26-августка карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековТөө-Ашуу. Архивдик сүрөт
Төө-Ашуу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2022
Жазылуу
26-августка караган түнү Чүй, Ош, Жалал-Абаддын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Жума күнү күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын аймагынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +24...+29, Талас жергесинде +22...+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көлдө +19...+24 жана Нарын аймагында +21...+26 градуска жетет.
Бул күнү Бишкек менен Чолпон-Атада мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +27...+29, Ош калаасында +28...+30, ал эми Чолпон Атада +20...+22 градус болору айтылды.
Жаан жааган учурда жолдо жүргөн такси - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2022
Жайдын соңку күндөрү кандай болот? Келе жаткан аптага аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0