Күн сууктайбы? Сентябрь айына карата Кыргызстандагы аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКүзгү аба-ырайы. Архивдик сүрөт
Күзгү аба-ырайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2022
Жазылуу
Күздүн алгачкы айында күн салкындап, тоолуу аймактарда абанын температурасы нөлдөн ылдый төмөндөйт.
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги сентябрь айына карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
© Фото / пресс-служба КыргызгидрометСентябрьда абанын орточо температурасы
Среднемесячная температура воздуха по Кыргызстану в сентябре 2022 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2022
Сентябрьда абанын орточо температурасы
Ага ылайык, абанын айлык орточо температурасы норманын чегинде болот. Жаан-чачындын айлык көлөмү Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында нормага жакын, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жана Алай өрөөнүндө нормадан арбын болушу күтүлөт.
© Фото / пресс-служба КыргызгидрометСентябрьда жаан-чачындын орточо көлөмү
Среднемесячное количество осадков в Кыргызстане в сентябре 2022 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2022
Сентябрьда жаан-чачындын орточо көлөмү

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп 17…19, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектеринде 12…14 градус жылуу болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 8…13 — 15…20, күндүз 20…25 — 29…34 градуска чейин өзгөрүп турат. Кээ бир күндөрү түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектеринде абанын температурасы түнкүсүн 1…6 — 7…12 градуска чейин өзгөрүп турат. Кээ бир түндөрү 0…-2 градуска чейин төмөндөп үшүк жүрүшү мүмкүн, күндүз 12…17 — 23…28 градус жылыйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Талас облусу

Абанын орточо айлык температурасы климаттык норманын чегинде болуп 14…16 градус жылыйт. Ай ичинде түнкүсүн 3…8 — 9…14, кээ бир түндөрү 0…-2 градуска чейин үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз 19…24 — 28…33 градус жылып, айрым күндөрү 13…18 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Ош облусу

Абанын орточо айлык температурасы климаттык норманын чегинде болуп 19…21, тоо этектеринде 15…17 градус жылыйт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 7…12 — 15…20, күндүз 23…28 — 30…35 градуска чейин ысыйт. Кээ бир күндөрү күндүз 17…22 градуска чейин төмөндөйт.
Тоо этектериндеги аймактарда түнкүсүн 5…10 — 11…16, күндүз 14…19 — 26…31 градуска чейин өзгөрүлүп турат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болот.

Жалал-Абад облусу

Абанын орточо айлык температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 19…21, тоо этектеринде 15…17 градус жылуу болот.
Ай ичинде абанын табы түнкүсүн 7…12 — 15…20, күндүз 23…28 — 30…35 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Кээ бир күндөрү күндүз 17…22° жылуулукка чейин төмөндөшү мүмкүн. Тоо этектериндеги райондордо жана Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 5…10 градус жылуулуктан 11…16 жылуулукка чейин, күндүз 14…19 жылуулуктан 26…31 жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болот.

Баткен облусу

Абанын орточо айлык температурасы климаттык норманын чегинде болуп 19…21, тоо этектеринде 15…17 градус жылыйт.
Ай ичинде түнкүсүн 7…12 — 15…20, күндүз 23…28 — 30…35 градус ысыйт, кээ бир күндөрү 17…22 градуска түшөт.
Тоо этектеринде күндүн табы түнкүсүн 5…10 — 11…16, күндүзү 14…19 — 26…31 градуска чейин өзгөрүп турат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан жогору болот.
Жамгырда бараткан киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2022
Жаан жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

Ысык-Көл облусу

Абанын орточо айлык температурасы климаттык норманын чегинде сакталып 13…15 градус жылыйт.
Ай ичинде түнкүсүн 3…8 — 10…15, кээ бир түндөрү 0…-2 градуска чейин түшүп үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз 13…18 — 21…26 градус жылыйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу ыктымал.

Нарын облусу

Абанын орточо айлык температурасы климаттык норманын чегинде туруп 12…14 градус жылыйт.
Ай ичинде түнкүсүн 1…6 — 7…12, кээ бир түндөрү -1…-3 градуска чейин төмөндөп үшүк жүрөт. Ал эми күндүз 15…20 — 24…29 градус жылыйт. .
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Алай өрөөнү

Абанын орточо айлык температурасы климаттык норманын чегинде сакталып 5…7 градус жылыйт.
Абанын температурасы түнкүсүн -2…-7 — 0…5 градус, күндүз 5…10 — 14…19 градуска чейин өзгөрүп турат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болот.

Чаткал өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп 11…13 градус жылыйт.
Түнкүсүн 0…-5 — 4…9 градус, күндүз 12…17 — 23…28 градус жылыйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Суусамыр өрөөнү

Абанын орточо айлык температурасы климаттык норманын чегинде сакталып 8…10 градус жылыйт.
Абанын температурасы түнкүсүн -4...+1 — 2…7 градус жылыйт, күндүз 11…16 — 20…25 градуска чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир күндөрү түнкүсүн -5…-10 градуска дейре сууктап, күндүз 5…10 градус жылыйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.
Караколдогу пляж. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2022
Келерки аптада Ысык-Көлдө аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0