Моряк Чымыров: Бангладештин портун мина менен чөккөн кемелерден тазалаганбыз

© Фото / из личного архива Турдубека Чымырова.Тынч океан флотунун курамындагы ЭОН-12 атайын экспедициясынын боцманы Турдубек Чымыров
Тынч океан флотунун курамындагы ЭОН-12 атайын экспедициясынын боцманы Турдубек Чымыров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2022
Жазылуу
СССР Президиуму 1980-жылы июлдун акыркы дем алыш күнүн өлкөнүн аскердик деңиз флотунун күнү катары белгилөө тууралуу атайын жарлык чыгарып, ошондон бери постсоветтик аймакта деңиз флоту кесиптик күнүн майрамдап келет.
Советтик моряктар дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчунда интернационалдык милдетин аткарышкан. Анын бири кыргызстандык Турдубек Чымыров 1972-1974-жылдары Бангладештин эң башкы деңиз порту Читтагонгду мина менен чөгүп кеткен кемелерден тазалоо миссиясына катышкан. Бул порт Бангладеш менен Пакистандын ортосундагы согуштан жабыркаган эле. Колумнист Алмаз Батилов моряк Турдубек Чымыров менен ушул миссия тууралуу баарлашты.
— Армияга чакырылгандан кийин эле СССРдин Аскердик-деңиз флотуна жиберилген экенсиз. Кайсы флотилияда кызмат өтөдүңүз?
— Адегенде Амур флотилиясына туш болуп, алты ай машыгуудан өттүк. Баш-аягы бул жерде тогуз ай кызмат өтөдүм. Андан кийин командачылык деңиз астын миналардан тазалоо жана атайын орнотулган тосмолордон чөккөн кемелерди өткөрүү боюнча адистешкен (тральщик) катерге которду. Биз миналарды тазалоодо тралды кантип колдонуу керектигин теориялык жактан окуп, практика жүзүндө үйрөндүк. Мисалы, тралды эреже боюнча үч мүнөттө коюш керек.
— Бангладешке кандайча барып калдыңыз эле?
— Бул өлкөгө кетерибизди 1972-жылы апрелде гана билдик. Ага чейин атайын текшерүүдөн өткөнбүз. Командачылык бардыгыбызды катарга тизип, "Бангладешке интернационалдык милдетиңерди аткарганы барасыңар, Читтагонг портун мина менен чөккөн кемелерден тазалоо операциясына катышасыңар, заводдон жаңы чыккан катерлерди алыскы жолго даярдагыла" деген буйрук берди. Катерлерди бир ай даярдыктан өткөрдүк. Андан кийин "Новороссийск" атындагы жүк ташуучу кемеге алты катер жана понтондорду (сууда калкып туруучу үйлөнгөн челек сыяктуу көпүрө) жүктөп, аны менен чогуу кеттик. Ысык аймактарга кире баштаганда ыңгайлуу формага өтүп, кыска шым, бутубузга булгаарыдан жасалган тешиги бар бут кийим, башыбызга пилотка кийдик. 29 күн дегенде Бангладешке жеттик.
© Фото / из личного архива Турдубека Чымырова.

Тынч океан флотунун курамындагы ЭОН-12 атайын экспедициясынын боцманы Турдубек Чымыров.

Тынч океан флотунун курамындагы ЭОН-12 атайын экспедициясынын боцманы Турдубек Чымыров. - Sputnik Кыргызстан
1/3

Тынч океан флотунун курамындагы ЭОН-12 атайын экспедициясынын боцманы Турдубек Чымыров.

© Фото / из личного архива Турдубека Чымырова.

Тынч океан флотунун курамындагы ЭОН-12 атайын экспедициясынын боцманы Турдубек Чымыров (сол жакта) полктошу Каримов менен. 1972-жыл, май. Бангладеш, Читтагонг порту.

Тынч океан флотунун курамындагы ЭОН-12 атайын экспедициясынын боцманы Турдубек Чымыров (сол жакта) полктошу Каримов менен. 1972-жыл, май. Бангладеш, Читтагонг порту. - Sputnik Кыргызстан
2/3

Тынч океан флотунун курамындагы ЭОН-12 атайын экспедициясынын боцманы Турдубек Чымыров (сол жакта) полктошу Каримов менен. 1972-жыл, май. Бангладеш, Читтагонг порту.

© Фото / из личного архива Турдубека Чымырова.

Тынч океан флотунун курамындагы ЭОН-12 атайын экспедициясынын суучулдары кран менен сууга чөгүп кеткен кичи кемени алып чыгууда. 1972-жыл, май. Бангладеш, Читтагонг порту.

