Күн сууктайбы? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Игорь Егоров / Медиабанкка өтүүСуусамыр. Архивдик сүрөт
Суусамыр. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2022
Жазылуу
Өлкөнүн айрым аймактарында күн ачык болсо, кээ бир жерлеринде жаанчыл болушу божомолдонууда.
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы жумага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, өлкөнүн айрым аймактарында күн ачык болсо, кээ бир жерлеринде жаанчыл болушу божомолдонууда. Бишкекте 29-августта күндүз жамгыр себелеши ыктымал. Башка күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй, Талас облустары

Чүй облусунун тоолуу жерлеринде 2-сентябрга чейин жамгыр жаашы ыктымал. Дыйканчылык аймактарында күн ачык болуп, абанын температурасы 27...32 градуска чейин ысыйт. Ал эми Таласта 30-августка чейин айрым райондорунда өткүн өтүшү мүмкүн. 31-августтан тарта күн ачылып, абанын температурасы 30 градуска чейин жогорулайт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактары

Апта ичи түштүктөгү үч облуста тең жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы 29...34 градуска чейин ысый турганы айтылды. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метр жетет.

Нарын, Ысык-Көл дубандары

Ысык-Көлдө 29-30-31-августта жана 1-сентябрда күндүз өткүн өтөрү айтылды. 2-3-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 18...23 градус жылуу болушу божомолдонду.
Ал эми Нарында күн ачык болот. 31-августта гана өткүн өтүшү ыктымал. Башка күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 20-22 градустун тегерегинде болот.
Күзгү аба-ырайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2022
Күн сууктайбы? Сентябрь айына карата Кыргызстандагы аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0