Кайра жаралган Казыбек. Казалчынын 120 жылдык тоюнун видеосу

Жазылуу
28 жашында сүргүнгө айдалып, 94 жылдан кийин акталып, эми гана экинчи өмүрү башталган кыргыздын белгилүү акындарынын бири Казыбек Мамбетимин уулунун 120 жылдыгына карата Ат-Башыда мамлекеттик деңгээлдеги маараке өттү.
Sputnik Кыргызстан агенттиги казалчынын мекенинде белгиленген иш-чарага күбө болуп келди.
Маараке Ат-Башы районунун Босого жайлоосунда, ажайып жаратылышта белгиленди. Ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов сыяктуу бийлик өкүлдөрү катышып, Казыбек казалчынын 120 жылдыгына карата кандай иштер жасалып жатканын айтып, маданият, адабият жаатында бул маанилүү иш-чара экенин белгилешти.
Тойду Казыбек казалчынын өмүр жолун чагылдырган театрлаштырылган пролог ачып, акындын ырлары ырдалып, манас айтылды. Мындан тышкары, боз үй, кол өнөрчүлүк, тамак-ашка сынак жарыяланып, мыктыларына акчалай сыйлык тапшырылды. Улуттук спорттук мелдештер келгендерди көңүл кош калтырган жок. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, мамлекет тарабынан сахнанын жасалгасына гана акча бөлүнгөн. Калганын толугу менен Ат-Башы эли уюштурган.
Казыбек Мамбетимин уулу 1901-жылы Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы азыркы Казыбек айылынын Чет-Келтебек жайлоосунда туулган. Акындын чыгармалары кеңеш доорунда жарыяланган да, окуп үйрөнүлгөн да эмес. Ага атасынын бай болушу, өзүнүн диний билим алгандыгы жана кулакка тартылганы, социализмдин идеяларын толук кабыл албагандыгы себеп. Белгилей кетсек, сүргүнгө айдалган акын 94 жылдан кийин, быйыл 16-февралда, Жогорку сот тарабынан акталды. Ошондой эле казалчынын 94 жыл катылуу турган сүрөтү табылды.
Тема боюнча:
Казыбек казалчынын акталышын майрамдаган Ат-Башы. Босогодогу тойдун сүрөттөрү
Жаңылыктар түрмөгү
0