Дарыгер айдоочулар үчүн кооптуу илдеттерди атады

© Sputnik / Александр Уткин / Медиабанкка өтүүАйдоочу. Архивдик сүрөт
Айдоочу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2022
Жазылуу
Адис биринчи кезекте жүрөк оорулуулар автоунаа айдаганда этиятташы керектигин, айрым илдеттер рулга таптакыр отурууга жол бербей турганын айтты.
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Терапевт Андрей Звонков айдоочулардын өмүрүнө кооптуу ооруну атады. Бул тууралуу Ura.ru басылмасы жазды.
Ал жүрөк-кан тамыр илдеттери бар адамдардын автоунаа башкаруусу кооптуу экенин белгилеген.
"Жүрөктүн каккан ыргагынын бузулушу көп билине бербейт. Адам рулда отуруп баратып көз жумушу мүмкүн. Аритмия же жүрөктүн кагышында көйгөйү барлар жүргүнчү эле болгону оң. Адатта гипертония менен жабыркагандарды жана кан басымы 140тан өйдө айдоочуларды ишке алышпайт", — деди дарыгер.
Ошондой эле дарыгер көзү начарлар жана инсульт алгандар унаа айдаганда этиятташы керектигин кошумчалады.
"Глаукомада түстөрдү айырмалай албай калышат, катарактада көрүү талаасы бузулат", — деди адис.
Мындан сырткары, борбордук нерв системасына таасир эте турчу препараттарды колдонгондор рулга отурууда абайлашы керек экенин айткан.
Ооруканадагы палата. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2022
Жүрөк оорусу: адам өлүмү кайсы сааттарда көп катталары айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0