Asia Mall соода борборундагы унаадан табылган граната жараксыз болгон дешти

© Sputnik / Эркин СадыковAsia Mall соода борбору. Архивдик сүрөт
Asia Mall соода борбору. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2022
Жазылуу
Буга чейин ишкер Илгиз Шаменов граната автоунаасына байлап коюлганын айтып, видеосун жарыялаган.
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Бишкектеги Asia Mall соода борборундагы автоунаа токтотуучу жайдагы машинадан табылган гранатанын колдонууга жараксыз болгону аныкталды деген маалыматты Ленин РИИБден таратышты.
Жарылуучу зат 11-августта табылган. Анда ишкер Илгиз Шаменов граната автоунаасына коюлганын билдирген эле. Милиция унаанын ичинен РГД-5 гранатасына окшош металл буюмду тапкан.
РИИБ экспертизанын жыйынтыгы боюнча маалымат берди.
"РГД-5 гранатасынын корпусу жана системасы согуштук деп эсептелет, конструкцияда тротил жана тетрил жардыргычтары бар. Алар заводдук ыкма менен даярдалган, кайра жабдылган эмес, колдонууга жараксыз болгон, сыноо маалында иштеген эмес", — деп жазылган мааалыматта.
Бул факт боюнча иши козголуп, шектүүлөр изделүүдө.
Жолду өтүп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2022
Бишкекте ЗиЛдин 17 жаштагы кызды сүзүп кеткени видеого түшүп калган
Жаңылыктар түрмөгү
0