Тынч океан флотунун курамындагы ЭОН-12 атайын экспедициясынын суучулдары кран менен сууга чөгүп кеткен кичи кемени алып чыгууда. 1972-жыл, май. Бангладеш, Читтагонг порту. - Sputnik Кыргызстан
3/3

Тынч океан флотунун курамындагы ЭОН-12 атайын экспедициясынын суучулдары кран менен сууга чөгүп кеткен кичи кемени алып чыгууда. 1972-жыл, май. Бангладеш, Читтагонг порту.

1/3

Тынч океан флотунун курамындагы ЭОН-12 атайын экспедициясынын боцманы Турдубек Чымыров.

2/3

Тынч океан флотунун курамындагы ЭОН-12 атайын экспедициясынын боцманы Турдубек Чымыров (сол жакта) полктошу Каримов менен. 1972-жыл, май. Бангладеш, Читтагонг порту.

3/3

Тынч океан флотунун курамындагы ЭОН-12 атайын экспедициясынын суучулдары кран менен сууга чөгүп кеткен кичи кемени алып чыгууда. 1972-жыл, май. Бангладеш, Читтагонг порту.

— Башка кыргызстандыктар да бар беле?
— Мени менен чогуу беш кыргызстандык аскер кызмат өтөдү, тилекке каршы, ысымдарын унутуп калдым. Түптүн Кичи-Өрүктү айылынан теги казак Өкүмбеков, Нарындан Жакыпов, Оштон Абдыбаетов жана Байматов деген полктошторум болду. Алар башка катерлерде кызмат өтөдү. Ошол учурда баш-аягы 1,5 миңдей советтик моряк Бангладеште интернационалдык милдетти аткардык. Андан тышкары, жарандык адистер да бар эле. Тынч океан флотунун командачылыгына баш ийген бул топко ЭОН-12 атайын экспедициясы деген аталыш берилип, контрадмирал Сергей Зуенко жетектеди.
— Бангладешке келгенден кийин кайсы жерге жайгаштыңар? Келериңер менен эле портту тазалоо процесси башталдыбы?
— Ооба. Жергиликтүү бийлик советтик моряктар менен адистерге порттон төрт жай (причал) бөлүп берген. Ал жерлерге СССРдин туусу орнотулган. Экспедициянын мүлкүн сактоо үчүн кампалар бар болчу. Жогорку даражадагы офицерлерге жээктен атайын даярдалган үйлөрдү беришип, Mercedes-Benz жеңил автоунаалары менен камсыздашты. Ал эми моряктар, мичман, старшиналар жана жарандык адистер бардык шарты бар кемелерде жашадык. Мен куткаруучу катерде пулемётчу элем, аскердик наамым боцман болчу.
Минадан тазалоочу тралдын беш түрү болот. Биринчи түрү кескич (резак) деп аталат. Бул аспапты пайдалануу үчүн адегенде мина суунун кайсы тереңдигинде жатканы изилденет. Ошол тереңдикке жараша тосмо (буй) коюлат. Катердин үстүнөн минаны 20 метр тегерете трос менен кескичти байлап, якорго чынжырды илет. Анан катер трактор жерди соко менен айдаган сыяктуу тегерене баштайт. Ошол учурда якорь кескичти кесет, анын натыйжасында мина суунун үстүнө калкып чыгат. Адегенде миналарды пулемёт менен аткылап жок кылчубуз. Эки айдан кийин Москвадан миналарды кампаларга жеткизгиле деген башка буйрук келди. Ошондо чоң коркунуч жаралды, тийсең эле жарылып кетүү кооптуулугу күч эле да. Анын үстүнө сууда көп жаткандыктан дат басып калган. Мина жарылбаш үчүн капсуласын алып чыгыш керек. Мындан сырткары, курамында магнит болгондуктан, катерлерге жабышып жарылышы мүмкүн эле. Ошондуктан СССРде куткаруучу катерлер магнитке туруштук бергидей болуп жасалчу. Мен катерге эки минёрду салып, айдап барчумун. Минёрлор минанын капсуласын кылдаттык менен алып чыгышчу. Үчөөбүз аны катерге жүктөп, кампага өткөрчүбүз. Катерлердин баары күнүнө беш-алтыдан мина жеткизип турдук. Көпчүлүк миналар трос менен сүйрөгөндө жарылды. Бирок бир да советтик моряк же адис жаракат алган жок.
— Чөккөн кемелер кандай ыкма менен көтөрүлчү эле?
— Командачылык Владивостоктон атайын суу үстүндө сүзчү 800 тоннага чейин жүк көтөргөн эки кран алып келген. Жеңил кемелерди ушул кран менен көтөрүштү. Ал эми тоннажы оор кемелердин капталдарына бир нече понтондун желин чыгарып түшүрүп, суучулдар баарын бириктирип трос менен байлашчу. Андан кийин кеменин ичине толуп калган баткакты шлангдан суу аттырып тазалашчу. Снаряд тийген тешиктерди ширетип бүтөшчү. Чөгүп жаткан кеме менен понтонго компрессор менен жел үйлөтүлүп, натыйжада аба жаздыкчасы пайда болот. Анан кеме суунун үстүнө калкып чыкчу. Чыкпай калган да учурлар болгон. Бир ирет 1400 тонналык "Сурма" пароходун советтик адистер эки кран менен көтөрдү. Моряктар суунун астына түшүп, электрокислород жана жардыргыч заттардын жардамы менен кемени ичинен оюшкан. Андан кийин бул тешиктер аркылуу ичке троско чоң чынжырларды илишкен. Крандар ушул чынжырларды алмак-салмак көтөрүп, отун таарыгандай кемени таарып, бөлүп суунун үстүнө алып чыгышкан. Офицерлер бизге дүйнө жүзүндө мындай тажрыйба биринчи жолу колдонулду дешти. Баш-аягы чөгүп кеткен 26 кемени алып чыктык. Бул иш-чарада моряк Юрий Редькин каза болду.
© Фото / из личного архива Турдубека Чымырова.

