1-сентябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКүз Ала-Арча паркында. Архив
Күз Ала-Арча паркында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2022
Жазылуу
1-сентябрда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республиканын кээ бир райондорунда өткүн өтөт, ал эми ысыктын күчү үч облуста 35 градуска жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +28…+33, Таласта +25…+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +30…+35, Ысык-Көл өрөөнүндө +21…+26, Нарын жергесинде +22…+27 градус болору айтылды.
Күндүн табы Бишкекте +30…+32, Ош шаарында +33…+35 градуска чыгат.
Суусамыр. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2022
Күн сууктайбы? Бир жумага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0