Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Полянский: БУУнун Коопсуздук кеңеши Киевдин АЭС боюнча версиясын колдогон жок

© AFP / ED JONESНью-Йорктогу БУУнун имаратынын тосмосуна Украинанын желегинин түстөрүндөгү ленталар байланган. Архив
Нью-Йорктогу БУУнун имаратынын тосмосуна Украинанын желегинин түстөрүндөгү ленталар байланган. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2022
Жазылуу
Россиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан бери украин аскерлери АЭСтин аймагына бир нече жолу чабуул жасаган.
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында украин аскерлери аткылоого алган Запорожье атомдук электр станциясынын айланасында болуп жаткан окуялар боюнча Украинанын версиясын эч ким колдогон жок. Бул тууралуу Россиянын аталган уюмдагы өкүлүнүн орун басары Дмитрий Полянскийге шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Россияга каршы айыптоолорго карабай, бул иш-чаранын жыйынтыгы менен Украинаны эсине келтире турган кеп-кеңештер айтылат деп үмүттөнөм. МАГАТЭнин башчысы Гроссинин Запорожье АЭСине келишине Украина бийлиги жана Батыш жалпысынын тоскоолдук жаратпаса экен деп турабыз. БУУнун катчылыгы дагы буга чейинки позициясын кармаса экен", — деди Полянский.

Тарыхы

Россиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан бери украин аскерлери АЭСтин аймагына бир нече жолу чабуул жасоо аракетин көрүшкөн. Артиллериялык бир катар чабуулдун натыйжасында өрт чыгып, энергоблоктордун иштөөсү үчүн зарыл болгон эки электр чубалгысы үзүлгөн. Анда №3 станция ишин токтотуп, №4 энергоблоктун генерацияланган кубаттуулугу кыскарган.
Запорожье АЭСи Днепрдин сол жээгинде, Энергодар шаарына жакын жерде жайгашкан. Бул блоктордун саны жана орнотулган кубаттуулугу боюнча Европадагы эң ири атомдук электр станция болуп эсептелет. 1984-1987-жылдары алгачкы төрт энергоблок, 1989-жылы бешинчи, 1996-жылы алтынчысы ишке киргизилген.
Ал март айынан бери орус аскерлери тарабынан кайтарылып келген. Россиянын Тышкы иштер министрлиги бул кадамды өзөктүк жана радиоактивдүү материалдардын агып кетүүсүнө жол бербөө үчүн жасалды деп түшүндүргөн. Анткен менен станция украиналык оператор тарабынан көзөмөлдөнүп жатат.
Киевдин мындай аракетин сынга алгандар четтен чыгып жатат. Киевдин өзөктүк объектилерге жасаган соккусу масштабы жагынан дүйнөнү Чернобылдагыдай каргашага түртүп жатканын Россиянын БУУдагы өкүлү Василий Небензя айткан.
Ошол эле учурда БУУнун башкы катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик брифинг өткөрүп, МАГАТЭнин эксперттери Запорожье АЭСине барышы үчүн бардык күч-аракетин жумшап жатканын кошумчалаган.
Запорожье атомдук электр станциясын аткылоодон кийин ракетанын фрагменти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Запорожье бийлиги: АЭСти аткылоого АКШ менен Британия буйрук берип жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0