Тынч океан флотунун курамындагы ЭОН-12 атайын экспедициясынын боцманы Турдубек Чымыров полктоштору менен жергиликтүү этнографиялык музейинде экскурсияда. Бангладеш. Читтагонг порту.

Тынч океан флотунун курамындагы ЭОН-12 атайын экспедициясынын боцманы Турдубек Чымыров полктоштору менен жергиликтүү этнографиялык музейинде экскурсияда. Бангладеш. Читтагонг порту. - Sputnik Кыргызстан
1/3

Тынч океан флотунун курамындагы ЭОН-12 атайын экспедициясынын боцманы Турдубек Чымыров полктоштору менен жергиликтүү этнографиялык музейинде экскурсияда. Бангладеш. Читтагонг порту.

© Фото / из личного архива Турдубека Чымырова.

Бир миң төрт жүз тоннага жеткен “Сурма” пароходун суунун үстүнө алып чыгууга даярдык. 1973-жыл, декабрь. Бангладеш, Читтагонг порту.

Бир миң төрт жүз  тоннага жеткен “Сурма” пароходун суунун үстүнө алып чыгууга даярдык. 1973-жыл, декабрь. Бангладеш, Читтагонг порту. - Sputnik Кыргызстан
2/3

Бир миң төрт жүз тоннага жеткен “Сурма” пароходун суунун үстүнө алып чыгууга даярдык. 1973-жыл, декабрь. Бангладеш, Читтагонг порту.

© Фото / из личного архива Турдубека Чымырова.

Тынч океан флотунун курамындагы ЭОН-12 атайын экспедициясынын каза болгон суучулу Юрий Редькинге арналган эстеликке анын полктоштору зыярат кылууда. 1974-жыл, июнь. Бангладеш, Читтагонг порту.

Тынч океан флотунун курамындагы ЭОН-12 атайын экспедициясынын каза болгон суучулу Юрий Редькинге арналган эстеликке анын полктоштору зыярат кылууда. 1974-жыл, июнь. Бангладеш, Читтагонг порту. - Sputnik Кыргызстан
3/3

Тынч океан флотунун курамындагы ЭОН-12 атайын экспедициясынын каза болгон суучулу Юрий Редькинге арналган эстеликке анын полктоштору зыярат кылууда. 1974-жыл, июнь. Бангладеш, Читтагонг порту.

1/3

Тынч океан флотунун курамындагы ЭОН-12 атайын экспедициясынын боцманы Турдубек Чымыров полктоштору менен жергиликтүү этнографиялык музейинде экскурсияда. Бангладеш. Читтагонг порту.

2/3

Бир миң төрт жүз тоннага жеткен “Сурма” пароходун суунун үстүнө алып чыгууга даярдык. 1973-жыл, декабрь. Бангладеш, Читтагонг порту.

3/3

Тынч океан флотунун курамындагы ЭОН-12 атайын экспедициясынын каза болгон суучулу Юрий Редькинге арналган эстеликке анын полктоштору зыярат кылууда. 1974-жыл, июнь. Бангладеш, Читтагонг порту.

