Ташкентте ШКУ мамлекеттеринин банк өкүлдөрү жолугат. Себеби

© Sputnik / Павел ЛисицынБанк. Архивдик сүрөт
Банк. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2022
Жазылуу
ШКУга мүчө-мамлекеттердин банктары инвестициялык, экономикалык жана кадрдык тармактагы өз ара кызматташууну кеңейтүү ыкмаларын сүйлөшмөкчү.
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Ташкент калаасында 23-августта ШКУнун Банктар аралык бирикемелер кеңешинин отуруму өтөт. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан жазды.
Анда ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн банктары пандемия жана дүйнөлүк экономикадагы туруксуздуктан улам болгон каатчылыкка каршы күрөшүү жолдорун талкуулай турганы айтылды. Андан сырткары, мүчө-мамлекеттердин банктары инвестициялык, экономикалык жана кадрдык тармактагы өз ара кызматташууну кеңейтүү ыкмаларын сүйлөшмөкчү.
Эске салсак, Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө.
ИИМдин технологиялык борбору. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2022
ШКУ өлкөлөрүнө эл аралык кылмыштуу топко каршы борборду Бишкекте түзүү сунушталды
Жаңылыктар түрмөгү
0