге жеткирүү тууралуу жарлыкка кол койду. Мурунку саны 1 013 628 экенин эске алсак, 13 пайызга көбөйтүлөрү маалым болду. Жарлыктын күчүнө кирер күнү эч бир дата менен байланыштуу эмес. Кремль мындай чечимди капысынан эле кабыл алган жок, акыркы беш жыл аралыгындагы глобалдуу коопсуздуктун начарлашынан жана Россиянын Куралдуу күчтөрүн заман талабына жараша өнүктүрүү зарылдыгынан улам келип чыкты. Башкы максат — армиянын жогорку даярдыгын жана өлкө аймагында коргонууга даярдыгын камсыздоо.
Келишимдик негизде кызмат өтөөчү аскер кызматкерлерин армияга тартуу муктаждыгы жаралган учурда Европа же Азияда стратегиялык багыттын баарында күчтөрдү тең салмактоого, атайын аскердик операциянын чек арасын өзгөртүүгө же атайын операцияны контртеррордук иш-чарага айлантууга жол ачат.
Күз айларындагы референдумдардан кийин Донбасста, Запорожье жана Херсон облустарынын аймагында россиялык армия туруктуу орун алып калышы толук мүмкүн. Приазовье, Кара деңизди бойлой жашаган миллиондогон россиялык жарандардын коопсуздугу үчүн жаңы аскер бөлүктөрүн, гарнизондорду түзүүгө туура келет. Экономикалык, логистикалык жактан алып караганда бул оңой-олтоң иш эмес, мамлекеттик бюджетти кайра карап чыгууну талап кылат.
Кандай болгон күндө да армияга погон тагынып, бирок колунан эч нерсе келбеген жигиттердин кереги жок. Психологиялык жактан туруктуу, даярдыгы мыкты, зарылдык жаралган учурда жылдап өмүрүн арнай алган жүз миңдеген адис керек. Россияда жыл сайын 240 миң адам аскер кызматын өтөйт, бул катардагы жоокерлер жана даярдыгы бар запастагы сержанттар. 2023-жылдын 1-январынан тарта көбү келишимдик негизде бош орунда кызматын уланта алат. Каалоочулар үчүн сынак уюштурулат.
МиГ-31И истребители. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2022
Батыш МиГ-31И истребителинин космостогу мүмкүнчүлүгүнөн чочулоодо. Сереп

Кас чөйрө

Бардык нерсе салыштыруудан билинет эмеспи. Варшава армиясынын санын 120 миңден 300 миңге чейин көбөйттү. Польшанын мобилизациялык кызматынын жетекчиси жакын арада армияда 250 миң киши кызмат өтөй турганын, дагы 50 миң жоокер аймактык коргонуу бөлүктөрүндө болорун билдирүүдө. АКШга буйрутма берген Abrams M1A2 үлгүсүндөгү 200 танканы күтпөстөн Польша Түштүк Кореядан 1000 танк, гаубица жана учактарды алуу боюнча келишим түздү. Өлкө аймагында АКШнын ракетага каршы коргонуу системасынын инфраструктурасы өнүгүп жатат.
Румыния да армиясын шашылыш күчтөнтө баштады, эми өлкө аймагына 12,2 миллиард долларга бир нече аскерий база курулуп, америкалык Patriot зениттик-ракеталык комплекстери жайгашмакчы. Мындан тышкары, буга чейин орун-очок алып калган чет элдик аскер бөлүктөрүнө кошумча 5 000 киши тартылган мото жана жөө бригадалар иштей турганы айтылууда. Түндүк Атлантика альянсы Кара деңиз тараптан Россияны ооздуктоосун уланта берет шекилдүү.
"Украин долбоорунун" улутчулдарын куралдандырууга АКШ 2014-жылдан бери 15,5 миллиард доллар жумшаган, Киев режимине эми дагы 2,98 миллиард долларлык жардам пакетин жөнөтмөкчү. Wall Street Journal басылмасынын маалыматы боюнча, Ак үй жакын арада Украинага аскерий жардам берүү багытында АКШнын күчүн бир жерге топтоп, үч жылдыздуу генералга өткөрүп берет. Бул жерде Американын Европа менен Украинаны глобалдуу үстөмдүк кылуу максатына жетүү үчүн пайдаланып жатканы ачык эле көрүнүп турат.
18-август күнү Түндүк Дакотадан Англияга курамына төрт B-52H стратегиялык бомбалоочу учак кирген ыкчам топ жөнөтүлдү. Америкалык миссиянын максаты өнөктөштөр менен ыкчам аракетти күчөтүү, бүтүндөй Европа боюнча күч-кубатын көрсөтүү дешти. B-52H "стратегдери" 2019-жылдын күзүнөн тарта Британиянын Фэрфорд шаарында, мындан тышкары, август айында АКШ "НАТОнун Чыгыш флангын бекемдөө" үчүн деп Польшага бешинчи муундагы F-22 Raptor истребителинен 12ни жеткирип берди.
Америкалыктар НАТОну Чыгышты көздөй кеңейтүү менен Европанын коопсуздук системасын жок кылууда бүгүн Швеция менен Финляндияны пайдаланып жатат. Орус-фин чек арасынын узундугу 1 270 чакырымдан ашуун, аталган тилкени Москва эми сокку уруучу авиация, ПВО-ПРО, гиперүндүү ракеталык комплекстер менен чыңдоого аргасыз. Бул шведдер менен финндер дайым мээленген бута болот деген түшүнүк.
Жамааттык Батыш Москва 2021-жылы сунуштаган тең укуктуу жана бөлүнгүс коопсуздук боюнча демилгелерден караманча баш тартып, Россиянын АКШ менен НАТОго койгон акыйкаттуу талаптарын (альянсты кеңейтүүдөн баш тартуу, Чыгыш Европа өлкөлөрүндө жайгашкан чет элдик аскер бөлүктөрүн жана сокку уруучу курал-жарагын 1997-жылдагы чекке кайтаруу) көрмөксөн болуп койду. НАТОнун март айында чукул чогулган коргоо министрлери "тарыхый чечим" кабыл алып, Россияны ачык эле өз душманы деп жарыялады. Стратегиялык концепция Мадридде июнь айында өткөн альянстын саммитинде биротоло бекитилди.
АКШнын Россияга каршы жылдап созулуучу прокси-согушу америкалыктарга да, алардын европалык союздаштарына да эч жакшылык алып келбейт. Мындай жоопкерчиликсиз, алды-артын карабаган багыт жамааттык Батышты өтө катаал аскердик-саясий жана экономикалык кесепетке кептейт. Германия менен Франция азыркы олку-солкулуктан улам "Рамштайн концессиясынан" оолактап, өзгө тургай өзүнө курал-жарак жеткире албай айласы кетүүдө.
Экинчи жагынан Россия атайын операция жүрүп жаткан аймакта дайым үстөмдүк кылуучу тарап, Украина Куралдуу күчтөрүн, ага кошуп НАТОлук куралдарды талкалап жатат. Ошол эле маалда Батыштын катаал санкцияларына карабастан экономикасын өз калыбында сактап калды. Washington Post гезити жазгандай, "Украинадагы согуштук аракеттер россиялык коомчулуктун башын бириктирүүгө чоң өбөлгө болду".
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Россиялык аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2022
НАТО "олжосунун" чабал тараптары. Аскерий сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0