— Дем алыш күндөрүн кандай өткөрчү элеңер?
— Жетекчилик Япониядан үч гитара, ионика жана барабандарды алдырып, өзүбүз эстрадалык ансамбль уюштурдук. Мен армияга чейин комуз жана башка аспаптарда ойночумун. Ошол маалда андай япониялык музыкалык аспаптар СССРде жокко эсе эле. Мен добулбаста ойночумун. Мындан сырткары, экспедициянын курамында волейбол да ойночумун. Бизди атайын уруксат менен Индиянын курамындагы Батыш Бенгалиянын борбору Калькуттага алып барып, ошол жердеги волейболчулар менен ойночубуз. Кечинде биздин ансамбль жергиликтүү тургундарга концерт берчү. Бир ирет ансамблдин жетекчиси, 3-рангдагы капитан (аты-жөнү эсимде жок) "Калькуттага барабыз, сен Индияга таандык "Преданность" көркөм тасмасындагы ырды ырдайсың" деп буйрук берди. Айла жок пластинканы коюп алып, ар бир сөзүн жазып жаттадым. Калькуттада стадиондо сегиз миң көрүүчүнүн алдында ырдадым. Индиялыктар улам суранып жатып, сегиз жолу ырдатышты, дагы эле эсимде. Ошентип эки жыл үч ай Читтагонг портунда аскердик кызмат өтөдүм.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖоокер интернационалист Турдубек Чымыров жана анын кесиптеши Самат Болотов
Советский моряк Турдубек Чымыров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2022
Жоокер интернационалист Турдубек Чымыров жана анын кесиптеши Самат Болотов
— Бангладештен кайсы жылы демобилизация болдуңуз?
— 1974-жылы 12-июлда Советтер Союзуна "Хабаровск" аттуу теплоход менен кайттык. Бангладеш өкмөтү бизге терең ыраазычылыгын билдирип, экспедициянын командирин контрадмирал Сергей Зуенкону алтын медаль, башка офицерлерди күмүш медалы менен сыйлаган. Мичман, старшина жана суучулдарга коло медаль ыйгарды.
— Азыр эмне менен алексиз?
— 1990-жылдардын ортосунан баштап өзүм туулуп өскөн Түп районунун Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкозов атындагы орто мектепте музыка жана дене тарбиядан сабак бердим. Мектепте фольклордук ансамбль түзүп, облус жана республиканын деңгээлинде конкурстарга катыштык. Мындан сырткары, окуучуларды спорт жаатында даярдап, ийгиликтерге жетишип, "Билим берүүнүн отличниги", "Дене тарбия жана спорттун отличниги" деген наамдар менен сыйландым. Бүгүнкү күндө айылдагы клубдун башчысы катары ансамбль түзүп, конкурстарга катышып, 2013-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" наамын алдым. Жубайым экөөбүз бир кыз, бир уулду тарбияладык. Сегиз неберебиз бар. 2012-жылдан баштап жоокер интернационалист катары жөлөк пул алам. Каракол шаарында Советтер Союзунун учурунда дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчунда кандуу кагылышууга катышкан советтик жоокерлердин уюму түзүлгөн, ага мүчөмүн. Тилекке каршы, полктошторум менен көрүшө элекмин. Азыркы күндө Түп районунун "Шайыр апалар" ансамблинде ар түрдүү аспаптарда ойнойм.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Түштүк Индиянын Мадрас штатынын ачкачылыктан кыйналган калкына СССРден советтик пароход ”Адмирал Ушаков” алып келген азык-түлүгүн жергиликтүү жумушчулар түшүрүп жаткан учур. Порт Мадрас. 1952-жыл.

Түштүк Индиянын Мадрас штатынын ачкачылыктан кыйналган калкына СССРден советтик пароход ”Адмирал Ушаков” алып келген азык-түлүгүн жергиликтүү жумушчулар түшүрүп жаткан учур. Порт Мадрас. 1952-жыл.  - Sputnik Кыргызстан
1/3

Түштүк Индиянын Мадрас штатынын ачкачылыктан кыйналган калкына СССРден советтик пароход ”Адмирал Ушаков” алып келген азык-түлүгүн жергиликтүү жумушчулар түшүрүп жаткан учур. Порт Мадрас. 1952-жыл.

© Фото / из личного архива Борончу Суучулова

Тынч океан флотунун суучулу Борончу Суучулов полктоштору менен. Владивосток шаары. 1982-жыл.

Тынч океан флотунун суучулу Борончу Суучулов полктоштору менен. Владивосток шаары. 1982-жыл. - Sputnik Кыргызстан
2/3

Тынч океан флотунун суучулу Борончу Суучулов полктоштору менен. Владивосток шаары. 1982-жыл.

© Фото / из личного архива Имаша Эсеналиева

Имаш Эсеналиев (1-катарда сол жактан биринчи) полктоштору менен. 1969-жыл. Ыраакы Чыгыш.

Имаш Эсеналиев (1-катарда сол жактан биринчи) полктоштору менен. 1969-жыл. Ыраакы Чыгыш. - Sputnik Кыргызстан
3/3

Имаш Эсеналиев (1-катарда сол жактан биринчи) полктоштору менен. 1969-жыл. Ыраакы Чыгыш.

1/3

Түштүк Индиянын Мадрас штатынын ачкачылыктан кыйналган калкына СССРден советтик пароход ”Адмирал Ушаков” алып келген азык-түлүгүн жергиликтүү жумушчулар түшүрүп жаткан учур. Порт Мадрас. 1952-жыл.

2/3

Тынч океан флотунун суучулу Борончу Суучулов полктоштору менен. Владивосток шаары. 1982-жыл.

3/3

Имаш Эсеналиев (1-катарда сол жактан биринчи) полктоштору менен. 1969-жыл. Ыраакы Чыгыш.

Буга чейин биздин айылдан дагы Улуу Ата Мекендик согуштан кийин өлкөнүн кызыкчылыгын коргоп, кан төккөндөр болгон. Мисалы, жердешим Имаш Эсеналиев 1969-жылы Ыраакы Чыгыштагы Даман аралында СССР менен Кытайдын ортосундагы кандуу кагылышууга катышып, оор жарадар болгон. Ал эми айылдаш иним Борончу Суучулов мен сыяктуу Тынч океан флотунун курамында Вьетнамда аскердик кызматын өтөгөн. Кийинки муунга өрнөк болчу адамдар булар.

Тарыхый маалымат

1971-жылдын аягына чейин Бангладеш Пакистандын курамында болчу. Бирок Бангладештин эли азаттыкты көксөп, расмий Исламабадга каршы көтөрүлүш чыгарат. Козголоңчуларды бенгал калкынын көрүнүктүү лидери шейх Муджибур Рахман жетектейт. Ошол учурда Индия Бангладешти колдоп, анын аскердик авиациясы Читтагонг портундагы кемелерди абадан бомбалап баарын чөктүргөн. Ал эми Пакистан порттун жээгине мина коюп салган. Расмий Исламабад көтөрүлүштү басууга аракеттенет. Айрым тарыхый маалыматтар боюнча, Пакистандын армиясы Бангладеште геноцид уюштурган. Анын жыйынтыгында 300 миңден 3 миллионго чейин чыгыш бенгал курман болгон. Кандуу күрөштүн натыйжасында Бангладеш Эл Республикасы пайда болот. Бирок Читтагонг порту бүлүнүүгө учурагандыктан, Бангладеште ачкачылык коркунучу жаралган. Дал ушул себептен улам өлкөнүн лидери шейх Муджибур Рахман Москвадан көмөк сураган. СССРдин ушул багытта бай тажрыйбасы бар болчу. Расмий Москва Бангладешке Читтагонг портун 1974-жылдын 1-июлуна чейин бир тыйын албастан мина менен чөккөн кемелерден толугу менен тазалап берүүнү убадалап, бул миссияга баш-аягы 24 советтик кеме катышкан. Анын курамында 1,5 миң аскер-деңиз офицерлер, мичман, старшина, суучул жана жарандык адистер бар болчу. Советтер Союзу убадасына туруп, белгилеген убакытта Читтагонг портунда коопсуздук маселесин чечкен. Белгилей кетчү жагдай, СССР дүйнө жүзүндө жаңыдан түптөлүп жаткан бардык өлкөлөргө моралдык жана материалдык жардамын аяган эмес.
Расмий Дакка дагы бир деңиз порту Чалнадагы ушундай эле көйгөйдү чечүү өтүнүчү менен Бириккен Улуттар Уюмуна да кайрылган. БУУ эл аралык консорциум түзгөн. Бул портто согуштун кесепетинен төрт кеме чөккөн. Аларды суунун үстүнө көтөрүү милдетин АКШ, Италия жана Югославиянын адистери алган. Буларга БУУ 10 миллион АКШ долларын төлөп берген.
Тема боюнча:
Сыймыктуу, бирок эрдиги бааланбаган офицерлер. Полковник Ратбек Ниязалиевдин маеги
Генералдын арманы. Парз, Горбачевго кат, бааланбай калган баатырдык
Колго тирүү түшпөйүн деп маки менен тап бердим... Афганчылардын унутулгус эрдиги
Жаңылыктар түрмөгү
0